Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. 18-ноябрда Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында Николай Коляданын чыгармасынын негизинде коюлган “Нежность Натахи” спектакли тартууланат. Бул тууралуу театрдан билдиришти.
Анда белгиленгендей, чыгарма атайын кайрымдуулук максатында көрсөтүлүп, пенсионерлер үчүн ага кирүү акысыз болот.
Спектаклдин режиссёру — Нурлан Абдыкадыров.
Башталышы - саат 14:00дө.