Учурда Кыргызстан экономикалык өсүштүн темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына киргени эч кимди таң калтырбай калды. Өлкө бир нече жылдан бери өнүгүүнүн жогорку темпин сактап, ички дүң продукциянын (ИДП) жылдык өсүшү кеминде 10 пайызды түзүүдө. Буга чейин мындай көрсөткүчтөр кыял гана болчу.
2020-жылды эстейли. Ал өлкөбүздүн өнүгүүсүндөгү бурулуш учурлардын бири болгон. Мындан алты жыл мурда экономикабыз кыйла алсыз, бюджетте туруктуу тартыштык өкүм сүрүп, бул абалдан кантип чыгуу керектиги боюнча так түшүнүк жок эле. Бийликтин алмашуусу, жүргүзүлгөн реформалар жана өзгөрүүлөр, коррупциялык схемаларды жоюу жана уюшкан кылмыштуу топторго байланышы бар таасирдүү адамдардын ишмердүүлүгүн токтотуу сыяктуу чаралар алгач кырдаалды турукташтырууга, андан соң социалдык программаларды ишке ашырууга, өнөр жайдын мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө жана ири өнүктүрүү долбоорлорун баштоого шарт түздү.
Статистика макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта жакшырганын айкын көрсөтүп турат. 2020-жылдан 2025-жылга чейин Кыргызстандын консолидацияланган бюджети дээрлик беш эсеге көбөйүп, 247,8 млрд сомдон 1 трлн 101 млрд сомго жетти.
Башка көрсөткүчтөр да олуттуу өсүштү көрсөтүүдө:
- 2020-жылы ИДПнын көлөмү 8,3 млрд долларды түзсө, 2025-жылдын аягында 22,6 млрд доллардан ашты.
- Салык кызматынын жыйымдары 78 млрд сомдон 304,3 млрд сомго чейин өстү.
- Бажы төлөмдөрү жети эсеге көбөйүп, 21,3 млрд сомдон 158 млрд сомго жетти.

Кыргызстандын бюджети эми башка булактардын эсебинен каржыланууга муктаж эмес. Ал тышкы карызды тейлөөгө, өлкөнү комплекстүү өнүктүрүү программаларына олуттуу каражат бөлүүгө жетиштүү мүмкүнчүлүккө ээ болуп, ошол эле учурда киреше да алып келүүдө.
Айрым саясатчылар жана эксперттер өлкөбүз өнүгүүнүн эң жогорку баскычына – "прайм-эрага" кадам таштаганын айтышууда. Келечекке көз чаптырып, Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырыла баштаганын эске алсак, республиканын мүмкүнчүлүктөрү али толук пайдаланылган жок. Экономика өзүнүн бардык мүмкүнчүлүгүн көрсөтө элек.
Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде өзгөрүүлөр кантип башталганын, кандай жүргөнүн жана натыйжага эмненин аркасында жетишилгенин айтып берди.
"Ишти мамлекеттин каржы абалынан баштоого туура келди. Көп жылдар бою өлкөнүн өнүгүүсүнө өздүк каражаттар жетишсиз болуп келген. Ошондуктан салык жана бажы тармагындагы башкарууну жакшыртууга, санариптештирүүнү тездетүүгө жана электрондук эсепке алуу каражаттарын киргизүүгө олуттуу көңүл бурдук.
Мында негизги максат жөн гана санариптештирүү эмес болчу. Мамлекет экономиканын чыныгы жүгүртүүсүн жакшырак көрүп, көмүскө секторду кыскартышы керек эле. Салыкты адал төлөгөн ишкер көмүскө иштеген адамдан утулбашы керек.
Реформаларды жүргүзүү оңой болгон жок. Алар көп жылдардан бери калыптанып калган схемаларга таасирин тийгизгендиктен, каршылыктарга туш болду. Бирок мамлекеттин киреше бөлүгүн тартипке келтирмейинче, өлкөнүн алдына ири инвестициялык милдеттерди коюу мүмкүн эмес эле.

