Маданият министрлиги жаштар долбоорлоруна млн сомго чейин бөлүүгө даяр

Маданият
Маданият министрлиги жаштар долбоорлоруна млн сомго чейин бөлүүгө даяр

Бишкек, 11.11.26 /Кабар/. Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жаштардын демилгелерин 1 миллион сомго чейинки гранттар менен колдоого даяр. Бул тууралуу министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, каражат мамлекеттик социалдык заказдын алкагында атайын комиссия аркылуу бөлүнөт. Билим берүүдөн жана бизнестен тарта ыктыярчылыкка жана инсандык өсүүгө чейинки эң түрдүү тармактардагы долбоорлор колдоо ала алат.

"Жаштар саясаты коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүн камтыйт, ошондуктан ведомство маданий багыт менен гана чектелбестен, активдүү жарандардын каалагандай актуалдуу демилгелерин кароого даяр", - деп белгиледи Надырбеков.