Садыр Жапаровдун анык саясий атаандаштыкка жана шайлоонун таза өтүшүнө өзү да кызыкдар экенин айтып, президенттикке талапкерлер менен жолуккан кадамынын түпкү саясий мааниси эмнеде?
Кыргызстан дагы бир президенттик шайлоонун алдында турат. Президент Садыр Жапаров саясий атаандаштарын бир столго чакырып, ачык пикир алмашып, аларды угуп, шайлоодо бардыгына бирдей шарт түзүү ниети бар экенин билдиргени коомго өзгөчө сигнал болду. Мамлекет башчысы административдик ресурсту пайдаланууга, мамлекеттик аппаратты бир гана талапкерди колдоого мажбурлап, саясий атаандаштарга басым жасоого жана жасалма тоскоолдуктарды жаратууга жол берилбестигин ачык билдирди.
“Мен алдыдагы президенттик шайлоонун таза, ачык-айкын жана адилеттүү өтүшүнө жеке өзүм кызыкдармын. Буга чейин да бир нече жолу айткам, бүгүн дагы кайталайм. Бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керек. Мурдагы шайлоолордогу административдик басым, коркутуу жана жасалма тоскоолдуктар артта калышы керек”, - деди президент Садыр Жапаров.
Президенттик убада, жетилген демократияга карай
Мамлекет башчысы жолугушууда президенттике талапкерлерди укканын, шайлоо боюнча алардын айрым тынчсыздануулары сөзсүз эске алынарын айтты. Ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге өзүнчө кайрылып, алардын милдети бир адамга эмес, мамлекетке кызмат кылуу экенин, эгер шайлоого мыйзамсыз кийлигишүү болсо, ким болбосун, жооп берерин эскертти. Садыр Жапаровдун “менин президенттик шайлоого катышуум сиздерди жеке мага иштөөгө милдеттендирбейт”, - дегени өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Бул билдирүү эмнеден кабар берет? Президент шайлоо маданиятын түп тамырынан өзгөртүүгө басым жасаганы жөн жеринен эмес. Муну анын жөн гана шайлоо алдындагы көңүл жубатуусу эмес, бийлик менен коомдун мамилесин жаңы нукка буруу аракети катары кароого негиз бар.
Экинчи мөөнөткө аттанган президент үчүн бул өзгөчө маанилүү. Анткени анын биринчи мөөнөттөгү ишмердигине берилген баадан тышкары, кийинки беш жылга элдин эркин тандоосу аркылуу мандат алуу ниети анын саясий мурасы үчүн да маанилүү болуп саналат. Ошондуктан ал демократиялык жолдон тайбай, таза жеңишти камсыздоого бел байлап жатканы жөн эмес.
“Мен “Кыргызстанда шайлоо” дегенде элдин эсине коркутуу, басым-кысым жана административдик ресурс эмес, таза атаандаштык, ачык талкуу жана эркин тандоо келген саясий маданият калыптанышын каалайм. Бул шайлоо кимдир бирөөнүн бийлигин эмес, мамлекетибиздин демократиялык жетилгендигин көрсөтүшү керек”- дейт президент Садыр Жапаров.
Эксперттер эмне дейт: жаңы саясий салт
Кыргызстандагы эксперттик чөйрө президент Садыр Жапаровдун саясий атаандаштар менен диалог куруусун шайлоодо адилеттикке жана ачык атаандаштыкка багыт алган оң кадам катары кабыл алууда. Анын буга чейин улуттук ынтымак үчүн мурдагы Дубайда президенттерди чогултканын, “өлкөнү өнүктүрүүгө жардам бергиле, болбосо, тоскоол болбогула” деген эскертүүсү да мисалга алынды. Муну менен Садыр Жапаров ачык диалогдон качпай, түз сүйлөшүүгө барууга саясий эрки бар экенин да көргөзгөн жайы бар. Ошондуктан саясий атаандаштар менен ачык пикир алмашууга барганы, таза шайлоо өткөрүүгө кепилдик бергени өзүнө ишенген саясий лидердин кадамы катары бааланууда.
