Батма Качкынова: Кыргыз эстрадасына 50 жылдык эмгегимди арнадым

Маданият
Батма Качкынова: Кыргыз эстрадасына 50 жылдык эмгегимди арнадым

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Кыргыз эстрадасынын алгачкы ырчыларынын бири Батма Качкынова сахнада 50 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет. Бул тууралуу ал маданият кызматкерлерине сыйлыктарды тапшыруу аземинде “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ырчы чыгармачылык жолун 1977-жылы баштап, эстрадалык ансамблдерде эмгектенген.

“Ал кезде эстрада жаңыдан түптөлүп жаткан. “Мээрим” ансамбли жакшы иштеп жаткан учурда бизди Нарынга алып кетишти. Ал жактан “Долон” эстрадалык ансамблин түзүп, 6 ай, 1 жылдап гастролдордо жүрдүк. Ошол мезгилде Сейитказы Андабеков, Капар Медетбеков, Күмөндөр Абылов, Сагипа Чечейбаева сыяктуу көптөгөн белгилүү өнөр адамдары менен чогуу иштештим”, — деди ал.

Ырчы белгилегендей, учурда пенсияда болгонуна карабастан, чыгармачылыгын улантып, ырдап жүрөт.

“50 жылдан бери тынбай эмгектенип келем. Бүгүн эмгегим эске алынып, Ардак грамота менен сыйланганыма абдан кубанычтамын. Маданият тармагында эмгектенген адамдарды эстеп, чакырып, сыйлап турушса, бул биз үчүн чоң кубаныч”, — деди Батма Качкынова.

Ал буга чейин да бир катар сыйлыктарга, анын ичинде медаль жана ордендерге ээ болгонун кошумчалады.