Жергиликтүү жетекчилердин чабалдыгы жана кадр саясатындагы күтүлгөн бурулуш

Аналитика
Жергиликтүү жетекчилердин чабалдыгы жана кадр саясатындагы күтүлгөн бурулуш
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы
Кабар редакциясы

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров өлкөнүн түштүгүн кыдырып, калк менен түз жолугушуулары жыйынтыкталды. Бул жөн эле жумушчу график эмес, көйгөйлөр жашырылбай көтөрүлгөн туруктуу саясий формат – тикелей көзөмөл ыкмасы болуп калды. Президент жыл жыйынтыгы менен жергиликтүү жана тармактык бийлик органдарынын жетекчилеринин ишине баа берилерин ишарат кылды. Ошондуктан президент мурдатан даярдалган "дүжүр" аксакалдар же аймактык актив менен эмес, карапайым калктын өзү менен жолугуп, курч суроолорго жооп кайтарып, кээ бир көйгөйлөрдү жеринен чечүүгө көрсөтмөлөрдү берди.

Саясат таануу илиминде бул көрүнүш тикелей башкаруу ыкмасы – түз коммуникация катары сыпатталат. Садыр Жапаровдун жасалма отчет, жалган сандар же жарыбаган салттуу убадалардан качып, реалдуу жагдайды ичинен билүүгө жасаган аракетинин экинчи жагы да бар: бул түз жолугушуулар бийлик вертикалынын дал кайсы жеринде мүчүлүштүктөр кетип жатканын аныктап, көрүп, билүү болчу.

Өлкө башчысы калк менен жолукканда адатта жергиликтүү бийлик же укук коргоо органы жетекчиликке жеткирбей “фильтрлеп” келген терс көрүнүштөрдүн жүзү ачылды.

Укук менен уяттын аралыгы

Президент Садыр Жапаровдун Тогуз-Тородогу эл менен жолугушуусуна Токмоктон атайын арыз-муңун жеткирүү үчүн барган Ширин Абдрухаманов аттуу жаш жигит анын атасы Доодарбек Абдурахманов эки миң сом пара берүүгө айыпталып, эки жылга кесилип кеткенине даттанган.

“Атам райондук соттон акталды. Кийин прокуратура облустук сотко жазды, ал жерде иш 7 ай каралды. Ары-бери сүйрөп, 2 жылга эркинен ажыратып койду. Жогорку сотко кайрылдым, ал жакта облустук соттун чечимин күчүндө калтырып койду. Арзыбаган эки миң сом үчүн атам 6 айдан бери камакта" – деген арыздануучу Ширин Абдурахманов.

Доодарбек Абдурахмановдун үй-бүлөсү 2025-жылы Тажикстандан көчүп келген. Ага жашы жете элек уулу документи жок скутер айдаганы үчүн айып пул салынган. Протокол түзүлүп, ал эки миң сом айып пулду накталай төлөө учурунда пара берүүгө шектелип кармалганы айтылууда. Бул иш боюнча райондук сот кылмыштын курамы жок деген негизде Абдурахмановду актаган. Бирок облустук сот аны пара берүүгө айыптаган өкүм чыгарып, 2 жылга соттосо, Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бул иш үчүн сотторду уяткарып, жазалоонун камоодон башка түрлөрүн колдонсо болмоктугун айтып, ишти кайра териштирүүнү тапшырды.

"Ири көлөмдө пара алды деген болсо бир жөн, эки миң сом пара берген үчүн камаганыңар уят да. Чечим чыгарарда логикалык жактан ойлонуш керек эле, прокурорлор баш болуп аркасынан түшүп алганы кандай. Акталдыбы, айып пул менен чыгарса болот да, эки миң сом пара берсе, 20 миң сом айып пул салып чыгарып койгула. Мына жаза ошол болот", — деди президент.

Ал эми юристтер тергөө,прокуратура жана сот органдары кылмыш-жаза укугуна ылайык, бул маселеде “жасалган ишке жараша жазанын өлчөмдөштүгү принциби” бузулган жагдайды белгилешти.

Калктын арыз-муңу, президенттин кадамы

Президенттин жолугушууларында ар түркүн мазмундагы миңдеген арыз-даттануулар, кайрылуулар түшүп, айрымдары жеринде чечилип, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Калктан түшкөн суроолордун көпчүлүгү сот-укуктук системанын ишине, жергиликтүү жана тармактык башкаруу органдарынын кызмат көрсөтүү сапатына байланыштуу.

Президентке жылдар бою үйүлүп кеткен көйгөйлөр көтөрүлүп, аларды чечүүдө айрым жергиликтүү жана кээ бир тармактык жетекчилердин чабалдыгы көрүндү. Эксперттик чөйрөдө бийлик вертикалы майнаптуу иштеш үчүн жергиликтүү маселелерди чече албаган айрым аткаминерлерден арылууга мезгил келип жеткени айтыла баштады. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат иштери боюнча коомдук эксперт Кайрат Кыштообаев кадр саясатын карап чыгуу зарылдыгы турганын белгиледи.

“Кайсы мамлекеттик кызмат болбосун, жетекчилерге өзгөчө талаптар коюлушу керек. Алардын маселелерди чечүү жана уюштуруучулук жөндөмүнө өзгөчө басым жасап, тандоо маселеси турат. Президентибиздин эңсегени да ошол. Ал дайыма татыктуулар кызматка келсин деп жатат. Бул маселеде муз ордунан козголуп, бурулуш боло баштады. Эми маселени чечүүнү создуктургандарга гана эмес, ишин билбей же билсе да атайын "саботаж" кылгандарга катаал чаралар көрүлсө, жыйынтык көрүнө баштайт”, – дейт Кайрат Кыштообаев.

