2020-жылдын октябрындагы окуялар Кыргызстан үчүн өзгөчө бурулуш учур болуп, өлкөнүн азыркы тарыхын шарттуу түрдө “чейин” жана “кийин” деп бөлгөн мезгилге айланды. Ал кезде болгон окуяларга бүгүнкү күндө эксперттер да, саясатчылар да баа берүүдө этият мамиле кылышат.
Алты жыл мурун парламенттик шайлоонун бурмаланышы жаңы мамлекеттик төңкөрүшкө себеп болгондой сезилчү. Ошондой эле бул окуялардан кийин өлкөдө абал тез арада турукташып, экономикалык көйгөйлөр чечилет дегенге ишеним аз болчу. Ошол учурда Кыргызстан жакынкы жылдары өнүгүү темпи боюнча лидер өлкөлөрдүн катарына кирип, ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып, өнөр жайын, энергетикасын жана айыл чарбасын кайра жандандыра баштайт деп эч ким күткөн эмес.
Бүгүн Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу системасы реформаланып, экономика жаңыланып, коңшу мамлекеттер жана стратегиялык өнөктөштөр менен мамилелер чыңдалды. Мунун баары өлкөнүн өнүгүүсүндө жаңы багыттын калыптанып жатканын көрсөтөт. Мамлекет реформалардын татаал, айрым учурларда оор баскычтарынан өтүп, мурдагы көйгөйлөрдөн арылып, бекемделүү жолуна түштү.
ЕАЭБ жана ШКУ алкагындагы прагматикалык жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын өнүгүшүнүн натыйжасында Кыргызстанда ички дүң продуктунун өсүшү төртүнчү жыл катары менен 10 пайыздан ашууда. Татаал тоо ашууларынан өтүп, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу жүрүп жатат. Ошондой эле ири энергетикалык долбоорлордун бири — “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу иштери күчүндө. Булардын катарында миллиарддаган каражатты талап кылган башка ири инфраструктуралык долбоорлор да бар. Өлкөдө жыл сайын ачылып жаткан завод-фабрикалардын саны жүздөп саналат.
Кыргызстан күчтүү жана өз алдынча мамлекет болууга умтулуп жатканы эми кыял эмес, өлкөнүн бийлиги Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында ишке ашырып жаткан реалдуу максат.
Тарыхчы, коомдук жана саясий ишмер Зайнидин Курмановдун белгилешинче, бүгүнкү күндүн көз карашынан алганда, 1990-жылдардын башынан бери эгемендүүлүктүн дээрлик 30 жылын натыйжасыз башкаруунун жана саясий интригалардын айынан жоготуп алганыбызды айтууга болот.

“Өлкө тез өзгөрүүдө. Мектептер, социалдык объектилер салынып, көп кабаттуу имараттар курулуп, жолдор, көпүрөлөр жана тротуарлар оңдолуп жатканына күбө болуудабыз. Бардык багытта ири иштер жүрүүдө. Бир иштин бүтүшүн күтүп отурбастан, бир нече ишти катар жүргүзүп жатабыз. Бул долбоордук ыкма деп аталат.
Мамлекет каражаттын өзүнөн-өзү пайда болушун күтүп отурбашы керек. Биз каражат табууну жана бул үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууну үйрөндүк. Бүгүн өлкөдө бардык багытта иштер кызуу жүрүп жатат. Отуруп алып, кимдир бирөө бизге акча берип калат деп күтүп, 30 жылды өткөрүп жибергенибиз өкүндүрөт. Бул колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөрдүн мезгили болду. Анын үстүнө ошол учурда бийликке келген ар бир жаңы жетекчилик мурункусунан да начар болуп жатты. Акыры 2020-жылдын октябрь айында бийликтеги бул терс тандоо токтоду. Кыргызстанда реалдуу жыйынтык көрсөтүп, өзгөрүүлөрдү ишке ашыра алган лидер пайда болду жана ал өлкөнү алдыга алып бара жатат.
Ошол эле учурда экономика менен катар маданият менен илимдин да өнүгүшүн каалайт элем. Туруктуу саясий системасы, ишенимдүү жана күчтүү экономикасы бар заманбап, цивилизациялуу мамлекетти куруу зарыл. Мамлекеттик кызматта меритократия болушу керек. Башкача айтканда, кызматтарга кошоматчылар же туугандар эмес, эң мыкты жана татыктуу адамдар дайындалышы зарыл. Биз адамдардын эмес, идеялардын атаандаштыгы орун алган системага жетишибиз керек. Мындай баалуулуктар системасында коррупция өткөндүн калдыгына айланат, ал эми саясаттагы долбоордук ыкма мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылат”, — деди Зайнидин Курманов.
