Кыргызстандын электр энергиясы Пакистан менен Афганистанга жетет. Борбордук жана Түштүк Азиянын энерготутумдарын бириктирген CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстан өз милдеттерин толук аткарып, экспорттук линияларды куруп бүттү. Долбоор Афганистандагы курулуш бүтөрү менен ишке берилери айтылууда. Эксперттер ага чейин Кыргызстан электр таңсыктыгын жоюп, электр энергиясын алуунун альтернативалуу булактарын да иштетүү зарылдыгын белгилешүүдө.
CASA-1000 — бул Борбор Азиядан Түштүк Азияга экологиялык таза электр энергиясын экспорттоого багытталган масштабдуу эл аралык энергетикалык долбоор. Ал Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистандын энерготутумдарын бириктирет. Ишке берилсе, Кыргызстан менен Тажикстандын ГЭСтеринен чыккан электр энергиясынын ашыкчасы жай айларында Пакистан менен Афганистанга экспорттолот.
CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу тобунун координатору Азим Молдокеримов Кыргызстандын энергокомпаниялары бир эле транзиттен жана линияларды эксплуатациялоодон 15 жылда 1,5 млрд долларлык кирешеге чыгарын маалымдады. Айтмакчы, коңшу Өзбекстан дагы CASA-1000 аркылуу өзүнүн электр энергиясын экспорттоого ниети бар экенин билдирген. Бул учурда энерготутумдун ээси катары 4 мамлекет электр транзити үчүн ар бир киловатт-саатына 1,5 центтен киреше алып турушат. Бул баа дагы жогорулашы мүмкүн.
Долбоордун алкагында Кыргызстандын Датка станциясында кубаттуулугу 500 кВ жаңы көмөк чордон курулуп, андан Тажикстандын Согд көмөк чордонуна чейин узундугу 485 чакырымды түзгөн электр чубалгылары тартылып бүттү. Бул негизги экспорттук линия болуп саналат. Бизден чыккан электр кубаттуулугу Тажикстан аркылуу Афганистанга жетет. Тажик тилкеси өз кезегинде электр энергиясын Казакстандын түштүк аймактарына жана Өзбекстанга бере алат.
Афганистан–Пакистан электр линияларын бириктирүү 2021-жылы саясий кырдаалга байланыштуу токтоп калып, өткөн жылы кайра башталган. Курулуш 2027-жылы бүтөрү күтүлүүдө.
Өлкөнү электр энергиясын үнөмдөө тартибинен чыгаруу жолдору
CASA-1000 долбоору 2027–2028-жылдары ишке киргизиле турганы айтылууда. Кыргызстан Түштүк Азияга 1000 мегаваттан ашык электр энергиясын жиберип турушу керек болот. Демек, ага чейин биздин өлкө ичиндеги электр таңсыктыгы жоюлуп, электр энергиясы профицитке чыгышы керек. Бул үчүн учурда Камбар-Ата-1 ГЭСи, жер-жерлерде кичи ГЭСтер курулууда. Күн жана шамалдан энергия генерация кылуучу долбоорлор бар. Маалыматтарга караганда, 2030-жылга чейин Кыргызстанда 30га жакын энергетикалык объектилерди ишке киргизүү пландаштырылууда.

Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө багытталган долбоорлордун баары ишке ашса, өлкөдө электр таңсыктыгы жоюлуп, экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлө турганын электр энергиясын үнөмдөө боюнча эксперт Жаныбек Кулумбетов билдирди.
Ал учурда мүмкүнчүлүктөрдүн 10% гана колдонулуп жатканын эскертет.
“CASA-1000 долбоору региондордун жаратылыштагы күчтүү потенциалдарын бириктирип, муктаждыктарын эске алуу менен жүргүзүлүп жаткан ири долбоорлордин бири десе болот. Бул аймактардагы энергоресурстарды бөлүштүрүүдө, өзгөчө электр энергиясын өндүрүүдө абдан маанилүү. Борбор Азияда Кыргызстан менен Тажикстан сууга бай экени маалым. Суулардын агуу потенциалы менен электр энергиясын алуу мүмкүнчүлүгүн толук колдонуу керек. Биз анын 10% эле пайдаланып келе жатабыз. Суу ресурстарын толук пайдаланып, электр энергиясын көбүрөк өндүрүү деңгээлине жетчү болсок, CASA-1000 менен Кыргызстан өзүнүн ашык энергоресурстарын сатууга мүмкүнчүлүк алат.
Туура, өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздиги болуп келет. Биз энергия өндүрүүнүн башка булактарын да иштетишибиз керек. Алар экономикалык абалыбыздан, инвестициядан көз каранды. Камбар-Ата-1 ГЭСин курабыз деп жатабыз. Ал бир топ убакытты жана каражатты талап кылат. Ошол эле учурда жаңылануучу энергия булактарын пайдалануу жагынан мамлекеттик деңгээлде көп жеңилдиктер, мүмкүнчүлүктөр берилүүдө, инвестиция келип жатат. Күндөн, шамалдан энергия алуу долбоорлору башталууда. Өзүбүздүн бизнес көп багытта иш алып барууда. Мындан тышкары, энергияны туура бөлүштүрүп, иштетүү боюнча көп аракеттер болушу керек. Биздин имараттарыбыз оңой менен жылыбагандыктан, энергиянын көпчүлүгү ошого кетип жатат. Жабдыктардын энергияны көп талап кылгандарын иштетип жатабыз. Ошолорду азайтып, энергияны аз пайдалануу менен да ашык энергия тапсак болот”, — деди энергетика боюнча эксперт Жаныбек Кулумбетов.
CASA-1000дин кыйыр пайдасы
CASA-1000 долбоорунун алкагында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 77 калктуу конуштун (36 айыл аймагын жана 5 шаарды) социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу иштери жүргөн. Жалпысынан 11 млн долларга аймактарды электр энергиясы менен камсыздоону жана социалдык инфраструктураны жакшыртуу, киреше алып келе турган объектилерди каржылоо боюнча долбоорлор ишке ашырылган.
Экологиялык маанисин айта турган болсок, көмүрдүн ордуна гидроэнергетиканы колдонуу Кыргызстандын эле эмес, Түштүк Азиянын экологиясын коргоого да өбөлгө түзөт.
Мындан сырткары, долбоордун катышуучу өлкөлөрүнүн электр түйүндөрү модернизацияланып, алыскы райондорун электр энергиясы менен камсыздоо жакшырат. Ошондой эле Борбор Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрү арасындагы кызматташтык туруктуу түрдө жүрөт.