Театр фестивалы: “Кумар азап” спектакли тартууланды

Маданият
Театр фестивалы: “Кумар азап” спектакли тартууланды

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Ысык-Көл облустук музыкалык-драма театрынын чыгармачыл жамааты “Кумар азап” спектаклин көрүүчүлөргө тартуулады.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, спектакль Кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгына арналган XIV республикалык театр фестивалынын алкагында 28-октябрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында көрсөтүлдү.

Чыгармада адамдын ички дүйнөсү, кумарга берилүүнүн кесепеттери жана анын адам тагдырына тийгизген таасири чагылдырылат. Спектакль көрүүчүлөрдү адамдык баалуулуктар жана жашоодогу тандоолор тууралуу ой жүгүртүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, XIV республикалык театр фестивалы 26-30-октябрь күндөрү Бишкек шаарында өтүүдө. Анын алкагында өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы театрлар өздөрүнүн чыгармачылык эмгектерин тартуулап жатышат.