Бишкек, 23.03.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы апрель айында өлкөдө күтүлгөн абанын температурасынын жана жаан-чачындын болжолдоосун чыгарды. Ага ылайык, абанын айлык орточо температурасы Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында климаттык нормадан 1…2 градус жогору болушу күтүлөт. Ал эми жаан-чачындын айлык көлөмү норманын чегинде болот.
Чүй облусу: Абанын температурасы климаттык нормадан 1…2 градус жогору болуп, 12…14 градус, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө 7…9 градус болушу күтүлөт. Ай ичинде аба ырайы түнкүсүн 1…6 градустан 11…16 градуска чейин, кээ бир күндөрү түнкүсүн жана эртең менен өрөөндөрдө -2…-4 градуска чейин үшүк жүрүшү мүмкүн (үшүк ыктымалы 40–60%). Күндүз 11…16дан 20…25 градуска чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир күндөрү 5…10 градуска чейин төмөндөшү жана 27…32 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.
Талас облусу: Аба ырайы климаттык нормадан 1…2 градус жогору болуп, 10…12 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде түнкүсүн 1…6 жана 9…14 градуска чейин, кээ бир күндөрү түнкүсүн жана эртең менен өрөөндөрдө -3…-5 градуска чейин үшүк жүрүшү мүмкүн (үшүк ыктымалы 40–70%). Күндүз 9…14төн 19…24 градуска чейин жетип, кээ бир күндөрү 3…8 градуска чейин төмөндөп, 26…31 градуска чейин жогорулашы мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (46–52 мм).
Ош облусу: Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2 градус жогору болуп, 13…15 градус, тоо этектеринде 10…12 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде аба ырайы түнкүсүн 2…7 градустан 11…16 градуска чейин, кээ бир күндөрү түнкүсүн жана эртең менен өрөөндөрдө 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү мүмкүн (үшүк ыктымалы 10–30%). Күндүз 12…17 градустан 22…27 градуска чейин өзгөрүшү, кээ бир күндөрү 6…11 градуска чейин төмөндөшү жана 28…33 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.
Жалал-Абад облусу: Абанын температурасы климаттык нормадан 1…2 градуска жогору болуп, 13…15 градус, тоо этектеринде 10…12 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде түнкүсүн 2…7 – 11…16 градус жылуулукка чейин, айдын кээ бир күндөрү түнкүсүн жана эртең менен өрөөндөрдө 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү мүмкүн (үшүк ыктымалы 10–30%). Күндүз 12…17ден 22…27 градуска чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир күндөрү 6…11 градуска чейин төмөндөшү жана 28…33 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.
Баткен облусу: Аба ырайы климаттык нормадан 1…2 градуска жогору болуп, 13…15 градус, тоо этектериндеги райондордо 10…12 градуска жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде түнкүсүн 2…7 – 11…16 градус арасы, кээ бир күндөрү түнкүсүн жана эртең менен өрөөндөрдө 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү мүмкүн (үшүк ыктымалы 10–30%). Күндүз 12…17ден 22…27 градуска чейин өзгөрүлүп турушу, кээ бир күндөрү 6…11 градуска чейин төмөндөшү жана 28…33 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.
Ысык-Көл облусу: Абанын температурасы климаттык нормадан 1…2 градус жогору болуп, 7…9 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде түнкүсүн -4 градус сууктан 6…11 градуска чейин, күндүз абанын температурасы 9…14төн 19…24 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү 3…8 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (10–22 мм, облустун чыгышында 33–64 мм).
Нарын облусу: Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2 градус жогору болуп, 7…9 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде аба ырайы түнкүсүн 0…-5тен 5…10 градуска чейин, күндүз 3…8ден 13…18 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү аба ырайы 19…24 градуска чейин жогорулашы мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (20–36 мм).