Мамлекеттик түзүлүш боюнча эксперт, саясат таануучу Шерадил Бактыгулов “Кабар” агенттигине берген комментарийинде акыркы алты жылда Кыргызстанда олуттуу өзгөрүүлөр болгонун белгиледи.

“Бул саясий башаламандыктан макроэкономикалык туруктуулукка жана ири инфраструктуралык долбоорлорго карай басып өткөн жол болду. 2016-жылдан тартып Кыргызстан экономикалык жана саясий башаламандыкка, ар кандай саясий күчтөрдүн тирешүүсүнө кириптер болду.
2020-жылдын октябрь айынан тартып укуктук тартипти калыбына келтирүү иштери башталды. Ал эми 2021-жылдан тартып Кыргызстан мамлекетти чыңдоо идеясынын айланасында биригүү аркылуу туруктуулук жолуна ишенимдүү кадам таштады. Бул аракеттердин натыйжасы көптөгөн көрсөткүчтөрдөн көрүнүп турат.
Экономика тармагында номиналдык ички дүң өнүм 2021-жылдагы 783 млрд сомдон 2025-жылы 1 трлн 976 млрд сомго чейин өстү. Экономиканын реалдуу өсүшү 2023-жылдан бери 10 пайыздан жогору деңгээлде кармалып турат. Мындай көрсөткүчтөр чындап эле экономикалык секирик, “илбирс секириги” деп айтууга негиз берет.
Кумтөр кенинен түшкөн киреше болжол менен 5 млрд 100 млн сомду түздү. Анын ичинен бюджетке салык түрүндө 1 млрд 100 млн сом, дивиденд катары 441 млн сом түштү. Салыштыруу үчүн айтсак, 1994-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилде биз болгону 100 млн сом дивиденд алганбыз. Демек, мындан Кумтөрдү мамлекеттин карамагына өткөрүү туура кадам болгонун көрүүгө болот.
Камбар-Ата-1 ГЭСи — Казакстан жана Өзбекстан менен биргелешкен долбоор. Ал даярдык баскычынан активдүү ишке ашыруу этабына өттү. Социалдык тармакта акыркы беш жылда 936 социалдык объект — мектептер, ооруканалар, бала бакчалар курулду. Ошондой эле 3 миң 700 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү.
Бул жерде 2020-жылга чейин мектептер, ооруканалар жана бала бакчалар мамлекет тарабынан дээрлик курулбаганын да эске сала кетүү керек. Ал кезде жылына болгону 130-140 чакырымдай жол курулчу.
Тышкы саясат тууралуу да айтпай коюуга болбойт. Эң маанилүү кадамдардын бири — Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара маселелеринин жөнгө салынышы. Бул Борбор Азиядагы жана өлкөбүздөгү коопсуздук менен туруктуулукту камсыз кылууда маанилүү фактор болуп калды. Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды, ШКУнун юбилейлик саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрдү.
Биз Кыргызстандын чындап эле жакшы ыргакка түшкөнүн көрүп жатабыз. Эми өлкө алдында жаңы милдет турат. Ал — экономиканын жогорку өсүш темптерин ар бир үй-бүлө сезе турган туруктуу өнүгүүгө айландыруу.
Бул багытта да иштер жүрүп жатат. 2025-жылы “Жаңы Кыргызстан” деген аталышта өлкөнүн 2030-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы кабыл алынган. Анын алкагында трансформациянын экинчи этабына тиешелүү милдеттер ишке ашырылат”, — деди Шерадил Бактыгулов.
Эксперттер белгилегендей, акыркы алты жылда Кыргызстан эгемендүүлүктүн дээрлик 30 жылында жетишилгенден алда канча көп жыйынтык көрсөттү. Өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы жолу оңой болбой турганы менен, эң негизгиси — Кыргызстан өз мүмкүнчүлүктөрүнө кайрадан ишенип, жаңы багытын тапкандай болду.
Муну менен катар белгиленген долбоорлорду жана өнүгүү программаларын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар экени айтылууда. Экономика туруктуу өнүгүп, алдыга коюлган максаттар реалдуу негизге таянууда.