Буга чейин 2026-жылдын июнь айында Чолпон-Атадагы кеңешмеде Садыр Жапаров көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн 80-90%ы жергиликтүү бийлик органдары жеринде чече турган маселелер экенин айткан. Турак жай, суу, жол, жарык, мүлк талаш маселелери – мунун баары облустук ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, райондук акимдердин жана айыл аймактарынын башчыларынын түз функционалдык милдети болчу. Бирок, алар коюлган маселелерди жылдап, кээде ондогон жылдар бою чече алышкан эмес. Ал эми жарандар көтөргөн көйгөйлөрү жергиликтүү деңгээлде чечилбей, жооп ала албагандыктан президентке чейин кайрылууда.

Быйыл, 2026-жылдын октябрынын экинчи жарымында Жалал-Абад облусундагы президенттин эл менен жолугушуулары да буга мисал боло алат. Мамлекет башчысы жергиликтүү жетекчилерге жылдын башында эле жер талаштарын чечүүнү талап кылганын эске салды. Жыл соңунда бул боюнча кырдаал өзгөрбөгөнү белгилүү болду. Жергиликтүү аткаруу бийлигине тапшырмалар берилген. Бирок коюлган талаптар өз убагында же сапаттуу аткарылган эмес.

Мамлекет башчысы Конституциянын кепили. Бирок, калктын калың катмарынын укугун коргоп, чечилбей келген көйгөйлөргө көңүл бөлүп, дайым алектенүүгө президенттин убактысы да, мүмкүнчүлүгү да жетишпеши мүмкүн. Бирок, мамлекеттик институттар сааттын механизминдей так иш алып баруусу аксап турганда мамлекет башчысы эл менен түз жолугуп, көтөрүлгөн көйгөйлөргө көңүл бурганы тиешелүү бийлик органдарынын ишине импульс берип, көзөмөлдү күчөтүү жана ишти илгерилетүүгө өбөлгө түзөрү турган иш.

Президент Садыр Жапаров иш ыргагы жай, чечим кабыл алууда убакытты создуктурган жетекчилерге быйыл жыл жыйынтыгынын негизинде чара көрүлө турганын билдирди:

"Таптакыр иштебей жатышат дегенден алысмын. Бирок темп абдан жай. Жаңы жылдан соң 2026-жылдын жыйынтыгын чыгарабыз. Ошондо элдин көйгөйлөрүн, илгертен бери чечилбей келе жаткан талаш-тартыштарды чече албай, создуктуруп жүргөн облус жетекчилерине, губернаторлорго эле эмес, бардык жетекчилерге чара көрөбүз", - деди президент.

Ошол эле учурда аткаминерлердин маяналары 70-100 миң сомго чейин көтөрүлүп, жаңы кызматтык автоунаалар берилип, шарттар түзүлгөн. Бирок, президент аткаминерлердин аткаруучулук тартибинде маселелер болуп жатканын жашырган жок.

Буга чейинки системалык калпыстыктар: бийлик вертикалы коюлган, буйруктар жогору жактан келип жатат, ал эми төмөнкү жана ортонку деңгээлдеги аткаруучу звено толук кандуу иштей албай, ишти илгерилетүү аксап турган учурлар бар экени белгилүү болду. Ошондуктан президент жергиликтүү бийлик же тармактык башкаруу органдары чечүүгө тийиш болгон маселелерге убактысын коротууга мажбур болуп калууда.

Башкаруунун башатын өзгөртүү

Мамлекет башчысы негизги милдетине ылайык, экономика, коопсуздук, тышкы саясат жана институционалдык реформалар менен алектенип келди. Садыр Жапаровдун алгачкы президенттик жылдары тутумдашкан коррупция менен күрөшүүгө жана бийлик вертикалын кайра курууга кетти. Бул мамлекет үчүн абдан зарыл болгон этап эле. Азыр эми Садыр Жапаров өзү белгилегендей, башкаруунун күчтүү, натыйжалуу жана ийкемдүү институттарын курууга убакыт келди.

Буга чейин Садыр Жапаров 30 жыл бою бошоң же кашаң иштеп келген институттарды ишке жарамдуу абалга алып келип, чыңдоо керектигин айтып, аны негизги милдет катары алдыга койду. Анын айтымында, мурда мамлекет коррупция менен күрөшүп, тартипке келтирип келсе, эми чиновниктер тикелей кол менен башкаруусуз, өз алдынча иштей алган мамлекеттик башкаруу тутумун жөнгө салуу максаты турат. Президент чиновниктер оболу кесипкөй жана тажрыйбалуу болушу керек деп эсептейт. Бул жөн эле курулай убада эмес, конкреттүү план.

Саясат таануу илиминде тикелей башкаруу же патерналисттик ыкмасы бийлик институттарын "ойготууга", ийкемдүү система түзүүгө, аны "паралич" абалдан чыгарып, кайра жандандырууга өбөлгө түзөрү көрсөтүлгөн. Президент эл менен жолугушууда маселени жеринен өзү чечкенде, ал тийиштүү министрликтин, соттун же жергиликтүү акимдин милдетин өзүнө алгандай көрүнгөнү менен, түпкүлүгүндө көйгөйдү токтоосуз чечүүгө чакырык таштап, бийлик органдарына сигнал жана импульс берип, муну системага айлантуу аракетин көрүп жаткандай.

Натыйжада, чиновниктер өз алдынча чечим кабыл алуудан жана жоопкерчиликтен коркпой, системалык негизде иш алып баруусун камсыздоо максаты турат. Мунун өзү жогору жактан буйрук болмоюнча козголбоону өнөкөткө айлантып алган башкаруу аппаратын жөнгө салып, буга чейин уктап калган же дендароо абалдагы мамлекеттик институттарды ойготуп жандантуу демилгеси менен байланыштуу.