Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Карагач токоюнда Jashyl Dem Fest — KUZ 2026 — National Green Day күзгү экологиялык фестивалы өтүүдө. Анын алкагында 15 миң кара жыгач көчөтүн отургузуу пландалууда.
”Жашыл дем” долбоорунун негиздөөчүсү Исражидин Зариповдун маалыматына ылайык, долбоордун алкагында 15 миңден ашык кара жыгач көчөтү отургузулду.
”Иш-чарага 250дөн ашык адам катышып, алардын арасында жарандык активисттер, мамлекеттик кызматкерлер жана долбоорду колдогондор бар.
Алдыда көчөттөрдү Бишкек, Кара-Балта шаарларына жана жашылдандырууга муктаж башка аймактарга отургузуу пландалууда”, - деп айтылат маалыматта.
Иш-чара борбор калааны жашылдандырууга, экологиялык демилгелерди колдоого жана жаратылышка аяр мамиле кылуу маданиятын жайылтууга багытталган. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга көчөттөрдү туура отургузуу жана коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.