Натыйжада мамлекеттин өздүк каржылык мүмкүнчүлүктөрү кыйла өстү. Эл аралык валюта фондунун эсептөөлөрүнө ылайык, 2023-2025-жылдары мамлекеттик башкаруу секторунда үч жыл катары менен бюджеттин профицити катталды. Өнүгүүгө каражат табуу көп жылдар бою кыйын болуп келген Кыргызстан үчүн бул маанилүү чек болду. Инфраструктурага кыйла активдүү инвестиция салууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Ошол эле учурда биз мамлекет ишкерлердин ордун басышы керек деген максатты эч качан койгон эмеспиз. Максат башка болчу: мамлекет жолдорду куруп, энергетиканы жана коммуналдык инфраструктураны өнүктүрүп, ири транспорттук долбоорлорду ишке ашырып, бизнес инвестиция салууга кызыкдар боло турган шарттарды түзүшү керек.
Мындай инвестициялар мамлекеттик долбоордун өзүнөн да кеңири натыйжа берет. Өндүрүүчүлөр менен подрядчыларга буюртмалар түшүп, курулуш материалдарына, транспортко жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талап өсүп, жаңы жумуш орундары түзүлөт", – деди Акылбек Жапаров.
Андан соң экономикада түзүмдүк өзгөрүүлөр башталды. Өндүрүштүк базаны кеңейтүү үчүн мамлекет масштабдуу өзгөрүүлөрдү демилгеледи. Бул принципиалдуу маселе болчу. Башкача айтканда, экономиканы чийки затка көз каранды моделден чыгаруу максаты коюлду. Кайра иштетүү тармагын өнүктүрүп, кошумча нарк түзүү чынжырын мүмкүн болушунча кеңейтүү милдети белгиленди.
Ресурстар Кыргызстанда иштетилбей, чийки бойдон сыртка чыгарылбашы керек. Бийлик бул багыттагы иштерди акырындык менен кеңейте баштады. Мунун максаты – өлкөнү керектүү товарлар менен камсыздоо гана эмес, экспорттук мүмкүнчүлүгү бар тармактарды да өнүктүрүү.

"Мунун эң жөнөкөй мисалын айыл чарбасынан келтирсек болот. Эгер дыйкан алма өстүрүп, аны чийки бойдон дароо сатса, бул – экономиканын бир түрү. Ал эми ошол алманы Кыргызстанда сорттоп, муздатып, кайра иштетип, таңгактап, өз брендин түзүп, андан кийин гана тышкы рынокко сатса, бул таптакыр башка деңгээлдеги экономика болот.
Мындай процесстин ар бир баскычында өлкөнүн ичинде эмгек акы, пайда, салык жана жумуш орундары калат. Ошондуктан өндүрүүчүлөрдү кайра иштетүү, сактоо, логистика жана сатуу рыногу менен байланыштырган кластердик ыкманы өнүктүрө баштадык. 2026-жылы бул багыт мындан ары да өнүктү.
Ушундай эле ыкма жеңил өнөр жай тармагына да тиешелүү. Кыргызстан тигүү тармагы менен көптөн бери белгилүү. Эми өндүрүштүн мүмкүн болушунча көп баскычын өлкө ичинде калтыруу зарыл. Башкача айтканда, материалдарды даярдоо, иштетүү, даяр продукция чыгаруу, дизайн, өз брендин түзүү жана экспорттоо иштерин Кыргызстанда жүргүзүү керек.
Кошумча нарк негизинен адамдын акыл-эсинин жана билиминин жардамы менен түзүлгөн тармактар да бар. Ошондуктан IT, санариптик кызматтар жана креативдүү индустриялар маанилүү. Бул чакан өлкө үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Программалык камсыздоону, инженердик чечимдерди, дизайнды же санариптик кызматтарды өлкөнүн аймагынын көлөмүнө жана жаратылыш ресурстарынын санына карабастан дүйнөлүк рынокко сатууга болот.
Ушундай эле милдет өнөр жай жана кен байлыктарын пайдалануу тармактарында да турат. Ресурстарды минималдуу деңгээлде иштетип сыртка чыгарбай, мүмкүн болушунча өлкө ичинде кайра иштетүү зарыл.
