Тарых унутулбайт: улут тагдырын калчаган учурлар

Аналитика
Тарых унутулбайт: улут тагдырын калчаган учурлар

Кубаныч Жолдошев

Бардык материалдар

Өткөндү унуткан эл — өз тамырынан ажырайт, ал эми келечекке ишенген эл — өнүгүүгө умтулат. Бул залкар ой ар бир улуттун тарыхый тагдырын, руханий өзөгүн жана келечек алдындагы жоопкерчилигин чагылдырып турат. Тарыхты билүү — бул жөн гана өткөн оор окуяларды эскерүү эмес, бүгүнкү күндүн маңызын түшүнүү жана эртеңки күндүн багытын аныктоо.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгенибиз үчүн биз барбыз" деген терең философиялык маанидеги сөзү да тарыхый эс тутумдун коомдук турмуштагы ордун таамай белгилейт.

Кыргызстанда 2017-жылдан бери 7–8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленип келет. Бул чечимдин артында жөн гана майрам болгон даталарды белгилеп, өзгөртүү эмес, улуттук тарыхка болгон мамилени жаңылоо, тарыхый окуяларга объективдүү баа берүү жана мурда көмүскөдө калган улуттук эс тутумду калыбына келтирүү максаты турат.

Бул күндөрдүн өзгөчөлүгү — алар кыргыз элинин тарыхындагы эки оор, бирок маанилүү маселени: мамлекеттүүлүктүн калыптанышын жана саясий репрессиялардын кесепетин бир бүтүн тарыхый байланышта кароого мүмкүнчүлүк берет.

7-ноябрь: тарыхка жаңы көз караш, мамлекеттүүлүк сабактары

Көп жылдар бою Кыргызстанда 7-ноябрь Октябрь революциясынын күнү катары белгиленип келген. Советтик идеологиянын шартында бул дата коомдук-саясий турмушта өзгөчө орунду ээлеп, революциялык өзгөрүүлөрдүн символу катары кабыл алынган.

Бирок мезгил өзгөрдү, өлкө эгемендүүлүккө ээ болду, коомдун тарыхый аң-сезими жаңыланды. Постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттердин көбү бул “кызыл” датаны майрамдык календарынан алып салган. Кыргызстанда болсо аны жөн гана жокко чыгаруунун ордуна тарыхый мазмунун жаңылап, 7-ноябрды Тарых жана ата-бабалар күнү катары белгилөө чечими кабыл алынган.

Бул — тарыхка болгон мамиленин өзгөргөндүгүн көрсөткөн маанилүү кадам.

Анткени Октябрь революциясы Борбордук Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын саясий жана коомдук өнүгүүсүнө олуттуу таасир тийгизген тарыхый бурулуш болгон. Анын натыйжасында мурдагы башкаруу системасы өзгөрүп, жаңы мамлекеттик түзүлүштөрдүн калыптанышына шарт түзүлгөн.

1924-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүшү кыргыз элинин совет доорундагы мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышынын маанилүү этабы болуп калды. Бул жараян өзүнөн өзү ишке ашкан эмес. Анын артында кыргыз элинин саясий, интеллектуалдык жана улуттук кызыкчылыктарын коргогон, мамлекеттүүлүк идеясын көтөргөн алдыңкы инсандардын чоң эмгеги турат.

Ошондуктан 7-ноябрь тарых күнү катары белгиленип жатканы Октябрь революциясын даңазалоо эмес, ошол мезгилдеги окуялардын Кыргызстан үчүн тарыхый маанисин кеңири жана объективдүү талдоого мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.

Тарыхый окуяларга бир жактуу баа берүү туура эмес. Совет доорундагы билим берүү, медицина, илим, өнөр жай, маданият жана инфраструктура багытындагы жетишкендиктер менен катар улут каймактарын жапырт саясий куугунтуктоо, саясий репрессиялардын жана адам укуктарынын одоно бузулган учурларынын оор кесепеттерин эстен чыгарып, унутууга болбойт.

Тарыхый адилеттиктин чыныгы сабагы — жетишкендиктерди туура баалап, кемчиликтерден жыйынтык чыгара билүүдө турат.

Репрессия: кыргын салчу машина, улуттук трагедия

8-ноябрь — ата-бабаларды эскерүү күнү өзгөчө оор тарыхый окуяларды эске салат.

1937–1938-жылдардагы саясий репрессиялар кыргыз элинин тарыхындагы эң кайгылуу барактардын бири болгон. Бул мезгилде улуттук интеллигенциянын, мамлекеттик башкаруу системасынын, илимдин, билим берүүнүн жана маданияттын көрүнүктүү өкүлдөрү негизсиз айыпталып, камалып, атылып кеткени маалым.

