Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Акыркы жылдары маданият тармагына, анын ичинде музыкалык билим берүүгө көңүл буруу жакшырды. Бул тууралуу К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын улук окутуучусу Ирина Нуждина маданият кызматкерлерине сыйлыктарды тапшыруу аземинде “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, ал аталган окуу жайда 30 жылдан бери эмгектенип келет. Эмгек жолун концертмейстер катары баштап, акыркы беш жылдан бери камералык ансамбль кафедрасында улук окутуучу болуп иштеп жатат.
“Мурда вокалисттер менен бирге пианинодо ойносом, азыр жаш пианисттерге концертмейстер болууну, камералык ансамблде ойноону үйрөтөм. Окуучуларымдын сынактарда жеңишке жетип, өлкө атынан чыгып жатканын көрүү мен үчүн чоң сыймык. Колумдан келишинче Кыргызстандагы маданияттын өнүгүшүнө салым кошуп келем”, — деди ал.
Ошондой эле Ирина Нуждина акыркы жылдары маданият тармагына көңүл буруу күчөгөнүн белгиледи.
“Жаңы министр менен бир нече жолу жолугуп, иштеги көйгөйлөрдү талкууладык. Ал биздин сунуш-талаптарга көңүл буруп, маселелерге кылдат мамиле кылат. Быйыл консерваторияга биринчи курска тапшыруучулардын саны да көп болду. Бул маданият өлкөдө экинчи планга жылдырылбаганын көрсөткөн жакшы көрсөткүч деп ойлойм”, — деди окутуучу.
Нуждина бүгүнкү маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамында эмгеги бааланып, Ардак грамота менен сыйланганына кубанычта экенин айтып, өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдирди.