Айбек Дайырбеков маданият министринин орун басары болду – биографиясы

Кадрлар жана дайындоолор 7 сентябрь 2026 20:24
Булак: Маданият министрлиги
Айбек Дайырбеков маданият министринин орун басары болду – биографиясы
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Дайырбеков Айбек Усөнбекович маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Айбек Дайырбеков — кинорежиссёр, сценарист жана продюсер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, эл аралык кинофестивалдардын лауреаты.

1979-жылдын 16-майында Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) туулган. 1997–2002-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинде тележурналистика адистиги боюнча билим алган. Кийин кино тармагындагы кесиптик билимин режиссёрдук жана сценаристтик курстарда уланткан. 2007-жылы Москвадагы ”Белые Столбы” кино борборунда КМШ өлкөлөрүнүн кинематографисттер союздарынын конфедерациясы уюштурган кино мектебинин сценаристтер мастерскаясында окуган. 2007-2008-жылдары ”Манас” эл аралык университети жана Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фонду уюштурган режиссёрдук курстарды аяктаган.

Ал “Карек” балдар кино фондунун жана республикалык балдар-жаштар кинофестивалынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ошондой эле кыргыз улуттук ”Ак илбирс” киносыйлыгын уюштурууга негиз салган адамдардын катарына кирет. Кыргызстандын кинематографисттер союзунда жетекчилик кызматта иштеп, балдар жана өспүрүмдөр киносун өнүктүрүүгө, жаш чыгармачыл таланттарды колдоого өзгөчө көңүл буруп келген.

Режиссёр катары көркөм, кыска метраждуу жана анимациялык тасмаларды, ошондой эле телесериалдарды тарткан. Анын белгилүү режиссёрдук эмгектеринин катарында ”Дарак ыры”, ”Эрмен жыты”, ”Кайык”, ”Ай бала”, ”Жамгыр алдындагы үчөө”, ”Таң алдында”, ”Амантай менен Айтуяк“ жана башка тасмалар бар. Ошондой эле Казакстанда бир катар телесериалдардын режиссёру болуп иштеген.

Сценарист катары ”Эрмен жыты”, ”Дарак ыры”, ”Кайык”, ”Шам”, ”Ай бала”, ”Дарак”, ”Жээк” жана башка кино долбоорлорго катышкан. Мындан тышкары, бир катар анимациялык жана телевизиялык долбоорлордо сценарист жана скрипт-доктор катары эмгектенген.

Продюсер катары ”Козулар”, ”Козулар 2”, ”Алматынын үндөрү”, ”Жар-жар”, ”Улакчы”, ”Жашыл талаа”, ”Күн балдары”, ”Ля-ля вум”, ”Шам”, ”50 сом” жана башка долбоорлорду ишке ашырууга катышкан.

2018-жылы тартылган ”Дарак ыры” толук метраждуу тасмасы режиссёрдун чыгармачылык жолундагы маанилүү эмгектеринин бири. Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен долбоору катары тартылган тасма эл аралык кинофестивалдарда көрсөтүлүп, Дакка эл аралык кинофестивалынын жана Россиядагы «Кино детям» фестивалынын Гран-прилерине татыган.

Айбек Дайырбеков 58-Берлин эл аралык кинофестивалынын жаш таланттар үчүн уюштурулган Berlinale Talent Campus программасына катышкан. Анын тасмалары Германия, Россия, Бразилия, Бангладеш, Испания, Армения жана башка өлкөлөрдө өткөн эл аралык кинофестивалдарда көрсөтүлүп, бир катар башкы сыйлыктарга ээ болгон.