Жылдын алгачкы төрт айы экономика үчүн ийгиликтүү жыйынтыкталып, ички дүң өнүм 12,4% өсүштү көргөздү. Адистердин айтымында, өзгөрүү экономиканын бардык тармагында байкалып жатат. Ал эми эл аралык аналитиктер Кыргызстанга салынган инвестициялар жигердүү иштеп жаткандыктан, 2026-жылдын жыйынтыгында ИДПнын өсүшү 10%дан жогору болорун божомолдошууда. Бул өзгөрүүлөрдү өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген максаттардын ишке аша баштаганы десек болот.
Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын бекитилгенине бир жыл болуп калды. Анда төрт негизги багыт белгиленгени маалым. Алар: индустриялаштыруу, аймактык хаб мүмкүнчүлүгүн пайдалануу, айыл чарбасы жана туризмди жогорку кирешеге чыгаруу, ошондоо эле жашыл энергетиканы өнүктүрүү векторлору.
Жалпысынан алдыдагы төрт жыл ичинде ИДПнын көлөмү 30 млрд долларга жетип, экономиканын жылдык өсүшү 8%дан кем эмес деңгээлде кармалышы керек. Эске салсак, 2025-жылды Кыргызстан 22 млрд доллар ИДП менен жапты. Киши башына көрсөткүч 3 миң доллардан ашты. Эми бул сумманы 2030-жылга чейин 4-4,5 миң долларга жеткирүү пландалууда.
Улуттук программада чакан жана орто бизнестин үлүшүн 50%га жеткирүү пландалган. 2025-жылы эле бул сектордун ИДПдагы үлүшү 51%дан ашканы маалым.
Программаны ишке ашырууда ушул кезге чейин аткарылган иштерге токтолсок, алардын бир катары көзгө көрүнө баштады. Мисалы, программанын индустрия боюнча багытында жыл сайын 100 өндүрүш объектиси ачылып, иштеп жатат. Экономика жана коммерция министрлиги “Кабар” агенттигине негизинен курулуш материалдарын өндүрүү, тоо-кен, энергетика, фармацевтика, кайра иштетүү жана логистика тармактарында ири долбоорлор ишке берилгенин билдирди.
“Алардын катарында Кантта цемент заводу бар. Жылына 800 миңден 1 млн тоннага чейин цемент өндүрүү кубаттуулугуна ээ жана модернизацияланган ири цемент өндүрүшү. Инвестиция көлөмү 60 млн АКШ долларын түзөт. Ал эми Ысык-Атадагы “Асылташ Керамикс” заводу керамогранит өндүрүүчү заманбап завод. Долбоордун жалпы инвестициясы 60 млн АКШ долларын түзүп, продукциясы ички рыноктон тышкары Россия, Казакстан жана башка өлкөлөргө экспорттолот. “Экобум” жана “Желмаян” ишканалары — Бишкек ЭЭАсында электросамокат чыгаруучу өндүрүштү уюштурган. Ошондой эле “Жети Баатыр” эт, сүт жана балмуздак өндүрүүчү ири агроөнөр жай комплексин атаса болот.
Мындан тышкары, өлкөдө акыркы жылдары кичи ГЭСтер, соода-логистикалык борборлор, балык жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар, айнек, кыш, бетон жана курулуш материалдарын чыгаруучу заводдор, текстиль жана машина куруу тармагындагы жаңы өндүрүштөр активдүү ачылууда. Бул долбоорлор өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, импорттун ордун басууга, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болууда”, — деп билдирди Экономика жана коммерция министрлиги.
Улуттук программанын региондук хаб боюнча блогунун көрүнүктүү мисалы “Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан” темир жолунун салына баштаганы десек болот. Аталган темир жолдун арты менен транзиттик мүмкүнчүлүктөр кеңейип, эл аралык соода байланыштары жакшырат. Деги эле ири дүйнөлүк жана аймактык мамлекеттер менен курчалган геостратегиялык абалыбыз Кыргызстандын транспорттук эле эмес, логистикалык, финансылык жана соода агымдары үчүн чөлкөмдүк хабга айлануусуна мүмкүндүк берет.
Улуттук багыттамада экономиканын маанилүү багыты катары айыл чарбасына жана туризмге, жашыл энергетикага өзгөчө басым жасалган. Айыл чарбасына коммерциялык банктардыкынан 2-3 эсе арзан насыялар берилип, башка да бир топ жеңилдиктер каралган. Ал эми туризм тармагынын кирешесин көбөйтүүгө мамлекет өзү баш болуп киришти. Мамлекеттик долбоорлордин Кыргызстандагы эле эмес, Борбор Азия боюнча эң ириси Ысык-Көлдүн күңгөйүндө курулуп жаткан тоо лыжа кластери. Жайы-кышы дебей 2 млн туристти кабыл алууга кудурети жетет.

Кыргызстандын жашыл энергетикадагы потенциалы Кытай баш болгон өлкөлөрдүн инвесторлорун кызыктырууда. Мунун баары экономиканын кыймылдаткыч күчтөрү. Бул багыттарды реалдуу экономикалык өсүшкө айлантуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү да кызуу пайдалануу зарыл. Экономист Искендер Шаршеев “Кабар” агенттигине берген маегинде биздин өлкөнүн киреше табуу мүмкүнчүлүктөрү мындан да кеңири экенин белгиледи.
“Кыргызстанда табият, жайгашуу жана адам капиталы жагынан чоң потенциал бар. Айыл чарба, туризм жана жашыл энергетика тез монетизациялануучу багыттар болсо, индустриялаштыруу, логистика жана кайра иштетүү өнөр жайы узак мөөнөттүү экономикалык өсүштүн негизги таянычы боло алат.
Өлкөнүн негизги артыкчылыктарынын бири табигый ресурстарда жатат. Алтын, сейрек кездешүүчү металлдар, вольфрам, сурма сыяктуу кен байлыктарды жөн гана чийки зат катары сатпай, кайра иштетип, жогорку кошумча наркы бар продукция чыгарууга өтүү маанилүү.
Экинчи чоң мүмкүнчүлүк гидроэнергетика жана "жашыл" энергия менен байланыштуу. Кыргызстанда суу энергетикасынын потенциалы толук колдонулбай келет, ал эми "Камбар-Ата-1" сыяктуу ири долбоорлор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун гана эмес, өнөр жайды жана энергия экспортун да күчөтө алат. Айыл чарбасында органикалык бал, кургатылган мөмө-жемиш, сүт азыктары, эт жана башка кайра иштетелген продукциялар аркылуу Кытай, ЕАЭБ жана башка базарларга чыгуу мүмкүнчүлүгү чоң. Бул үчүн сактоо, таңгактоо, сертификаттоо жана “Made in Kyrgyzstan” брендин күчөтүү зарыл.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана Жибек Жолу боюнча жайгашуу логистика менен транзитти узак мөөнөттүү өсүү драйверине айланта алат. Ошондой эле IT, High-Tech Park, финтех, креативдүү экономика, таштандыларды кайра иштетүү, жашыл курулуш материалдары жана критикалык минералдар келечекте чоң киреше алып келүүчү тармактар болуп саналат.
Бирок бул мүмкүнчүлүктөрдүн баары инвестициялык климатты жакшыртуу, коррупцияны азайтуу, инвесторлордун укугун коргоо, билим берүү менен кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, суу ресурстарын жана экологияны сактоо, экспортту алтындан тышкары диверсификациялоо жана аймактарды бирдей өнүктүрүү менен гана ишке ашат”, — деп билдирди экономист Искендер Шаршеев.