Бүгүн Кыргызстанда Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө. Улуттук маданиятты сактоого жана өнүктүрүүгө, коомдун руханий дүйнөсүн байытууга салым кошкон тармак өкүлдөрүнүн эмгеги белгиленип, акыркы жылдары маданият тармагын колдоо, кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл 1-апрелден тарта президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен маданият кызматкерлеринин айлык акысы 100 пайызга жогорулатылды. Буга чейин 18-20 миң сомдун тегерегинде айлык алган кызматкерлердин эмгек акысы учурда 40-50 миң сомго чейин жетти.

Мындан тышкары, маданият министри Мирбек Мамбеталиев белгилегендей, маданий мекемелерге атайын эсептерине түшкөн каражаттын 70 пайызына чейинки бөлүгүн кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө багыттоого уруксат берилди. Бул театрлардын, музейлердин, китепканалардын жана башка маданий мекемелердин өз кирешесин көбөйтүүгө кызыкчылыгын арттыруу максатында киргизилген. Мисалы, спектаклдерди, концерттерди жана башка иш-чараларды көбөйтүү аркылуу мекемелер кошумча киреше таба алышат.
Ошондой эле маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында райондук маданият бөлүмдөрүнө, жергиликтүү музейлерге, китепканаларга жана маданий мекемелерге 117 автоунаа берилди. Мамлекеттик иш-чараларды уюштуруу үчүн аймактарга каттоого 72 автобус сатып алынды. Анын 57си кичи автобус, 15и чоң автобус.

Министрдин айтымында, маданият тармагын каржылоо да көбөйгөн. Эгерде 2020-жылы бул тармакка 2 млрд 233 млн сом бөлүнсө, 2026-жылы каржылоонун көлөмү 10 млрд сомго жеткен.
Мындан ары тармактагы инфраструктураны өнүктүрүү да пландалууда. 2030-жылга чейин өлкө боюнча 30 маданият үйүн жана 30 музыкалык мектеп куруу каралган. Бул багыттагы иштердин алгачкы үлгүсү катары Нарын облусунда музей, китепкана, жаштар борбору, коворкинг жана кинотеатр бир имаратка жайгашкан маданий борбор пайдаланууга берилди. Ушундай борборлорду бардык облустарда жана райондордо түзүү пландалууда.
Маданият кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо маселеси да мамлекеттин көңүл борборунда. Учурда 1,5 миңден ашык өнөр адамы турак жай кезегинде турат. Алардын арасында аймактардагы маданият өкүлдөрү да бар.

Бүгүнкү майрамга карата Бишкек шаарында маданият тармагында эмгектенип, анын өнүгүшүнө салым кошкон 200гө жакын кызматкерге ыраазычылык каттары, Ардак грамоталар жана “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгилери тапшырылды. Мындан тышкары, министрликтин аймактардагы өкүлдөрү Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош жана башка облустарда эмгектенип жаткан кызматкерлерди сыйлоо иш-чараларын өткөрүүдө.
Маданият тармагын колдоо акыркы жылдары дээрлик бардык багыттарды камтып, анын ичинде музыкалык билим берүүгө да көңүл бурулуп келет. Бул тууралуу К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын улук окутуучусу Ирина Нуждина маданият кызматкерлерине сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирди.

Анын айтымында, ал аталган окуу жайда 30 жылдан бери эмгектенип келет. Эмгек жолун концертмейстер катары баштап, акыркы беш жылдан бери камералык ансамбль кафедрасында улук окутуучу болуп иштеп жатат.
Окутуучу акыркы жылдары маданият тармагына көңүл буруу күчөп, бул багыттагы маселелерди чечүүгө аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.
“Жаңы министр менен бир нече жолу жолугуп, иштеги көйгөйлөрдү талкууладык. Ал биздин сунуш-талаптарга көңүл буруп, маселелерге кылдат мамиле кылат. Быйыл Консерваторияга биринчи курска тапшыруучулардын саны да көп болду. Бул маданият өлкөдө экинчи планга жылдырылбаганын көрсөткөн жакшы көрсөткүч деп ойлойм”, — деди Ирина Нуждина.
Ал Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата эмгеги бааланып, Ардак грамота менен сыйланганына кубанычта экенин айтып, тармак өкүлдөрүнө көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.
Музыкалык билим берүү тармагындагы колдоо аймактардагы искусство мектептерине да жетүүдө. Мисалы, Чүй облусунун Панфилов районундагы балдар искусство мектебине өткөн жылы музыкалык аспаптарды сатып алуу үчүн 600 миң сом бөлүнүп, жакында эстрадалык ансамбль үчүн да керектүү жабдуулар берилген. Бул тууралуу мектептин жетекчиси Владимир Гуцалов маданият кызматкерлерине сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирди.

Анын айтымында, мектеп жаш муунга музыкалык билим берип, таланттуу окуучуларды тарбиялап келет. Ошол эле учурда имаратты кеңейтүү жана материалдык-техникалык базаны жаңылоо зарылдыгы бар. Анткени колдонулуп жаткан музыкалык аспаптардын айрымдары эскирген.
“Шарттарга карабастан, биз ишибизди улантып жатабыз. Окуучуларыбыздын арасында Алматы, Москва, Краснодар жана Санкт-Петербург шаарларында билим алып жаткандар бар. Бул биздин эмгегибиздин жыйынтыгы деп эсептейм”, — деди Владимир Гуцалов.
Ошондой эле ал акыркы жылдары мугалимдердин эмгек акысы жогорулаганын белгилеп, бул үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан ары да маданий билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык шарттарын жакшыртууга көңүл буруларын каалай турганын кошумчалады.
Ошол эле учурда маданият тармагында чечүүнү талап кылган маселелер дагы бар. Министр Мирбек Мамбеталиев аймактардагы айрым маданий мекемелердин имараттары эскирип, оңдоого муктаж экенин белгилеп, аларды этап-этабы менен жаңылоо пландалып жатканын айтты.

“Албетте, жер-жерлерде чечүүнү талап кылган маселелер бар. Аймактарда эскилиги жеткен, оңдоого муктаж маданий мекемелердин имараттары бар. Аларды этап-этабы менен оңдоп, шарттарын жакшыртабыз”, — деди министр.
Мындан тышкары, өлкө боюнча 75 музыкалык мектептин ар бирине музыкалык аспаптардын жетишсиздигин толуктоо максатында 1 млн сомго чейин каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, Талас районундагы музыкалык мектептерге да ушундай көлөмдө каражат бөлүнгөн.
“Музыкалык аспаптарды толуктап алсак, музыкага, өнөргө шыктуу балдарыбыздын талантын ачуу кыйла жеңилдейт деп ойлойм”, — деди Садыр Жапаров.