Кыргыз экономикасы: Алты жылдын арышы, туруктуу өнүгүүгө карай

Аналитика
Кыргыз экономикасы: Алты жылдын арышы, туруктуу өнүгүүгө карай

Кубаныч Жолдошев

Бардык материалдар

Соңку алты жыл аралыгында Кыргызстандын экономикасы олуттуу өзгөрүүлөрдү баштан кечирди. Пандемиядан кийинки калыбына келүү, тышкы сооданын кеңейиши, курулуш тармагынын дүркүрөп өсүшү, кайра иштетүү өндүрүшү менен жалпы эле өнөр жайдын жанданышы, кызмат көрсөтүүлөрдүн өсүшү өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө түздөн-түз таасирин тийгизди.

Эгерде 2020-жылдагы пандемиянын кесепетинен Кыргызстан экономикалык төмөндөөгө дуушар болсо, кийинки жылдары экономика туруктуу өсүү траекториясына өттү. Өзгөчө 2022-жылдан тартып ички дүң продуктунун (ИДП) өсүү темпи жогорулап, 2024–2025-жылдары эки орундуу көрсөткүчкө жетти. 2026-жылдын тогуз айындагы статистикалык маалыматтар да жогорку өсүш ыргагы туруктуу сакталып жатканын көрсөтүүдө.

Бирок бул жерде негизги суроо туулат. Кыргызстандын экономикасы эмненин эсебинен өсүп жатат? Бул өсүш ата мекендик өндүрүштүн кеңейишине негизделгенби же тышкы соода, импорт, курулуш жана ички керектөөнүн көбөйүшү негизги ролду ойнодубу? Эң негизгиси, бүгүнкү экономикалык өсүш келечекте калктын жашоо деңгээлинин жогорулашын жана өлкөнүн экономикалык көз карандысыздыгын бекемдөөнү канчалык камсыздай алат? Бул суроолорго жооп издөө үчүн 2020–2026-жылдардагы экономикалык көрсөткүчтөрдү салыштырма талдоого алабыз.

Пандемиядан кийинки абал: экономиканы көтөрүү чарасы

2020-жылы Кыргызстандын экономикасында абдан оор мезгил болду. COVID-19 пандемиясы, мамлекеттик чек аралардын жабылышы, ишкердик активдүүлүктүн төмөндөшү жана эл аралык соода-логистика жолдорунун үзгүлтүккө учураганы экономиканын көптөгөн тармактарына терс таасирин тийгизди. Натыйжада ИДПнын реалдуу көлөмү аябай эле төмөндөп кеткен. Кыргызстан мына ошол кезде республикалык бюджеттин кирешесин толтура албай калып, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду жана Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык донор уюмдардан каржылык жардам суроого аргасыз болгону маалым.

2021-жылдын аягынан тартып улуттук экономика акырындап калыбына келе баштады. Ички сооданын жанданышы, ишканалардын ишмердүүлүгүнүн калыбына келиши жана тышкы экономикалык байланыштардын кеңейиши экономикалык өсүшкө өбөлгө түздү.

2022–2023-жылдары экономикалык өсүш болжол менен 8,5-9 пайызды түзүп, Кыргызстан Борбор Азияда гана эмес, жалпы эле КМШда ири өсүштү камсыздаган өлкөлөргө кошулду. 2024-жылы болсо өсүш 11,3 пайызга, 2025-жылы 11,1 пайызга жетти. Ал эми 2026-жылдын 9 айында (январь–сентябрь айларында) ИДПнын реалдуу өсүшү 10,8 пайызды түздү.

Бул көрсөткүчтөр экономиканын жөн гана пандемиядан кийинки калыбына келүүсүн эмес, анын көлөмүнүн жана экономикалык активдүүлүктүн кыйла кеңейгенин көрсөтөт.

Ошол эле учурда номиналдык ИДПнын өсүшүн реалдуу өсүш менен чаташтырбоо керек. 2020-жылы 639,7 млрд сомду түзгөн ИДП 2025-жылы 1 976,4 млрд сомго жетти. Башкача айтканда, беш жыл ичинде номиналдык көлөм болжол менен 3,1 эсеге көбөйдү. Бирок бул өсүштүн курамында инфляциянын жана баалардын өзгөрүшүнүн да үлүшү бар.

