Төрага баштаган ЖК өкүлдөрү Санкт-Петербургда мекендештердин көйгөйлөрүн укту

Жогорку Кеңеш 1948 23 Май 2026 13:35
1.jpg
705320299_1300315392281680_1107543774606285693_n.jpg
706813809_1300315122281707_1491098612370473417_n.jpg
706815022_1300314992281720_2392159780567405177_n.jpg
706829497_1300315172281702_7952638936789496878_n.jpg
706831359_1300315318948354_1948010175004198983_n.jpg
706832162_1300315202281699_6103191933307548783_n.jpg
706840428_1300315295615023_3326461082886767566_n.jpg
706880180_1300315375615015_7857291918724183683_n.jpg
706890959_1300315218948364_4218964308762863877_n.jpg
706945757_1300315268948359_2894567795054101423_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 23.05.26. /Кабар/. Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев жана ”Элдик“ депутаттык тобунун мүчөлөрү иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарындагы кыргызстандык ишкерлер, мигранттар жана студенттер менен жолукту. Бул тууралуу парламент билдирди.

Жолугушууда төрага чет жердеги жарандардын сунуш-талаптары мыйзамдарды өркүндөтүүгө негиз болорун билдирип, мамлекет жетекчилиги миграция маселелерине жана мекендештерди колдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгиледи.

Суроо-жооп форматында өткөн жыйында Россиянын аймагында визасыз жүрүү мөөнөтүн узартуу боюнча ЖК тарабынан Москвада сүйлөшүүлөр жүргөнү айтылды. Учурда жүк ташуучу унаалардын айдоочулары үчүн айрым жеңилдиктер киргизилип, калган багыттар боюнча сунуштар даярдалууда.

Айрым коммерциялык банктарда рублдун курсун жасалма төмөндөтүүгө жол бербөө үчүн Улуттук банктын көзөмөлүн күчөтүү маселеси тармактык комитет тарабынан көзөмөлгө алынары белгиленди.

Ошондой эле жеңилдетилген ипотекалык программаларга катышууда эмгек мигранттарына карата мурда коюлган чектөөлөр толугу менен алынганы маалымдалды.

Мындан тышкары, жарандарга ыкчам көмөк көрсөтүү максатында, жакында Россияда Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын өкүлчүлүгү ачылары жана аны каржылоо маселеси чечилгени белгиленди.