Улуттук китепканада тарыхый инсандар эскерилди

Коом
Улуттук китепканада тарыхый инсандар эскерилди
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Күн мурун А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында “Бабалар жолу” аталышындагы эскерүү иш-чарасы өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата өткөрүлдү.

Ага бир катар көрүнүктүү инсандар, тарыхчылар, окумуштуулар жана коомдук ишмерлер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө тарыхый инсандар тууралуу баяндамалар айтылды. Ошондой эле XVII–XVIII кылымдарда тышкы баскынчыларга каршы күрөшкөн Эр Солтоной, Кубат бий, Кара Бото, Бердике берен, Атаке баатыр, Хан Садыр, Жайыл баатыр, Бирназар бий, Маматкул бий, Нышаа баатыр, Момокон баатыр жана башка башкалар эскерилди.

Жыйынтыгында тарыхый инсандарга арналган мемориалдык комплекстерди куруу боюнча сунуш киргизилип, резолюция кабыл алынды.