Демек, экономиканын чыныгы өнүгүүсүн баалоодо өндүрүштүн физикалык көлөмү, эмгек өндүрүмдүүлүгү жана калктын реалдуу кирешелери негизги көрсөткүчтөр болушу зарыл. Экономист Насирдин Шамшиев 2025-жылдан берки көрсөткүчтөр туруктуу жана ишенимдүү өсүштү камсыздай турганын айтты.

"Экономикалык динамиканы карасак, 2019–2020-жылдары ички дүң өнүмдүн көлөмү 639 млрд сомду гана түзгөн болчу. Бул эми пандемияга чейин эле. Ал эми 2025-жылы 2 триллион сомго жакындады. 2026-жыл жыйынтыкталса, бул көрсөткүч 2 триллион сомдон ашат деп күтүлүүдө. Курулуштагы кескин өсүш, айыл чарбадагы жана өнөр жайдагы динамикалуу өнүгүү менен катар узак мөөнөттүү инвестицияларды тартуу негизги кыймылдаткыч күчкө айланды. Бул болсо келечектеги туруктуу өсүшкө бекем пайдубал түзөт", – дейт экономист Насирдин Шамшиев.

Экономиканын кыймылдаткыч күчү — курулуш жана инвестициялар

2026-жылдагы экономикалык көрсөткүчтөрдүн ичинен өзгөчө көңүл бура турган жагдай бул — курулуш тармагынын кескин өсүшү.

2025-жылы курулуш тармагынын өсүшү 21,1 пайызды түзсө, 2026-жылдын тогуз айында бул көрсөткүч 62,2 пайызга жеткен. Курулуштун ИДПдагы үлүшү да 9,1 пайызга чейин жогорулады.

Бул өсүш биринчи кезекте мамлекеттик ипотекалык негиздеги турак жай курулушу, инфраструктуралык долбоорлор, социалдык объектилер, соода-логистикалык же коммерциялык имараттар жана өндүрүштүк объектилердин ири курулуштарынын башаты менен байланыштуу.

Курулуштун экономикалык мааниси анын түздөн-түз ИДПга кошкон салымы менен гана чектелбейт. Бул тармак цемент, металл, кирпич, айнек, электр жабдуулары, эмерек жана транспорт кызматтарына болгон суроо-талапты да көбөйтөт. Натыйжада курулуштун өнүгүшү башка тармактардын да мультипликативдик жандануусуна өбөлгөлөрдү жана шарттарды түзөт.

Бирок, курулуштун өтө тез ылдамдык менен өсүшү экономикалык саясат үчүн бир катар суроолорду жаратат. Мисалы, курулушка жумшалган инвестициялар канчалык деңгээлде жаңы өндүрүштүк кубаттуулукту түзүп берүүдө? Жаңы курулган объектилер экономикага узак мөөнөттүү пайда алып келеби? Бул долбоорлор канча туруктуу жумуш ордун камсыздай алат?

Эгерде инвестициялар негизинен турак жай жана соода объектилерине багытталса, алардын экономикалык натыйжасы өндүрүштүк ишканаларга салынган инвестициялардан айырмаланышы мүмкүн.

Ошондуктан курулуштагы өсүштү өндүрүш, экспорт жана жумуш менен камсыз кылуу көрсөткүчтөрү менен бирге баалоо зарыл.

Өнөр жай: экономикалык көз карандысыздыктын негизги шарты

Кыргызстандын узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүсүндө өнөр жай өзгөчө мааниге ээ. Себеби, өнөр жай тармагы өлкөдөгү өндүрүштүк кубаттуулукту гана камсыздабастан, кошумча нарк түзүүгө, импортко болгон көз карандылыкты азайтууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарттарды камсыздап берери белгилүү.

2025-жылы өнөр жай өндүрүшү 10,7 пайызга өскөн. 2026-жылдын январь–сентябрь айларында өнөр жай тармагынын реалдуу өсүшү 7,1 пайызды түздү.

