Кыргызстан тоолуу, мал чарбасына ылайыкташкан өлкө болгондуктан, бул тармак мамлекеттин негизги багыттарынын бири болуп саналат. Ошондой эле экономикада маанилүү орунду ээлейт. Андыктан бул тармактын туруктуулугу өлкө үчүн маанилүү. Учурда өлкөдө эпизоотиялык абал туруктуу. Жыл башынан бери жугуштуу мал ылаңдары катталган жок. Алдын алуу иштери күчөтүлүп, малды идентификациялоо системасы да кеңири жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын Эпизоотияга каршы контролдоо башкармалыгынын башкы адиси Дайыркул Саткынов айтып берди.
— Учурда өлкөдөгү эпизоотиялык абал кандай?
— Республиканын аймагындагы эпизоотиялык абал туруктуу, 2026-жылдын эки айында жугуштуу мал ылаңдары катталган жок. Аны туруктуу кармоо максатында жугуштуу ылаңдардын алдын алуу жана жоюу боюнча бекитилген эпизоотияга каршы иш-чаралардын планына ылайык, райондук жана шаардык ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют боюнча кызматтарга биокаражаттар, антигельминтиктер муздаткыч чынжырчасын толук сактоо менен жеткирилип берилди

Быйылкы жылдын эпизоотияга каршы иш-чаралар планы төмөндөн жогору карай, малдын чыныгы башына карата, учурдагы абалды эске алуу менен, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен макулдашылып, анан бекитилди.
Быйыл ветеринардык дары-дармектерди жана биокаражаттарды сатып алууга бюджеттен 135 млн сом бөлүндү. Бүгүнкү күнгө карата жогоруда аталган ветеринардык кызматтардын камсыз болуусу 100 пайызды түзөт. Вакциналарды, биокаражаттарды, антигельминтиктерди муздаткычта ветеринардык талаптарга ылайык сактоо, сапаттуу жана коромжусуз пайдалануу боюнча тапшырмалар берилип, көзөмөлгө алынган.
— Жазгы эмдөө-профилактикалык иштери башталдыбы? Мал ылаңдарынын алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?
— Бүгүнкү күндө жер-жерлерде 3–6 айлык ургаачы торпокторду бруцеллез ылаңына каршы эмдөө, бруцеллез ылаңына текшерүү үчүн ири мүйүздүү малдан кан үлгүлөрүн алуу, ит-мышыктарды кутурма ылаңына каршы эмдөө жана эхинококкоз ылаңына каршы дегельминтизациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Күндүн жылышы менен бекитилген планга ылайык, бардык жерлерде мал ылаңдарына каршы массалык эмдөө иштери башталмакчы.

— Учурда өлкөдөгү малдын саны канча? Жаныбарларды идентификациялоо мал чарбасына кандай пайда алып келүүдө?
— 2026-жылдын 12-мартына карата Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө тутумунун маалыматтык базасында 2 млн 121 миңден ашуун баш ири мүйүздүү мал, 536,9 миң баш жылкы, 3,9 миң баш чочко катталган. Анын ичинен өлкө боюнча төлдү идентификациялоодо 37,9 миң баш ири мүйүздүү мал, 6,1 миң баш жылкы жана 213 баш чочко идентификациядан өткөрүлүп, тутумдун каттоосуна алынды.
Бул өз кезегинде малдын кыймылын көзөмөлдөөгө, диагностикалык изилдөө жана алдын ала эмдөө иштерине, ошондой эле малдын санын тактоого түздөн-түз жардамын берип келүүдө.