Надырбеков: Жаштар долбоорлорун каржылоо 60 млн сомго чейин өстү

Маданият
Надырбеков: Жаштар долбоорлорун каржылоо 60 млн сомго чейин өстү
copyright icon WWW

Бишкек, 11.11.26 /Кабар/. Кыргызстанда жаштар долбоорлорун каржылоо акыркы жылдары бир топ эсеге өстү. Эгер мурда жылдык бюджет болгону 4 млн сомду түзсө, 2025-жылы ал 50 миллиондон ашып, ал эми 2026-жылы 60 миллион сомдон ашык чекке жетти. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мындай өсүш экономикадагы жетишкендиктердин аркасында мүмкүн болду. Чиновник өлкөнүн жалпы өнүгүүсүнүн фонунда Кыргызстан Борбордук Азияда гана эмес, КМШ өлкөлөрүнүн арасында да жогорку темптерди көрсөтүп жатканын белгиледи.

Министрдин орун басары 2022-жылы бюджеттин 4 миллиондон 8 миллион сомго чейин көбөйүшү чоң жетишкендиктей көрүнгөнүн, ал эми бүгүнкү күндө мамлекет жаштарга таптакыр башка өлчөмдөгү каражаттарды бөлүп жатканын эске салды. Ошонун аркасында министрлик мамлекеттик социалдык буйрутмаларды ишке киргизип, долбоорлорду каржылоодо жана өсүп келе жаткан муундун кайраттуу идеяларын турмушка ашырууга көмөктөшүүдө.