Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Чыңгыз Айтматовдун айкелинин жана анын чыгармаларынын негизинде түзүлө турган скульптуралык композициянын эскиздик долбооруна жарыяланган ачык сынактын мөөнөтү 29-ноябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Сынакка Кыргызстандын кесипкөй скульпторлору, архитекторлору жана чыгармачыл жамааттары катыша алат. Жеңүүчү долбоор Беларустун Минск шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакка орнотуу үчүн сунушталат.
Катышуучулар арыз, эскиздик долбоор, түшүндүрмө кат жана автор тууралуу маалымат тапшырышы керек.
Документтер 29-ноябрга чейин Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 112 дарегинде, Улуттук тарых музейинин имаратында кабыл алынат.
Сынактын байге фонду:
● I орун — 200 миң сом;
● II орун — 150 миң сом;
● III орун — 100 миң сом.
Долбоорлор идеялык-мазмундук деңгээли, көркөмдүк сапаты, оригиналдуулугу, Минск шаарындагы сейил бактын мейкиндигине шайкештиги жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү боюнча бааланат.
Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата 2018-жылы Кыргызстандын Беларустаыдагы элчилигинин демилгеси менен Минск шаарындагы сейил бакка жазуучунун ысымы берилген. Парктын жалпы аянты 19,6 гектарды түзөт.
2018-жылдын 26-ноябрында сейил бакта беларусь скульптору Алесь Шатило жасаган Чыңгыз Айтматовго арналган эстелик белги ачылган.