Биз Кыргызстанга келген сайын өнүккөнүн көрүп жатабыз. Биздин үмүтүбүз жана тилегибиз - кыргыз элинин арасында биримдик жана ынтымак улана берсин. Мындай жылуу пикири менен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш “Кабар” агенттигине берген маегинде бөлүштү. Түркия парламентинин төрагасы эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын потенциалы абдан жогору экенин белгилеп, билим берүү, маданият жана экономика тармактарында, айрыкча өз ара соода көлөмүн көбөйтүүдө олуттуу кызматташууларды ишке ашырууга болорун белгиледи.
Эске салсак, Нуман Куртулмуш Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын XV жыйынына катышты.

— Бишкекте ТүркПАнын кеңешмеси аяктады. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
— Биринчиден, Бишкектеги XV Түрк дүйнөсүнүн парламенттик ассамблеясы абдан жогорку деңгээлде өттү. Негизги тема жасалма интеллекттин алкагында болду. Чындыгында, катышкан парламент спикерлери жана парламентарийлер түрк дүйнөсүнүн көйгөйлөрүн, дүйнө маселелерин, биз туш болгон аймактык жана глобалдык жагдайларды талкуулап, абдан жемиштүү жана терең талкуу жүргүздүк. Түрк дүйнөсүнүн Парламенттик ассамблеясынын бардык тармактардагы ишмердүүлүгүн андан ары күчөтүү, биргелешкен мыйзам чыгаруу иш-чараларын жүргүзүү жана өлкөлөрүбүз менен өкмөттөрүбүздүн ортосундагы жакшы мамилени андан ары чыңдоо аркылуу жолубузду улантуу демилгеси айтылды. Бул абдан жемиштүү жана пайдалуу жолугушуу болду. Иш-чарага келген бардык катышуучу өлкөлөргө, досторубузга жана бир туугандарыбызга ыраазычылык билдиргим келет.
— Бишкекте Кыргызстандын жетекчилиги жана Жогорку Кеңештин төрагасы менен болгон жолугушууларыңыздын негизги натыйжалары кандай?
— Албетте, бул жолугушуулардын эң маанилүү натыйжасы - достугубузду жана бир туугандыгыбызды бекемдөө. Ар кандай маселелер боюнча көз караштарыбыз менен бөлүшүү. Ал эми чечимдерди иштеп чыгуу жагынан алганда, бул жалпы көз карашка ээ болуу гана эмес, ошондой эле жалпы маселелерди чечүү жолдорун иштеп чыгуу, идеяларыбызды жакындатуу. Бул жолугушууда Жогорку Кеңештин төрагасы, урматтуу Марлен Маматалиев менен жана башка өлкөлөрдөн келген спикерлер менен болгон жолугушууларыбызда өлкөлөрүбүздүн ортосундагы позитивдүү күн тартибин өнүктүрүү үчүн кадамдарды жасадык.

— Кыргызстан менен Түркия өнөктөштүгүнүн потенциалы кайсы тармактарда эң жогору? Ошондой эле Кыргызстандагы акыркы жылдардагы өзгөрүүлөргө кандай баа бересиз?
— Экинчи сурооңуздан баштайлы. Чынында эле биз Кыргызстанга келген сайын анын өнүккөнүн көрүп жатабыз. Биз бул өлкөнүн гүлдөп-өнүгүп жатканына күбө болуудабыз. Быйыл Кыргызстан көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын белгилеп жатат. Мамлекет катары көз карандысыздыкка ээ болгондон бери анчалык деле көп убакыт өткөн жок. 35 жыл - бул мамлекеттин өмүрү үчүн салыштырмалуу кыска убакыт. Бул убакыт аралыгында биз чындап эле Кыргызстандын өнүгүп, күчтөнгөнүн көрдүк. Биздин үмүтүбүз жана тилегибиз - кыргыз элинин арасында биримдик жана ынтымак улана берсин. Биз туруктуулуктун орношун жана бардык ресурстардын мобилизациялануусун каалайбыз, ошондо бул өлкөнүн эли мындан дагы гүлдөп-өнүгөт. Биз Түркия менен Кыргызстандын ортосунда, айрыкча энергетика тармагында чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатабыз. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыктын потенциалы абдан жогору. Маданият, билим берүү жана экономика тармактарында, айрыкча өз ара соода көлөмүн көбөйтүүдө олуттуу кызматташууларды ишке ашырууга болот.
Андан тышкары, бул жердеги Кыргыз -Түрк “Манас” университети эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы бекем көпүрө болуп саналат. Сиз дагы бул окуу жайдын бүтүрүүчүсү экенсиз. Бул абдан күчтүү университет, ал Кыргызстандын гана эмес, ошондой эле Борбор Азиянын бүтүндөй түрк аймагынын өнүгүшүнө чоң салым кошту. Сиздерге белгилүү болгондой, Түркия бул окуу жайга өзгөчө колдоо көрсөтөт жана биз анын андан ары өнүгүшү үчүн колубуздан келген жардамды беребиз.