Өнөр жайдагы өсүш кайра иштетүү жана тамак-аш өндүрүшү, фармацевтика, текстиль, тигүү, курулуш материалдары, химиялык продукция жана пайдалуу кендерди казып алуу сыяктуу багыттарда байкалууда.

2026-жылдын тогуз айында айрым өндүрүш түрлөрү өзгөчө жогорку өсүш көрсөттү. Курулуш материалдарын өндүрүү 29,1 пайызга, транспорт каражатын кураштыруу же керектүү шаймандарды өндүрүү 39,4 пайызга, химиялык продукция 2,3 эсеге, тазаланган мунай продуктулары 1,9 эсеге көбөйгөн.

Бул көрсөткүчтөр айрыкча кайра иштетүүчү өндүрүштүн айрым багыттары кеңейип жатканын билдирет. Бирок өндүрүштүн өсүшү менен ата мекендик кошумча нарктын өсүшү дайыма эле бирдей эмес. Эгерде ата мекендик өндүрүш импорттук чийки затка, техникалык жабдууларга жана тетиктерге өтө көз каранды болсо, анда анын өлкө ичинде экономикалык пайдасы аз болушу мүмкүн.

Ошондуктан Кыргызстан үчүн өнөр жайды өнүктүрүүнүн негизги багыты — чийки затты жөн гана казып алуу же баштапкы иштетүү эмес, аны даяр продукцияга чейин жеткирүү милдети турат.

Мисалы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, азык-түлүк өндүрүү, текстиль, тигүү, фармацевтика жана курулуш материалдары тармактары өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулата алат.

Соода жана кызмат көрсөтүү: өсүштүн татаал таржымалы

Кыргызстандын экономикасында соода жана кызмат көрсөтүүлөр чоң роль ойнойт. 2026-жылдын январь–сентябрь айларында сооданын өсүшү 8,3 пайызды, транспорттук жеткирүү жана жүк сактоо 5,4 пайызды, мейманкана жана ресторандар 8,9 пайызды, маалымат жана байланыш 6,8 пайызды түздү.

Сооданын өнүгүшүнө ички керектөөнүн көбөйүшү, импорттук товарлардын сатылышы, логистикалык кызматтардын кеңейүүсү жана бул багытта ишкердик активдүүлүктүн жогорулап жатканы таасир этүүдө.

Өзгөчө 2021-жылдан тарта Кыргызстандын тышкы соода байланыштарынын жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүнүн мааниси өстү. Кытай, Казакстан, Россия, Түркия, Европа жана башка өлкөлөр менен соода-экономикалык байланыштардын кеңейиши товар жүгүртүүгө жана логистикага кошумча түрткү берди.

Бирок соода тармагындагы өсүштү өлкө ичинде түзүлгөн өндүрүштүк нарктын өсүшү менен тең кароого болбойт. Импорттук товарларды кайра сатуу соода кызматтарын, транспортту жана логистиканы өнүктүрөт, бирок ошол эле учурда өлкөнүн өзүндө товар өндүрүүнүн көбөйгөнүн автоматтык түрдө билдирбейт.

Демек, сооданын өнүгүшү менен катар ата мекендик өндүрүштүн, экспорттун жана кайра иштетүүнүн үлүшүн көбөйтүү маанилүү.

Айыл чарбадагы ачыла элек мүмкүнчүлүк

Кыргызстан үчүн айыл чарба тармагы экономикалык жана социалдык жактан маанилүү тармак экени белгилүү. Кыргызстанда айыл калкынын басымдуу бөлүгү мына ушул тармакта алектенет.

2026-жылдын тогуз айында айыл чарбасынын өсүшү 6,5 пайызды түзгөн. Анын ИДПдагы үлүшү 8,4 пайыз болгон. Өсүш мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба продукциясын өндүрүү багыттарында байкалууда.

Ошол эле учурда айыл чарбасынын экономикадагы салыштырмалуу үлүшүнүн төмөндөшү бул тармактын мааниси азайып жатат дегенди билдирбейт. Тескерисинче, башка тармактар тезирек өсүп жаткан шартта айыл чарбасынын жалпы ИДПдагы үлүшү салыштырмалуу кыскарышы мүмкүн.

