Кыргыз улуттук драма театры “Төлгө” спектакли менен театралдык сезонун жабат

Маданият Загрузка... 11 Июнь 2026 09:35
1_vdy1asP.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. 17-июнда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 99-театралдык сезонун жабат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, театр сезонун драматург Жалил Садыковдун “Төлгө” спектакли менен жыйынтыктайт.

Спектакль көрүүчүлөргө адам тагдыры, руханий баалуулуктар жана жашоонун маңызы тууралуу терең ой калтырган чыгарма катары сунушталат.

Театрдын көркөм жетекчиси – КР эмгек сиңирген артисти Албина Имашова, директору – КР эл артисти Асылбек Өзүбеков.