Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Акыркы беш жылда маданият тармагына бөлүнгөн каражаттын көбөйүшү театрларды оңдоп-түзөөгө, заманбап жабдуулар менен камсыз кылууга жана спектаклдерди даярдоого шарт түздү. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, маданият тармагын каржылоонун көбөйүшү театрлардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана чыгармачыл жамааттар үчүн зарыл шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берди.
“Акыркы беш жылда маданият тармагында чоң өзгөрүүлөр болду. Биринчиден, бөлүнгөн каражат көбөйдү. Анын натыйжасында театрларда өнүгүү башталды. Анткени, ар бир спектаклди коюу каржылоого байланыштуу. Театрлар бир жыл мурда керектөөлөрү боюнча өтүнмөлөрүн берип, министрлик ошол маселелерди чечүүгө жардам берип жатат”, — деди ал.
Министрдин орун басары белгилегендей, театрлардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого да өзгөчө көңүл бурулууда. Көптөгөн театрлар оңдоп-түзөөдөн өтүп, заманбап жабдуулар менен камсыздалууда. Алардын катарында Жаштар театры, “Учур” театры, Кыргыз драма театры, Ош жана Бабур атындагы театрлар жана башка театрлар бар. Андан тышкары, айылдык маданият үйлөрүн жабдуу, музейлерди оңдоо жана башка маданий мекемелердин шарттарын жакшыртуу иштери да жүргүзүлүүдө.
Министрдин орун басары театр тармагындагы кадр маселесине да токтолуп, Россиядагы театралдык окуу жайларды бүтүргөн жаш адистерди жумуш менен камсыз кылуу багытында иштер жүрүп жатканын айтты. Маалымдалгандай, учурда Россиянын Театралдык искусство институтун бүтүргөн 22 адис Ош театрында эмгектенүүдө.
Ал маданият тармагындагы колдоо театрдын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, заманбап талаптарга жооп берген спектаклдерди жаратууга жана кыргыз театр өнөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзоөрүн кошумчалады.