Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымованын 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, адабият жана маданият өкүлдөрү, акын-жазуучулар жана чыгармачыл интеллигенция катышты.
Салтанатта сөз сүйлөгөн министрдин орун басары Айбек Дайырбеков Майрамкан Абылкасымованын кыргыз адабиятына кошкон салымын белгиледи.
Анын айтымында, акындын чыгармалары улуттук поэзиянын өнүгүшүндө өзгөчө орунду ээлейт. Ал эми чыгармачылык мурасы кийинки муундар үчүн руханий баалуулук катары сакталып калат.
Иш-чаранын жүрүшүндө акындын өмүр жолу, чыгармачылык жолу жана кыргыз адабиятына кошкон салымы эскерилип, анын поэзиядагы орду белгиленди.