Бул маселе толугу менен чечилди деген ой жараткым келбейт. Алтынга көз карандылык сакталып турат. Импорттун көлөмү дагы эле чоң. Көптөгөн багыттарда өздүк өндүрүш чынжырлары эми гана калыптанып жатат. Бирок мамиленин өзү өзгөрдү. Биз соода жүгүртүүнүн көлөмүнө же казылып алынган чийки заттын санына гана эмес, акыркы продукциянын наркынын канча бөлүгү Кыргызстанда түзүлүп жатканына да көңүл бура баштадык", – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Демек, анын айтымында, бүгүнкү жетишкендиктер Кыргызстанда болуп жаткан масштабдуу жана түп-тамырынан берки өзгөрүүлөрдүн алгачкы жемиши. Экономиканын алдыдагы ондогон жылдар бою туруктуу өнүгүшүнө негиз боло турган бекем пайдубал түзүлдү. Стратегиялык туруктуулукка жетүү багытында мамлекет күч алып, бизнес өнүгүп, калктын кирешеси өсүүдө.
"2024 жана 2025-жылдары экономикалык өсүштүн темпи эки орундуу көрсөткүчтү түздү. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын номиналдык көлөмү болжол менен 22,6 млрд долларга жетти.
2026-жылы да жогорку өсүш темпи сакталды. Берилген маалыматтарга ылайык, алгачкы тогуз айда реалдуу өсүш 10,8 пайызды түздү.
Мен мурда түптөлгөн көптөгөн механизмдер 2026-жылы да ишин улантканы туура болду деп эсептейм. Жакшы экономикалык саясат жетекчилердин алмашуусуна көз каранды болбошу керек.
Экономикалык өсүштү толугу менен өкмөттүн чечимдерине байланыштырууга болбойт. Ага тышкы рыноктогу кырдаал, аймактык соода жана финансылык агымдар да таасир этти.
Мамлекеттик башкаруунун милдети – түзүлгөн мүмкүнчүлүктү өз убагында байкап, туура чечим кабыл алуу жана аны өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн пайдалануу.
Мен китебимди "3 + 3 = 33" деп атаганым да ошондон. Анын мааниси үч жыл үч айдын ичинде Кыргызстандын бардык көйгөйлөрүн чечүүгө жетиштик дегендик эмес. Мындай билдирүү чындыкка туура келбейт. Негизги маңызы башкада. Салыштырмалуу кыска убакыттын ичинде мамлекеттин өздүк мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтүүгө, экономиканы башкаруу ыкмасын өзгөртүүгө жана жөн гана жүгүртүүнү көбөйтүүдөн өлкө ичинде көбүрөөк кошумча нарк түзүүгө өтүүгө шарт түзүлдү.
Бирок акырында экономиканы министрлер, эл аралык уюмдар же статистикалык таблицалар эмес, үй-бүлөлөр баалайт. Алар кирешесине, жумушуна, турак жайына, балдарынын билим алуусуна, медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнө жана эртеңки күнгө болгон ишенимине карап баа беришет", – деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.
Бүгүн бюджеттик, салыктык, инвестициялык жана тармактык саясатты бирдиктүү натыйжага багыттап, ар кандай мекемелердин ишин бир нукка салууга жетишилгени маанилүү. Мунун артында миңдеген адамдардын – мамлекеттик кызматкерлердин, финансисттердин, салыкчылардын, бажычылардын, энергетиктердин, куруучулардын жана ишкерлердин эмгеги турат.
Баары эле дароо ийгиликтүү болгон жок. Айрым чечимдерди өзгөртүүгө туура келди. Кээ бир учурларда эсептөөлөр жетишсиз болуп, айрым реформалар каршылыкка туш болду. Бирок жалпы багыт сакталды. Мындай ырааттуулук өзгөрүүлөрдүн ийгиликтүү жүрүшүнө өбөлгө түзгөн факторлордун бири болду.
Кыргызстан азырынча "илбирстин секиригине" даярданып жатат. Бул түп-тамырынан берки өзгөрүүлөрдүн жана экономикалык өнүгүүнүн жаңы деңгээлине өтүүнүн кийинки баскычы болот. 2030-жылдан 2050-жылга чейинки мезгил дагы терең өзгөрүүлөрдүн учуруна айланышы керек. Эгер өлкө бул өнүгүү жолун ийгиликтүү басып өтсө, Кыргызстан чыныгы "прайм-эрага" жол ачат.