Бишкек, 19.03.26 /Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик жана бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн Chevrolet Kyrgyzstan компаниясынын жылдык 4 пайыз менен берилүүчү "Жеңил" аттуу атайын автонасыя программасы ишке кирди.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, бул программа мамлекеттин колдоосу менен ишке ашырылып, жарандар үчүн жаңы унааларды жеткиликтүү кылууга багытталган. Бүгүнкү күндө жылдык 4 пайыз үстөк өлкөдөгү эң төмөн пайыздык чен болуп саналат.
Насыяны мамлекеттик кызматкерлер, билим берүү жана медицина кызматкерлери, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка бюджеттик мекемелердин өкүлдөрү пайдалана алышат. Насыя 3 же 5 жылга чейин берилет.
Мындан тышкары, эки формат каралган:
- алгачкы төлөм менен;
- же алгачкы төлөмсүз.
Ошондой эле өлкөнүн башка бардык жарандары үчүн жылдык 8 пайыз менен автонасыя программасы жеткиликтүү. Бул программа да жаңы унааны ыңгайлуу шартта сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.