“Ата-Бейит” комплексинин 35 жылдыгы белгиленди

Коом

Алдыга
Артка

Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. 9-ноябрда “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин 35 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Мааракеге мамлекеттик органдар, тарыхчылар, окумуштуулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, саясий репрессиялардын курмандыктарынын урпактары катышты.

Иш-чаранын алкагында комплекстин түзүлүү тарыхына арналган көргөзмө уюштурулуп, даректүү тасма жана үч сериядан турган анимациялык фильм көрсөтүлдү.

Ошондой эле “Ата-Бейиттин” 35 жылдык тарыхы, комплекстин алдындагы Илимий борбордун ишмердүүлүгү жана тарыхый экспозициялар тууралуу баяндамалар жасалды. Анда Үркүн, саясий репрессиялар, Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы, Апрель окуялары жана Баткендин тарыхы камтылды.

Мындан тышкары, Үркүн окуяларына жана тарыхый эс тутум жайларына арналган “Ажар” анимациялык фильми көрсөтүлдү. Анда куугунтукка кабылган аялдардын тагдыры чагылдырылган.

Иш-чаранын соңунда комплекстин өнүгүшүнө жана ишмердүүлүгүнө салым кошкон кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.