Бирок аталган тармакта чечүүнү талап кылган маселелер жетиштүү. Алардын катарына эски сугат системасынын абалы, тармакты пландоонун чабалдыгы, өндүрүмдүүлүктүн төмөндүгү, кампада сактоо, логистика жана экспортко чыгаруу инфраструктурасынын жетишсиздиги, кайра иштетүү ишканаларын жогорку деңгээлге чыгарууда санынын жана кубаттуулугунун аздыгы кирет.

Кайра иштетүү, тамак-аш өндүрүшү алдыга чыкты

Айыл чарбасын өнүктүрүүдө негизги максат өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн көбөйтүү менен гана чектелбеши керек. Продукцияны кайра иштетүү, таңгактоо, сактоо жана экспорттоо системасын түзүү сыяктуу туруктуу чынжырчаларды камсыздоо зарылдыгы турат.

Мисалы, мөмө-жемиштер менен сүттү чийки түрүндө саткандан көрө шире, кургатылган жемиш, консервалар, быштак, сыр жана башка даяр сүт азыктары катары өндүрүү кошумча наркты өлкөнүн ичинде калтырууга мүмкүнчүлүк берет. 2026-жылы тамак-аш, суусундуктарды өндүргөн ири жана орто ишканалардын саны 462ге жетип, жеке ишкерлер 5 481 адамды түздү. Айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүүдө туруктуу өсүш байкалып, тамак-аш өндүрүүчүлөрдүн үлүшү өлкөнүн кайра иштетүү өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүнүн 17,1 %ын түздү.

2026-жылдын 9 айында тамак-аш өнөр жайы ишканалары 92 753,1 млн сомдук продукция өндүрдү. Физикалык көлөмдүн индекси 109,4 %ды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өндүрүш көлөмүнүн бир кыйла өскөнүн көрсөтөт.

Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын январь–сентябрь айларында өндүрүш көлөмү 75 086,6 млн сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 137,3 % болгон. Бул көрсөткүчтөр сектордун өнүгүүсүнүн оң динамикасын жана өндүрүштүк активдүүлүктүн өсүшүн чагылдырат. Бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого жана ата мекендик кайра иштетүү өнөр жайынын экспорттук потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Экономикалык өсүштүн артындагы негизги факторлор

Кыргызстандын кийинки жылдардагы экономикалык өсүшү бир катар факторлордун айкалышы менен түшүндүрүлөт.

Биринчиден, ички керектөөнүн көбөйүшү соода, курулуш жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңейишине шарт түздү. Калктын кирешесинин көбөйүшү, керектөө насыяларын алуунун жайылышы жана активдүүлүктүн өсүшү ички рыноктогу экономикалык кыймылды жандандырды.

Экинчиден, мамлекеттик жана жеке инвестициялар экономикалык өсүштүн маанилүү булагына айланды. Жолдорду, энергетикалык объектилерди, социалдык имараттарды жана турак жайларды куруу экономикалык активдүүлүктү күчөттү.

Үчүнчүдөн, тышкы соода жана логистика кеңейди. Регионалдык соода байланыштарынын өзгөрүшү Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратты. Бирок бул багыттагы өсүш тышкы рыноктордогу өзгөрүүлөргө жана соода чектөөлөрүнө көз каранды бойдон калууда.

Төртүнчүдөн, сырттан эмгек мигранттарынын акча которуулары ички керектөөнү колдоого салым кошту. Бул каражаттар үй-бүлөлөрдүн чыгымдарын, турак жай сатып алууну жана чакан ишкердикти каржылоону колдой алат. Бирок акча которуулар өз алдынча өлкө ичинде өндүрүлгөн кошумча нарк болуп эсептелбейт.

Бешинчиден, ата мекендик өндүрүштүн айрым багыттары кеңейип, импортту алмаштырууга жана кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.

Экономиканын сапаты: жетишкендиктер бар, тобокелдиктер да аз эмес

ИДПнын жогорку темпте өсүшү, албетте, оң көрүнүш. Бирок экономиканын чыныгы абалын баалоо үчүн өсүштүн сапатына көңүл буруу маанилүү.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан бир нече маанилүү чакырыкка туш болууда.