1938-жылдын 5–8-ноябрь күндөрү атылган 138 адамдын сөөгү 1991-жылы Чоң-Таш аймагындагы мурдагы кыш заводунун жанынан табылып, куран окутулуп, ак кепинделип, кайра жерге берилген. Бул жер бүгүнкү күндө "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине айланган.

Бул 138 адамдын арасында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө салым кошкон көрүнүктүү инсандар, коомдук ишмерлер жана алдынкы улуттук интеллигенция өкүлдөрү болгон.

Алардын тагдыры — бир гана мына ошол үй-бүлөлөрдүн трагедиясы эмес, бүтүндөй улуттун интеллектуалдык жана саясий потенциалына урулган оор соку болгону ырас.

Маселенин эң оор жагы — репрессиялардын натыйжасында кыргыз коомунун улуттук элитасынын олуттуу бөлүгү - элдин акыл-эси, абийири жана ар-намысы болгон улут каймактары жок кылынган. Мамлекетти башкарууга, улуттук кызыкчылыкты коргоого, билим берүү менен маданиятты өнүктүрүүгө жөндөмдүү инсандардын өмүрү жапырт кыйылган.

Мындай жоготуунун кесепетин ошол мезгилдин чегинде гана кароого болбойт. Интеллектуалдык дарамети жогору билимдүү бир муундун жашоосу үзгүлтүккө учурап, улуттук саясий тажрыйба жоголуп, элде үрөй учурган улуттук эс тутумда калган “генетикалык коркунуч атмосферасы” кийинки жаш муундардын дагы андан ары карай өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген.

Анан дагы айрым бир архивдик материалдардан белгилүү болгондой мына ошол кездеги бийликтин ар кандай эшелондорундагы жетекчилер менен кызматчылар, ар кайсы тармактын өкүлдөрү же катардагы эле калктын кайсы бир катмары калыптанган катаал системанын айынан бирин-бири сатууга мажбур болуп, жалган жалаанын негизинде атылып кеткени маалым. Мындай чынжырчалар улам-улам жайылып отуруп, керек болсо, мына ошо репрессияларды баштаган адамдардын өздөрүнүн башын жеген учурлары да тарыхта белгилүү. Анткени мамлекеттик репрессиялык машинаны иштетип койгондон кийин аны токтотуу кыйын болуп калган. Куугунтук, кыйноо, курмандыкка чалуу жана атууга кетирүү сыяктуу адам тагдыры менен ойногон учурлар кадимки боло жүрчү адатка айланып кеткени менен коркунучтуу кырдаал жаралган.

Демек, репрессиялардын тарыхын изилдөө — курман болгондордун элесин урматтоо менен гана чектелбестен, мамлекеттин жана коомдун келечеги үчүн зарыл болгон тарыхый сабактарды өздөштүрүү дегенди билдирет. Себеби башкарууга келген кимдер гана болбосун, башкача ойлонгондорго каршы репрессияларды баштоо менен алар кийин жакындарына же өзүнө ор казып жатканын билиши шарт.

Мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталардын тагдыры — улут тарыхынын өзөгү

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышында өзгөчө орду бар инсандардын арасында Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаев өзгөчө белгиленүүгө тийиш.

Бул инсандар ар башка тармактарда иш алып барышканы менен, алардын башкы максаты кыргыз элинин саясий укуктарын, улуттук кызыкчылыктарын жана өз алдынча мамлекет болуп калыптануу мүмкүнчүлүгүн коргоо болгон.

Алардын тарыхый ролун бүгүнкү көз карандысыз Кыргызстандын калыптанышына түздөн-түз байланыштырып кароо зарыл.

Президент Садыр Жапаровдун Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында мына ушул беш инсанды Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар катары таануу жана алардын элесин урматтоо боюнча жарлыкка кол коюшу тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү багытындагы маанилүү кадам болду.

Бул чечимдин саясий жана тарыхый мааниси терең. Анткени мамлекеттүүлүк — бул бир күндө пайда болгон көрүнүш эмес. Ал үчүн саясий эрк, айла-амал, интеллектуалдык потенциал, улуттук кызыкчылыкты түшүнүү жана татаал шарттарда чечкиндүү аракеттер керек болчу.

Аталган инсандар дал мына ушундай тарыхый миссияны аткарышкан.

Бирок алардын тагдырынын өзгөчө трагедиялуу жагы — мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөөгө катышкан адамдардын кийин ошол эле саясий системанын репрессиясына дуушар болушу болду.

Иманалы Айдарбеков менен Жусуп Абдрахмановдун сөөктөрү табылып, алардын тарыхый орду бүгүн кеңири таанылып жатканы менен, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков жана Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү азыркыга чейин так аныктала элек.

Бул жагдай тарыхый изилдөөлөрдүн алдында дагы эле чечилбеген олуттуу милдеттер турганын көрсөтөт.

Мамлекеттүүлүктү түптөгөн инсандардын тарыхын толук изилдөө, алардын өмүр жолу жана мамлекеттик ишмердиги боюнча архивдик материалдарды топтоо, сөөктөрү белгисиз калган адамдардын көмүлгөн жерлерин аныктоо — тарыхый адилеттүүлүктүн маанилүү бөлүгү.

"Ата-Бейит" арманы, башка жайлардын жагдайы

Тарыхый эс-тутумду калыбына келтирүүдө "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин орду өзгөчө. Бирок саясий репрессиялардын бардык курмандыктарынын сөөгү ушул жерге коюлган эмес.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун билдирүүсүнө ылайык, 1938-жылдын кыш жана жаз айларында атылган адамдардын айрымдары Бишкектеги азыркы "Ала-Арча" көрүстөнүнүн аймагында, суу каналынын жээгинде жашыруун көмүлгөн болушу мүмкүн.

Бул маалымат өзгөчө мааниге ээ. Анткени тарыхчынын айтымында, жергиликтүү тургундардын, мүрзө кароолчуларынын жана башка күбөлөрдүн оозеки эскерүүлөрүндө ошол аймакта репрессия курмандыктарынын сөөктөрү жашыруун көмүлгөнү тууралуу маалыматтар сакталып келген.

Археологдор менен биргеликте жүргүзүлгөн алдын ала байкоолордо кадимки көрүстөндөрдөн айырмаланган чуңкурлар аныкталганы айтылууда. Бул жагдай кошумча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү зарылдыгын көрсөтөт.

Айрыкча Абдыкерим Сыдыков менен Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү ошол жерден табылып калышы мүмкүн деген божомол тарыхый коомчулук үчүн чоң кызыгууну жаратууда.

Албетте, мындай маалыматтарды далилденген факт катары кабыл алууга болбойт. Аларды архивдик документтер, археологиялык изилдөөлөр, антропологиялык экспертиза жана зарыл болгон учурда ДНК-анализ аркылуу тактоо керек.

Эгер бул изилдөөлөрдүн натыйжасында аталган инсандардын же башка репрессия курмандыктарынын сөөктөрү табылса, бул кыргыз тарыхындагы чоң окуя болмок.

Маселенин дагы бир маанилүү жагы — тарыхый эстеликтерди жана көмүлгөн жайларды аныктоо мамлекеттик деңгээлдеги системалуу иш болушу керек. Бул багытта илимий комиссиялардын ишин күчөтүү, архивдерди ачуу, археологдорго жана тарыхчыларга зарыл шарттарды түзүү зарыл.

"Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси менен катар 2024-жылы Өзгөн районунун Эски-Покровка айылында ачылган "Кекилик-Учар бейити" мемориалдык комплекси да репрессия курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтырууда маанилүү орунду ээлейт.

Бул эки мемориалдык жай өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында саясий куугунтуктун курмандыктарынын элесин сактоо иши улуттук деңгээлдеги милдет экенин көрсөтүп турат.

Тарыхый эс тутум — улуттук коопсуздук жана коомдук биримдиктин фактору

Бүгүнкү глобалдашуу шартында тарыхый эс тутумдун мааниси дагы да жогорулап жатат. Маалыматтык мейкиндикте тарыхый фактыларды бурмалоо, окуяларды бир жактуу чечмелөө жана өткөндү саясий кызыкчылыкка пайдалануу учурлары кездешет.

Мындай шартта өз тарыхын терең билген, тарыхый окуяларга сын көз караш менен баа бере алган коом ар кандай манипуляцияларга туруштук бере алат.

Тарыхты билбеген коомдун улуттук аң-сезими алсыз болот. Ал эми улуттук аң-сезимдин бекем болушу мамлекеттин ички туруктуулугуна, жарандык биримдикке жана эгемендүүлүктү сактоого түздөн-түз таасир этет.

Ошол эле учурда тарыхый эс тутум эч качан коомду бөлүп-жаруунун куралына айланбашы керек. Тескерисинче, ал бардык этностордун, аймактардын жана муундардын ортосундагы өз ара урматтоону бекемдөөгө кызмат кылууга тийиш.

Кыргызстан — жалпы тарыхый тагдырды бөлүшкөн көп улуттуу мамлекет. Демек, биздин жалпы тарыхыбызды таанып-билүү жана тарыхый трагедияларга бирдей урмат менен мамиле кылуу коомдук ынтымактын маанилүү шарты болуп саналат.

Жаш муунга тарыхты жеткирүү вазийпасы

Тарыхый эс тутумду сактоо ишинде жаш муундун орду өзгөчө.

