Кыргызстан менен Словения биргелешкен тасма тартышы мүмкүн

Маданият

Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Словения кино күндөрүн өткөрүү жана биргелешкен тасмаларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, бул маселелер күн мурун министрдин орун басары Айбек Дайырбековдун Словениянын Кыргызстандагы элчиси Аленка Сухадолник менен жолугушуусунда каралды.

Тараптар Кыргызстанда Словения кино күндөрүн, ал эми Словенияда Кыргыз кино күндөрүн уюштуруу, эл аралык кинофестивалдарга катышуу, улуттук тасмаларды прокатка чыгаруу жана анимациялык кинону өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты.

Ошондой эле кинематография тармагындагы адистердин тажрыйба алмашуусун уюштуруу жана биргелешкен кинодолбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.