“Шайлоолор тополоң, митингдер, масштабдуу мыйзам бузуулар, коррупция, добуш сатып алуу, акыры жүрүп ынклаптар менен коштолуп келгенин да көргөнбүз. Эми буюрса, Кыргызстандын шайлоолору мындан ары укуктук талаа, калыс, саясий толеранттуулук, көп пикирдүүлүк, баардык талапкерлерге бирдей шарт, мыйзамдуулук деген нерселер менен байланыштуу болгону калды окшойт. Таза жана калыс шайлоо-бул дүйнөдө кээде экономикалык өнүгүүдөн да өйдө бааланган нерсе. Себеби, таза шайлоо гана ишенимди жаратат. Ички да, тышкы да ишенимдин өбөлгөсү болуп берет. Таза шайлоонун жыйынтыгы менен жеңип келген президент сөзсүз түрдө күчтүү президент болот. Себеби, анын пайдубалы бул элдин ишениминде. Ушундай жол менен келген гана президент чыныгы элдин мандатына ээ” – деди саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.
Эксперттер президенттин ишенимдүү кадамдары анын соңку беш жылда Кыргызстанда позитивдүү өзгөрүүлөрдү жасаганы менен байланыштуу дешет. Экономикада, курулуш, транспорт, саламаттык сактоо, билим берүү сыяктуу тармактардагы соңку 5 жылдагы көрүнүктүү көрсөткүчтөр менен жетишкендиктерге коомчулук күбө болуп жатканы айтылып, эмдиги кезек таза шайлоону камсыздай турган шайлоо тутумуна жеткени белгиленди.
Анткени Кыргызстан бир нече жолку президенттик жана парламенттик шайлоолордон кийин саясий кризистерди башынан өткөрдү. 2005, 2010 жана 2020-жылдары күч менен бийлик алмашууга алып келген кайгылуу окуялар шайлоодогу жеңиш, легитимдүүлүк жана элдик колдоонун ортосунда чоң ажырым болушу мүмкүн экенин көрсөткөн.
Садыр Жапаровдун таза шайлоого өзгөчө басым жасап жатышынын артында мына ушул тарыхый сабактар турушу мүмкүн. Административдик ресурстар, чоң мамлекеттик аппараттын колдоосу же жапырт добуш сатып алуулар бийликке формалдуу жеңишти камсыздашы ыктымал. Бирок ал элдин чыныгы ишенимине жана узак мөөнөттүү саясий туруктуулукка кепилдик бербей турганын соңку жаңы тарых бир нече ирет ырастады.
Президент Садыр Жапаров акыйкат айтылган сынга терикпей турганын айтып, саясий атаандаштары менен мамилесин жаңы нукка буруу аракети да жөн жеринен эмес. Ошол эле кезде ал жарандарды башка талапкерлердин катталышы үчүн “Түндүк” тиркемеси аркылуу колдоого чакырды.
“Ар бир талапкердин программасын угуп, сунуштарын салыштырып терең талдоо зарыл. Ал эми ким президент болорун шайлоо күнү өзүңүздөр чечесиздер. Ошондуктан мен сиздерден кайсы талапкердин кол топтоо эсеби 30 миң добушка жетпей жаткан болсо “Түндүк” тиркемеси аркылуу добуш берип, жардам берип коюшуңуздарды көптөн көп суранам” – деп сунуштады президент Садыр Жапаров.
Жаңы саясий маданият калыптана баштадыбы?
Садыр Жапаровдун мурдагы президенттерди ынтымакка чакыруусунан тарта, азыр саясий атаандаштары менен түз диалог жүргүзгөнгө чейинки кадамдарын анын курч саясий тирештерди сүйлөшүү жана өз ара пикир алышуу менен чечүүгө болорун көргөзгүсү келген дилгир ниети катары карагандар арбын. Албетте, ынтымак саясий атаандаштыктан баш тартуу дегенди билдирбейт. Тескерисинче, демократиялык өлкөдө ар түрдүү көз караштардын болушу, бийликти ачык сындоо жана альтернативдүү программаларды сунуштоо табигый көрүнүш.
Жаңы саясий маданият дал мына ушундан башталат. Бийлик атаандашын душман катары кабыл албашы керек, ал эми талапкерлер саясий күрөштү жекеликке өткөн куру айыптоолор менен эмес, идеялар жана программалар аркылуу жүргүзүшү зарыл.
Бирок бул саясий салттын калыптанышы президенттин сөзү менен гана чектелбейт. Мамлекеттик аппараттын бейтараптыгы, шайлоо комиссияларынын көз карандысыздыгы, сөз эркиндиги жана мыйзам бузууларга бирдей жоопкерчилик - анын негизги шарты.
Президенттин бул кадамын жаңы саясий маданиятты калыптандырууга багытталган маанилүү саясий сигнал катары баалоого болот.