— Анкара аймактык каатчылыктарды чечүүнүн кандай жолдорун сунуштайт жана Түркия алдыдагы Түрк мамлекеттеринин уюмунун лидерлеринин саммитине кандай маанилүү демилгелерди даярдап жатат?
— Түркиянын тышкы саясатынын эң маанилүү аспектилеринин бири - дипломатиялык жактан ар дайым ачык болуу. Эң оор чыр-чатактарда жана чыңалууларда да, өлкөлөр ар кандай көз карашка карабастан биригип сүйлөшүүлөр аркылуу чечим таба алышы керек. Мен мисал катары айта кетейин, Түркия муну ишке ашыруу үчүн Россия менен Украинанын ортосундагы ортомчулук ролун аткарды. Ал эми 2022-жылдын март айында Стамбул эки тарапты бириктирип, келишимге кол коюуга жакындап калган эле.
Биз бардык маселелерди күч колдонуу жолу менен эмес, сүйлөшүү, макулдашуу жана тынчтык жолу менен чечүүнү жактайбыз жана ошондой эле бул жагынан бардык өлкөлөрдү кубаттайбыз. Мисалы, АКШ менен Ирандын ортосундагы Ормуз кысыгында уланып жаткан жагдайга байланыштуу биз ар дайым бардык тараптарды макулдашууга үндөйбүз. Түркия катары Пакистан менен Катардын ортомчулук аракеттерин колдойбуз.
Биз бүгүн бул жерде Түрк мамлекеттеринин Парламенттик саммитин өткөрдүк. Кийинки жумада Түрк мамлекеттер уюмунун лидерлери Анкарада жолугушат, аны биздин президент Режеп Тайып Эрдоган өткөрөт. Алар түрк дүйнөсү туш болгон көйгөйлөрдү, ошондой эле глобалдык жана аймактык маселелерди, аларды чечүү үчүн биргелешип иштелип чыга турган долбоорлорду, негизгиси, жалпы позицияларды талкуулашат. Менимче, бул абдан жемиштүү саммит болот.
— Учурда Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын алкагында кандай фундаменталдык реформалар жүрүп жатат?
— Албетте, Түркиянын саясий тарыхына, айрыкча акыркы 25 жылга көз чаптырганда, эң негизги маселени "реформа" деген сөз менен кыскача баяндаса болот. Реформалар, айрыкча экономика, саясат жана укуктук тармактарда жүргүзүлдү. Ушул контекстте күн тартибине өзгөчө жаңы реформа пакеттери киргизилди. Менимче, Түркиянын азыркы учурдагы эң маанилүү маселеси терроризмди жок кылып, таза Түркияны түзүү үчүн көрүлгөн кадамдар. Бизде террорсуз Түркияны түзүү процесси жүрүп келет, аны эки жыл мурун баштаганбыз, өткөн жылы Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынында түзүлгөн комиссия аркылуу биргелешкен отчет даярдаганбыз жана ушул жылдын 10-августунда 467 парламент мүчөсүнүн добушу менен мыйзам кабыл алганбыз. Тилекке каршы, биздин республикабыздын биринчи кылымынын 50 жылы террористтик уюмдарга каршы күрөшүүгө жумшалды. Он миңдеген адамдар каза таап, Түркия кеминде 2 триллион доллардан ашык каражатты коротууга аргасыз болду.
Эми куралдарды жок кылууга убакыт келди деп жатабыз. Террордук уюм эми өзүн-өзү таркатып, куралсыздануу процессине киришет. Саясат бул жагынан өз ролун аткарды.
Эми мыйзамдын кабыл алынуусу жана уюм зарыл кадамдарды жасоосу менен Кудай буюрса, Түркияда курал-жарак жана террор жөнүндө сөз болбой калган мезгилге кирип жатабыз. Эгер муну ийгиликтүү аяктасак, Түркия үчүн эң чоң реформа террорсуз Түркияны ишке ашыруу болот.
— Бул “Түркиянын жүз жылы” программасынын бир бөлүгү эмеспи?
— Албетте. "Түркиянын жүз жылы” программасы - бул өкмөт тарабынан ишке ашырылган абдан комплекстүү реформа пакети. Ал экономика, укук, тышкы саясат, жогорку технологиялар, жаштар, үй-бүлө жана башка көптөгөн тармактарда эмнелер жасала тургандыгын камтыйт.
Ошентип, биз кийинки 100 жыл Түркиянын жүз жылы, түрк дүйнөсүнүн жүз жылы болушун каалайбыз. Ошондуктан кийинки жумада өтө турган лидерлер саммитинин аталышы да “Түрктүн жүз жылы: Тилде, иште жана ойдо биримдик” деп аталат.