Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Акыркы коңгуроо – жаңы жолдун башталышы. Чечим кабыл алууга убакыт келди: келечектеги жумуш талап кылынган жана кирешелүү гана болбостон, сүйүктүү да болушу үчүн кайсы кесипти тандоо керек?
Окуучуларга бул тандоону аң-сезимдүү түрдө жасоого жардам берүү үчүн, Beeline улуттук мобилдик оператору "Кесипке багыт берүү" социалдык долбоорун өнүктүрүүдө. Бул ар кандай кесиптер менен таанышуу үчүн акысыз онлайн-платформа. Бул жерде кесипке багыт берүү тестинен өтүп, кыргыз жана орус тилдеринде таанып-билүүчү видеоконтентти көрүүгө болот.
Платформада Кыргызстандан келген таанымал адистердин катышуусунда 30дан ашык видеоролик жайгаштырылган. Өз кесибинде ийгиликке жетишкен адамдар эмне менен алектенип жатканы, кандай көндүмдөр керек, эмнеден баштоо керек жана тандалган багыт кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачаары тууралуу айтып беришет.
Алгачкы үч видеону каалаган колдонуучу көрө алат. Бардык видеороликтерге жана текшерүү тапшырмаларына жетүү үчүн Beeline номери аркылуу платформада авторизациядан өтүү жетиштүү.
«Кесипти тандоо – чоң турмушка карай жасалган алгачкы олуттуу кадамдардын бири. Убакытты үнөмдөө, чындап кызыккан багытты изилдөө жана кыялыңыздагы карьераны куруу үчүн туура чечим кабыл алуу маанилүү. Өз кезегинде, улуттук оператор катары биз Кыргызстандын жаштарына өнүгүүгө жана келечекти курууга жардам берген пайдалуу санариптик чечимдерди сунуштоого кубанычтабыз», - деп белгиледи Beeline`дын башкы директору Кубаныч Шатемиров.
"Кесипке багыт берүү" долбоору окуучулар үчүн гана эмес, алардын ата-энелери үчүн да пайдалуу. Бул жөн гана кесипти сунуштоо эмес, бала менен бирге ар кандай варианттарды изилдөө, анын кызыкчылыктарын, күчтүү жактарын, кыялдарын жана жашоого болгон пландарын талкуулоо мүмкүнчүлүгү. Талап кылынган жана кызыктуу кесиптер жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн beeprof.beeline.kg сайтына кириңиз.
Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.
КРнын СӨжИТМге караштуу БТЖСККнын 21.12.2016-жылдагы №15-1420-КР, 21.12.2016-жылдагы №16-1526-КР, 17.09.2024-жылдагы №14-1102-КР, 04.11.2024-жылдагы №14-1125-КР, 18.08.2025-жылдагы №16-0089-КР, 06.10.2021-жылдагы №21-0489-КР жана 07.02.2020-жылдагы №20-0388-КР уруксаттамалары.