Биринчиси — импортко көз карандылык. Өлкөдө керектелген көптөгөн товарлар, жабдуулар жана өндүрүштүк ресурстар сырттан келет. Бул тышкы соода балансына жана валюталык рынокко таасир этет.

Экинчиси — экспорттун жетиштүү диверсификацияланбагандыгы. Ата мекендик даяр продукциянын үлүшүн көбөйтүү зарылдыгы турат.

Үчүнчүсү — эмгек өндүрүмдүүлүгү. Экономиканын көлөмү өсүп жатканы менен, ар бир жумушчуга туура келе турган өндүрүш көлөмү да жогорулап, ал орточо эмгек акынын көбөйүүсү менен шартталышы керек.

Төртүнчүсү — инфляция. Экономикадагы ички суроо-талаптын тез өсүшү баалардын кескин жогорулашына алып келүүдө. Калктын кирешелери өскөн менен анын кайсы бир бөлүгүн инфляция "жеп" коюуда.

Ошондуктан номиналдык кирешелердин өсүшү менен реалдуу сатып алуу жөндөмүнүн өсүшүн өзүнчө кароо зарыл.

Бешинчиси — курулушка жана ички керектөөгө таянуу. Экономиканын туруктуулугу үчүн инвестициялардын көбүрөк бөлүгү өндүрүшкө, технологияга жана экспорттук потенциалга багытталышы керек.

"Ошол эле учурда экономикалык өсүштүн туруктуулугу үчүн инфляция, импортко көз карандылык, энергетикалык тартыштык, тышкы экономикалык тобокелдиктер жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндүгү сыяктуу маселелерди чечүү зарыл. Башкача айтканда, ИДПнын өсүшү гана эмес, анын калктын реалдуу кирешесине жана жашоо сапатына тийгизген таасири маанилүү" - дейт ОшМУнун доценти, экономист Эрлан Камалов.

Демек, Кыргызстандын алдында турган башкы милдет — жогорку өсүш темптерин сактоо менен бирге экономиканын ички өндүрүштүк негизин бекемдөө милдети.

Кыргызстандын экономикасы азыр жогорку өсүш темпин көрсөтүп, жаңы экономикалык өнүгүү баскычына кадам таштады. 2026-жылдын январь–сентябрь айларында өлкөнүн ички дүң продуктусу 1 трлн 640,9 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,8 пайызга өстү. Бул экономикалык активдүүлүктүн жогору экенин көрсөтөт.

Экономист Эрлан Камалов Кыргызстанда туруктуу экономикалык өнүгүүгө негиздер түзүлүп жатканын белгиледи.

"Менин пикиримде, туруктуу өнүгүүгө негиз боло турган маанилүү шарттар түзүлүп жатат. Атап айтканда, инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы, жолдордун курулушу, энергетика тармагына салынган инвестициялардын көбөйүшү, өнөр жай жана айыл чарбасынын өнүгүшү экономикалык потенциалды бекемдөөдө. Экономикалык өсүшкө бир нече негизги фактор таасир этүүдө. Биринчиден, мамлекеттик инвестициялар жана инфраструктуралык курулуштар. Экинчиден, ички керектөө жана соода жүгүртүүнүн кеңейиши. Үчүнчүдөн, чет өлкөдөн келген акча которуулар, тышкы соода байланыштары жана жеке инвестициялардын агымы" - деди экономист Эрлан Камалов.

Ошондой эле эксперттер өлкөнүн ЕАЭБ алкагындагы экономикалык байланыштары жана Кытай, Өзбекстан, Казакстан менен соода мамилелеринин кеңейиши да маанилүү роль ойногонун айтышууда. Эл аралык валюта кору да акыркы жылдардагы өсүштүн негизги факторлору катары тышкы сооданы, акча которууларды, капитал агымын жана курулуш тармактарындагы алдыга жылууну белгилейт.

Кыргызстандын жаңы экономикалык модели кандай?

Келечектеги экономикалык саясат бир нече артыкчылыктуу багыттарга таянышы зарыл экени белгилүү болуп калды. Эксперт-экономисттер негизги 5 багытка басым жасоону сунушташууда.

