Кыргызстандын ИДПсы 30 млрд долларга жетеби? Экономисттин талдоосу

Маек Загрузка... 23 Март 2026 17:30
67dbbbb3c37bf-thumb.max-1920x.max-1920x1080.format-webp.webp
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 22,6 млрд долларга жетип, 2030-жылга чейин 30 миллиарддан ашыруу максаты коюлгандыгын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Мир” телеканалына берген маегинде билдирген. Маалымдалгандай, 2030 - жылга чейин Кыргызстандын өнүгүү стратегиясы – улуттук программа кабыл алынып, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга жана туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүүгө багытталган.

Башкы стратегиялык максат – 2030-жылга чейин ички дүң продукцияны 30 миллиард долларга чейин көбөйтүү, бул ИДПнын номиналдык өсүш темпин жыл сайын 8–10% деңгээлинде сактоону талап кылат. Бул багытта экономист Насирдин Шамшиев “Кабар” маалымат агенттигине комментарий берип, бир катар суроолорго жооп берди.

Өсүш эмненин эсебинен болууда? Бул өсүштү экономиканын кайсы тармактары түзөт?

— 2019-жылдын жыйынтыгы менен ИДПнын көлөмү болгону 620 миллиард сомдун тегерегинде болчу. Ал эми 2020-жылы ковид учурунда көрсөткүч төмөн түшүп кеткен. Андан кийин 2021-жылдан бери 5 жылдын ичинде ИДП дээрлик 2,5 эсеге өстү.

Эмненин эсебинен өстү? Биринчиден, өнөр жай тармагы, экинчиден, кызмат көрсөтүү, курулуш тармагы өсүп жатат.

Мисалы, курулуш тармагы 2-3 жылдан бери болжол менен 20 пайыздан кем эмес абдан чоң темп менен өсүп жатат. 2025-жылдын жыйынтыгы менен ИДПнын көлөмү 11 пайызга өстү. 2026-жылдын эки айынын жыйынтыгы менен бизде ИДП 8,8 пайызга көбөйдү. Ушунун ичинен эң көп 15,5 пайызга өнөр жай тармагы өсүүдө. Курулуш тармагы 23,2 пайызга өсүп жатат. Ал эми соода тармагы 11 пайыздан ашыгыраак өстү. Демек, бул тармактардын алдыда дагы өсүшүнө потенциалы бар. Курулуш тармагы кийинки жылдарга экономикалык өсүштүн пайдубалын түзүүдө.

Андан тышкары, инвестициялык мыйзамдар жакшырып, өлкөдө инвестициялык абал жакшырууда. Инвестициялык абалдын жакшырышы биринчиден, 10 млн АКШ долларынан ашык инвестиция салууну каалаган инвесторлор үчүн биз кызматташуунун жекече шарттарын сунуштайбыз:

Министрлер кабинети менен түз инвестициялоо келишимин түзүү мүмкүнчүлүгү, салык жана бажы жеңилдиктерин берүү, негизги кызматкерлер үчүн жер тилкелерин тандоого жардам берүү жана визалык колдоо. Башкача айтканда, ал өзүнө жеңил тарабын тандап алат.

— Мегадолбоор аталып курулуп жаткан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу, Камбар-Ата-1 ГЭСи Кыргызстанга эмне берет?

Биринчиден, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунда Кыргызстанга транзиттик өлкө катары болжол менен башында 10–15 млн доллар өлчөмүндө каражат түшөт. Себеби аталган темир жол Кытайдан баштап, Жакынкы Чыгышка чейин өтөт. Биз аркылуу Түркмөнстан, Азербайжан, андан ары Европага чейин жол ачылат. Бул жерде 7–15 күнгө чейин жол кыскарып, Казакстан, Россия аркылуу кеткенге караганда убакыттан утуу болот. Экинчиден, Кыргызстан менен Кытайдын темир жолунун туурасы дал келбегендиктен, кайра жүктөөчү станция биздин өлкөнүн аймагында болот. Демек, ал жерде биздин жарандар үчүн жумуш орундары түзүлөт. Бажы терминалы орнотулат, калктын кызмат көрсөтүү тармагы ага катар өнүгөт. Ошондой эле темир жолдун боюндагы кендерди иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ушундай бир кыйла пайда түшө турган багыттар ачылат. Пакистанга, Иранга, Афганистанга, Европага темир жол менен жүргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

WhatsApp Image 2026-03-23 at 17.23.35

Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСинде азыр жумуш башталып, иш жүрүп жатат. Камбар-Ата-1 ГЭСинин толук кубаттуулугу менимче 1,4 гигаватт. Бүгүнкү күндө биз 15,4 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрсөк, муктаждык 19 млрд кВт/саат болгондуктан, 3 млрд кВт/сааттан ашык электр энергиясы жетишсиз болууда. Бирок акыркы эле жылдары 15тен ашуун чакан жана майда ГЭСтер курулуп, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталууда. Ошондой эле күндөн жана шамалдан электр энергиясын алуучу станциялар ишке киргизиле баштады. Бул жагдай эки-үч жылдын ичинде электр энергиясынын жетишсиздигин толук жаап, CASA-1000 долбоору аркылуу Афганистан, Пакистан сыяктуу өлкөлөргө электр энергиясын экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Ушул аракеттердин бардыгы алдыга коюлган максат — 2030-жылга 30 млрд АКШ долларына тете ИДП көлөмүнө жетишүүгө өбөлгө түзөт.

— Акыркы жылдары айыл чарбасында 3-4% өсүш байкалып жатканы айтылды. Бул эмнеден кабар берет?

Ооба, айыл чарбасы 3-4% менен өсүп жатат, бирок бул тармактын потенциалы мындан да жогору. Анткени бул тармак калкты азык-түлүк коопсуздугу менен камсыз кылат, анын үстүнө калктын 60 пайыздан ашууну айыл жеринде жашайт. Ал эми айыл чарбасында 300 миңден ашуун чакан фермердик дыйкан чарбалар бар. Бирок өлкөдө мындай дыйкан чарбалардын болушу өтө көп. Айыл чарбасында болгону 1 млн 200 миң гектар жер болсо, бир дыйкан чарбага болжол менен 2,5 га жер туура келет. Айыл чарбасында мындан да жогорку темпте өсүү болушу үчүн ирилештирүү маселесине олуттуу көңүл буруубуз керек.

whatsapp_image_2024-08-22_at_08_37_45.jpeg

Жыйынтыктап айтсак, ИДПнын акыркы жылдардагы өсүшү негизинен өнөр жай, курулуш жана кызмат көрсөтүү тармактарынын активдүү өнүгүшү менен камсыздалууда. Айрыкча курулуш, өндүрүш тармагынын жогорку темпи жана инвестициялык абалдын жакшырышы экономиканын туруктуу өсүшүнө негиз түзүүдө. Ири долбоорлор өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу менен келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошмокчу.