Акыркы беш жылдык Кыргызстандын экономикасында инвестициялык саясат түп тамырынан бери өзгөргөн жана өлкөнүн жигердүүлүгү арткан мезгил катары бааланууда. Мамлекет ички ресурстарына таянып өзү инвестор болууга жарады. Ошондой эле эгемендик жылдары бутуна турган ата мекендик жергиликтүү бизнес катмар инфратүзүмдүк долбоорлорго инвестор катары кирип жатат. Бул арада президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин мүчөлөрү кайсы өлкөгө барбасын Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан бараандуу инвестициялык долбоорлордон кеп козгоп, чет элдик капчыктууларды чакырып келишет. Экономисттер өлкөдө капитал тартуу саясаты толук өзгөрүп, мамлекеттик органдардын эффективдүүлүгү өлкөгө келген түз инвестициянын көлөмү менен ченеле баштаганын белгилешүүдө.
Эсиңиздерде болсо 2020-жылы чет элдик түз инвестициянын Кыргызстанга агымы жарым миллиард долларга түшүп кеткени өкүнүч менен жарыяланган эле. Негизги себеп катары короавирус пандемиясы, ага байланыштуу чек аралардын жабылуусу жана ички саясий туруксуздук аталган.
- 2020 - 0,54 млрд доллар
- 2021 – 1,01 млрд доллар
- 2022 – 1,20 млрд доллар
- 2023 – 0,84 млрд доллар
- 2024- 1,03 млрд доллар
- 2025 – 1,31 млрд доллар
- 2026 (1-чейрек) – 0,39 млрд доллар
Жогоруда көрүнүп тургандай көрсөткүч 2021-жылы тез эле калыбына келген. Жаңы бийлик, министрлер кабинети экономиканын күрөө тамыры болгон инвестициянын агымын көбөйтүүгө, инвесторлорду коргоого, мыйзамдарды кайра карап чыгууга багыт алган. Ошол эле жылы өлкө башчы Садыр Жапаров Түркиянын “TRT Avaz” телеканалына берген маегинде бийлик инвесторлорду өз коргоосуна алганын билдирген.
“Биз инвесторлорду мыйзам менен эле эмес, Баш мыйзам менен да коргоп койдук. 17-беренеде инвесторлор баш мыйзам менен корголору белгиленген”, - деди Садыр Жапаров.
2021-жылы чет элдик түз инвестициялар 1 млрд доллар чегинен ашса, 2022-жылы 1,202 млрд долларга чыккан. 2023-жылы глобалдык өзгөрүүлөрдөн улам инвестиция түшүп кеткен менен кийинки 2024-жылы инвесторлор мурда болуп көрбөгөндөй жанданууну көрсөтүштү. Бардык булактардан инвестициянын жалпы агымы 2,1 миллиард долларга жетти. Түз инвестициялардын таза агымы 1,03 миллиард доллардан ашты.
2025-жыл тышкы түз инвестицияларды кириши боюнча тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч менен эсте калды. Өткөн жылы 1,31 миллиард доллар келип, өзгөчө IT жана байланыш секторлору, кайра иштетүү өнөр жайлары жанданды.
Ал эми 2026-жылдын биринчи чейрегинде түз инвестициянын агылып кирүүсү 386,7 миллион долларды түздү. Мында Кытайдан келген инвестиция жана Россия, Өзбекстан, Азербайжан менен биргеликте түзүлгөн аймактык өнүктүрүү фонддорунун ролу чоң.
Чет элдик түз инвестициялардын өсүшүнүн себептери
Беш жыл ичинде Кыргызстан инвестициялык ырайын жакшыртуу аркылуу инвесторлорду тартуу үчүн чечкиндүү саясий кадамдарды жасап, экономикалык реформаларды жүргүздү. Эң оболу, биздин өлкө Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтарып, ири долбоорго менеджерлик кыла аларын далилдеди. Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара маселелерин чечти. Туруктуулук камсыздалып, бийлик менен бизнестин мамилеси жакшырды. Беш жыл мурун көмүскө экономика реалдуу экономикага караганда көбүрөөк болсо, азыр абал башка. Коррупцияга, криминалга каршы катаал күрөш жүргүзүлдү. Салык саясатында заманбап техника жана технологиялардын жардамы менен тартип орнотулууда. Бажы системасындагы, чек аралардагы айырмачылыктар кыскарууда. Мында санариптештирүүнүн мааниси чоң.
Натыйжада, эксперттер Кыргызстан ЕАЭБ ичинде эң эркин валюталык режимди сунуштаган өлкө экенин, салыктык жеңилдиктер, деги эле салыктык саясат мурда болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү бергенин белгилеп жатышат.
Белгилей кетүүчү дагы бир жагдай, министрлер кабинети өлкөнүн ички ресурстарына таянуу менен ири өлчөмдөгү мамлекеттик инвестицияларды жасай баштады. 2021-жылдан 2025-жылга чейин улуттук инфраструктураны чыңдоого рекорддук 173 миллиард сомдон ашык мамлекеттик инвестиция багытталган. Анын 47 миллиарды жолдорду курууга жана оңдоого, 38 миллиарды чакан жана орто ГЭСтерди тургузууга, энергетикалык обьекттерди жаңылоого жумшалууда.
Экинчиден, инвесторлор Кыргызстандын узак мөөнөттүү стратегиясына ишенип, өлкө алп долбоорлорго өттү. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун жана Камбар-Ата-1 гидроэлектр станциясынын, Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү үч тоону бириктирген “Ала-Тоо резорт” курорттук аймагынын курулушу башталды. Жүздөгөн өнөр жай ишканалары ачылып жатат.
Акыркы жылдары өлкөнүн инвестициялык саясатынын бир өзгөчөлүгү катары жергиликтүү инвесторлордун жандануусун айтса болот. Мурда инвестор десе эле чет элдиктер ойго келсе, азыр жергиликтүү инвесторлорго да чоң мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги ачылууда. Мындай пикири менен ОшМУнун бизнес паркынын директору, экономика илимдеринин кандидаты Эрлан Камалов билдирди. Ал эгемендик жылдары Кыргызстандын ичинде өзүнүн бизнес элитасы калыптанганын белгилейт. Азыр бул катмар бутуна турап өлкөдө бараандуу инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга, чакан жана орто бизнести колдоого, экономикага инвестиция салууга аралашып жатат.

“Акча массасы - экономиканын кан тамыры. Ошондуктан биздин экономика канчалык деңгээлде алдыга жылары инвестициядан көз каранды. Эң негизгиси, инвестиция үчүн мыйзамдык талаа аябай маанилүү фактор болуп эсептелет. Мыйзамдардын сакталышы, аткарылышы, инвесторлорго түзүлгөн шарттар, инвесторлордун укуктарынын корголушу инвестициялык климаттын жакшырышына алып келе турган жагдайлар. Акыркы жылдары мыйзамдар өзгөртүлүп, чечимдер ыкчам кабыл алынып, иштер илгерилөөдө. Эрежелер жөнөкөйлөшүп, бюрократиялык тоскоолдуктар алынууда. Жалпысынан ишенимдүү түрдө кыргыз экономикасына салым кошууга чакырык болду.
Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай. Мурда инвестициялык саясат иши мамлекеттик бир нече органга гана жүктөлүп ошолор гана жоопкерчиликтүү болгон. Азыр бардык министрликтер, элчилер, жергиликтүү бийлик органдары инвестиция тартуу менен алек. Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү алардын инвестицияны тартуу мүмкүнчүлүгүнө, деңгээлине жараша дагы бааланып жатканы жакшы. Анткени дүйнөдө инвестициялык ресурстар, эл аралык донорлордун ресурстары, арзан акчалар абдан көп. Аларды кыргыз экономикасына бурууга болгон аракетти жасашыбыз керек”, - деди Эрлан Камалов.
Айтмакчы, Бишкекте олуттуу инвестициянын күчү менен толук жаңыртылган “Ак-Кеме” мейманканасынын ачылышында президент Садыр Жапаров 2026-жылга карата Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоордук портфелинде жалпы көлөмү 456 млрд сомдон ашуун 90дон ашык инвестициялык долбоор бар экенин билдирген. Алардын 71и иш жүзүнө ашырылууда, калганында даярдык иштери жүрүп жатат. Бул долбоорлор аймактарды өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздук, транспорттук инфратүзүм, жана экологиялык маселелерге багытталган.
Акырында Кыргызстандын улуттук экономикасынын өнүгүүсүнүн жаңы багытындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр – жашыл экономика туурасында айта кетели. Акырындык менен экономиканын бардык тармактары климаттын өзгөрүшүн эске алууда. Жалпысынан Кыргызстанга климаттык максаттарга жетүү үчүн ири көлөмдөгү инвестиция – 12-15 млрд доллар талап кылынат. Бул каражат энергетика, транспорт, айыл чарба, жер пайдалануу, токой чарбасы, өнөр жай жана калдыктарды башкаруу сыяктуу тармактардагы чараларга, ошондой эле климатка ыңгайлашууга багытталат.