Биринчиден, өнөр жайды диверсификациялоо жана кайра иштетүүнү өнүктүрүү. Өлкө чийки затты экспорттоочу гана эмес, даяр продукцияны өндүрүп жана экспорттой алган мамлекетке айланышы зарыл.

Экинчиден, айыл чарбасында заманбап технологияларды киргизүү, сугат системаларын жаңылоо жана кайра иштетүүчү ишканаларды көбөйтүү маанилүү.

Үчүнчүдөн, курулуш тармагындагы инвестициялардын натыйжалуулугуна көңүл буруу зарыл. Инвестициялардын бир канча бөлүгүн өндүрүштүк объектилерге, энергетикага жана логистикага багыттоо.

Төртүнчүдөн, чакан жана орто бизнести колдоо зарыл. Ишкерлерге жеткиликтүү каржылоо, туруктуу укуктук шарттар жана экспорттук рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлүшү керек.

Бешинчиден, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу зарыл. Электр энергиясынын жетиштүүлүгү өнөр жайдын, курулуштун жана жаңы инвестициялык долбоорлордун өнүгүшү үчүн негизги шарттардын бири болуп саналат.

"Эми негизги милдет — инвестицияларды өндүрүшкө багыттоо, жеке сектордун ролун күчөтүү, атаандаштыкты өнүктүрүү жана экономиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу. Менин оюмча, Кыргызстандын келечектеги экономикалык модели үч негизги таянычка — өндүрүшкө, инновацияга жана адам капиталына негизделиши керек. Экономиканын ийгилиги ИДПнын өсүшү менен гана эмес, ар бир жарандын жашоо деңгээлинин жакшырышы, туруктуу жумуш орундарынын түзүлүшү жана өлкөнүн экономикалык өз алдынчалыгынын бекемделиши менен өлчөнүшү зарыл деп эсептейм" - деген оюн ортого салды Эрлан Камалов.

Корутунду: сандык өсүштөн сапаттуу өнүгүүгө карай

2020–2026-жылдардагы экономикалык көрсөткүчтөр Кыргызстандын экономикасы пандемиялык кризистен кийин олуттуу өсүү баскычына өткөнүн көрсөтүп турат.

2024-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү 11,5 пайызды, 2025-жылы 11,1 пайызды түзгөн. 2026-жылдын тогуз айында 10,8 пайыздык өсүш катталган. Мындай көрсөткүчтөр өлкөдө экономикалык активдүүлүктүн жогору карап баратканын тастыктайт.

Ошол эле учурда 2026-жылдагы эң маанилүү тенденция — курулуш тармагынын кескин өсүшү жана товар өндүрүүчү секторлордун экономикадагы салмагынын жогорулашы.

Өнөр жайдагы жана айыл чарбасындагы өсүш экономикадагы оң көрүнүш. Бирок, бул тармактардын узак мөөнөттүү өнүгүүсү үчүн технологиялык жаңылануу, кайра иштетүү, экспортту диверсификациялоо жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу талап кылынат.

Кыргызстандын экономикалык келечеги ИДПнын канча пайызга өскөнү менен гана эмес, ошол өсүштүн өлкө ичинде канча кошумча нарк түзгөнү, канча туруктуу жумуш орду пайда болгону, экспорттун канчалык кеңейгени жана калктын реалдуу жашоо деңгээли канчалык жогорулаганы менен өлчөнүшү керек.

Кыргызстан үчүн негизги стратегиялык милдет — экономиканын көлөмүн көбөйтүү гана эмес, анын сапатын өзгөртүү. Башкача айтканда, соодага жана керектөөгө гана көбүрөк таянган моделден өндүрүшкө, кайра иштетүүгө, технологияга жана жогорку кошумча наркка негизделген туруктуу экономикалык моделге өтүү зарылдыгы турат.

Мына ушул багыт өлкөнүн узак мөөнөттүү экономикалык коопсуздугун, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана калктын бакубат жашоосун камсыз кылуунун негизги шарты болуп саналат.

Маалымат булактары: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду. 2026-жылдын 9 айы боюнча көрсөткүчтөр январь–сентябрь айларын камтыйт жана алдын ала маалымат болуп саналат.