"Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы Омандан эвакуациялык рейсти ийгиликтүү аткарды

Бизнес 06 Март 2026 11:28
IMG_4451.JPG (1).jpeg
IMG_4453.JPG (1).jpeg
IMG_4454.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_4451.JPG (1).jpeg
IMG_4453.JPG (1).jpeg
IMG_4454.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын пресс-кызматы

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы тарабынан аткарылган Оман Султанаты мамлекетинен эвакуациялык каттам Кыргызстанга ийгиликтүү келди.

Аба кемеси 5-марттан 6-мартка караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:45те "Манас" эл аралык аэропортуна конду.

Каттам Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана "Кыргызстандын аэропорттору" ААК менен өз ара аракеттенүүдө ишке ашырылды.

Каттамды даярдоо жана аткаруу учурунда авиакомпания Тышкы иштер министрлиги, аэропорт кызматтары жана тиешелүү ведомстволор менен туруктуу координацияда болду.