Бүгүнкү жаштар 1937–1938-жылдардагы репрессияларды, 1916-жылдагы Үркүндү жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышындагы татаал саясий процесстерди китептерден гана эмес, архивдик материалдардан, документалдуу тасмалардан, илимий изилдөөлөрдөн жана үй-бүлөлүк тарыхтардан билиши керек.

Билим берүү мекемелеринде тарых сабагын окутуунун мазмунун тереңдетүү, жергиликтүү тарыхты изилдөө, окуучулар менен студенттердин мемориалдык жайларга баруусун уюштуруу маанилүү.

Ошондой эле ар бир үй-бүлө өзүнүн санжырасын, сүрөттөрүн, каттарын жана ата-бабалары тууралуу эскерүүлөрүн сактоого көңүл бурушу зарыл.

Анткени улуттук тарых ар бир үй-бүлөнүн тарыхынан башталат.

Жаштар ата-бабаларынын кандай шартта жашаганын, кандай кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн жана бүгүнкү күнгө кандай мурас калтырганын билгенде гана эгемендүүлүктүн, тынчтыктын жана мамлекеттүүлүктүн баркын терең түшүнөт.

Бирок патриоттук тарбия өткөндү даңазалоо менен гана чектелбеши керек. Ал билимдүү, жоопкерчиликтүү, эмгекчил, мыйзамды сыйлаган жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга даяр жаранды тарбиялоого багытталууга тийиш.

Өткөндү эскерүү — келечек алдындагы жоопкерчилик

7–8-ноябрь күндөрүнүн мааниси бизди бир катар олуттуу суроолорго жооп издөөгө чакырат. Тарыхый чындык толук калыбына келтирилдиби? Саясий репрессиялардын бардык курмандыктарынын ысымдары аныкталдыбы? Мамлекеттүүлүктү түптөгөн инсандардын тарыхый мурасы жетиштүү деңгээлде изилдендиби? Жаш муун өз өлкөсүнүн тарыхын канчалык деңгээлде билет?

Бул суроолорго жооп берүү үчүн эскерүү иш-чаралары менен катар конкреттүү иштерди жүргүзүү зарыл.

Биринчиден, саясий репрессиялар боюнча архивдик документтерди системалуу изилдөө жана коомчулукка жеткирүү керек.

Экинчиден, белгисиз көмүлгөн жайларды аныктоо боюнча илимий-археологиялык изилдөөлөрдү мамлекеттик колдоого алуу зарыл.

Үчүнчүдөн, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн инсандардын өмүрү жана ишмердиги боюнча комплекстүү илимий эмгектерди даярдап, алардын мурасын билим берүү системасына кеңири киргизүү маанилүү.

Төртүнчүдөн, тарыхый-мемориалдык комплекстерди сактоо жана өнүктүрүү менен катар аларды жаштар үчүн билим берүү жана тарбия берүү борборлоруна айландыруу зарыл.

Бешинчиден, тарыхый изилдөөлөр саясий жагдайларга көз каранды болбостон, илимий объективдүүлүккө жана документалдык далилдерге таянышы керек.

Мына ушундай иштер гана тарыхый эс тутумду реалдуу коомдук баалуулукка айландыра алат.

Корутунду

Тарых — бул биздин кечээгибиз гана эмес, бүгүнкү күндөгү ким экенибизди аныктаган жана эртеңки жолубузду көрсөткөн руханий таяныч.

1938-жылы атылып кеткен кыргыздын мыктыларынын тагдыры, 1916-жылдагы Үркүн, мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталардын күрөшү — бул окуялардын ар бири эгемендиктин, улуттук биримдиктин жана тарыхый жоопкерчиликтин баасын эске салат.

Биздин муундун милдети — ата-бабаларыбыздын элесин урматтоо менен гана чектелбестен, алардын эмгегин, идеясын жана мурасын терең изилдеп, келечек муундарга жеткирүү.

Эгер биз тарыхый чындыкты сактап, белгисиз калган ак барактарды толуктап, мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөгөн инсандардын эмгегин татыктуу бааласак, анда улуттук эс тутумубуз дагы да бекемделет.

Ата-бабаларыбыз бизге жерди, тилди, маданиятты жана мамлекеттүүлүктү мурас кылып калтырды. Эми ошол мурасты сактоо, өнүктүрүү жана кийинки муундарга татыктуу өткөрүп берүү — биздин улуу тарыхый милдетибиз.

Өткөндү унуткан эл өз тамырынан ажырайт. Тарыхын билген эл тамырын жоготпойт, багытын ондойт. Ал эми ата-баба мурасын аздек карап, келечегине ишенген эл гана күчтүү, биримдүү жана өнүккөн мамлекетти кура алат. 7–8-ноябрь — бул жөн гана эскерүү күндөрү эмес. Бул — улуттук эс тутумду жаңыртуу, тарыхый адилеттүүлүктү орнотуу жана келечек муундун алдында жоопкерчиликти күчөтүү.