Көркөм сериалдардын сценарийлерине сынак жарыяланды

Маданият
Көркөм сериалдардын сценарийлерине сынак жарыяланды
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 12.11.26 /Кабар/. ”Кыргызсериал“ чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси 2027-жылдын тематикалык планына киргизүү максатында көркөм сериалдардын мыкты сценарийлерине сынак жарыялайт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Сынакка сунушталуучу сценарийлер төмөнкү багыттарды камтышы керек:

• Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү;

• Улуттук иденттүүлүк жана салт-санаа;

• ”Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужолу“ мамлекеттик программасынын алкагындагы сериалдардын уландысы;

• Тарбия-таалим жана адеп-ахлак;

• Билим берүү жана агартуу;

• Жаратылышты коргоо жана туризмди өнүктүрүү;

• Көрүнүктүү инсандардын өмүрү жана чыгармачылыгы.

Сынакка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган жана аудиовизуалдык чыгармаларды өндүрүүгө укуктуу юридикалык жактар – жеке киностудиялар жана продюсердик компаниялар катыша алышат. Ар бир катышуучу бир гана өтүнмө бере алат.

Катышуу үчүн долбоорду сунуштоо каты, сериалдын концепциясы, пилоттук сериянын толук сценарийи, 2–3 сүйлөмдөн турган логлайн жана синопсис тапшырылышы зарыл. Ошондой эле сценарийге болгон автордук укуктарды жана долбоорду сунуштоого ыйгарым укукту тастыктаган документтер берилүүгө тийиш.

Сценарийге коюлган техникалык талаптар:

• Шрифт — Times New Roman, 14 өлчөм;

• Интервал — 1;

• Тил — мамлекеттик тил;

• Буга чейин жарыяланбаган автордук чыгармалар кабыл алынат.

Сунушталган долбоорлор тиешелүү Көркөм кеңеш тарабынан каралат. Документтер 2026-жылдын 25-декабры, саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

Байланыш үчүн:

• Электрондук почта: kyrgyzserialredakcia@gmail.com

• Телефондор: 0312 54 57 61, 0554 57 58 00.