Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Акыркы төрт-беш жылда маданият тармагын каржылоо төрт эсеге көбөйүп, быйыл 10 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев маданият кызматкерлерине сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылы аталган тармакка 2 млрд 300 млн сом бөлүнсө, быйылкы бекитилген бюджет 10 млрд сомдон ашты.
“Маданият — улуттун руханий өсүшү, мамлекеттин жүзү. Ал элдин тарыхын, нарк-насилин жана баалуулуктарын муундан-муунга жеткирип келе жаткан күч. Бүгүн мамлекетибизде маданият тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен тармакты каржылоо көбөйүп, материалдык-техникалык база чыңдалып жатат.
Быйыл маданият кызматкерлеринин айлык маянасы 100 пайызга көтөрүлдү. Мындан тышкары, 117 автоунаа сатып алынып, райондук жана облустук деңгээлдеги маданий мекемелердин жетекчилерине берилди.
Ошондой эле ал жакында музыкалык билим берүү мекемелерине 21 комплект музыкалык аспап берилди. Кийинки жылы республикадагы 100дөн ашык музыкалык мектептин баарына музыкалык аспаптарды алып берүү пландалууда.
Албетте, жер-жерлерде чечүүнү талап кылган маселелер бар. Аймактарда эскилиги жеткен, оңдоого муктаж маданий мекемелердин имараттары бар. Аларды этап-этабы менен оңдоп, шарттарын жакшыртабыз”,-деди министр.