Салык жана бажы төлөмдөрү 32,3 пайызга өсүп, салыктык эмес кирешелер 50,2 пайызга көбөйүп, республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 27,9 миллиард сомго пландан ашык аткарууга жетишилди. Бул фискалдык саясаттын натыйжасын көрсөткөн маанилүү көрсөткүчтөр. 2026-жылдын он айынын жыйынтыгы бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда олуттуу жылыштар бар экенин айгинелейт.
Кыргызстандын финансылык мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңейип, бюджеттин киреше бөлүгүндө мурда болуп көрбөгөндөй көрсөткүчтөр катталууда. Буга чейин мамлекеттик бюджеттин триллион сомдук чекке жетиши чоң экономикалык окуя катары кабыл алынса, азыр бюджеттик кирешелердин өсүшү, планды ашыгы менен аткаруу жана мамлекеттик чыгашаларды каржылоонун өскөнү өлкөнүн экономикалык кубаттуулугу артып баратканын айгинелейт.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Жогорку Кеңештин жыйынындагы баяндамасына ылайык, 2026-жылдын январь-октябрь айларында республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 693,8 миллиард сомду түзүп, бекитилген пландан 27,9 миллиард сомго ашык аткарылган.
Бул көрсөткүч жөн гана бюджеттик пландын аткарылышы эмес. Ал мамлекеттик башкаруунун, салыктык администрациялоонун, бажы көзөмөлүнүн жана бюджеттин киреше булактарын мобилизациялоонун натыйжалуулугун талдоого негиз берет.
27,9 млрд сом бюджеттик профицитпи же кирешелер планын ашыкча аткаруубу?
Бул жерде эки экономикалык түшүнүктү так ажыратып алуу зарыл. Биринчиси - бюджеттин киреше бөлүгүнүн планды ашыкча аткарылышы. Экинчиси - бюджеттин профицити.
2026-жылдын 10 айында республикалык бюджеттин кирешеси 693,8 миллиард сомду түзүп, белгиленген пландан 27,9 миллиард сомго көп болду. Демек, бекитилген киреше планы болжол менен 665,9 миллиард сомду түздү.
Ал эми бюджеттин профицити кирешелер менен чыгашалардын айырмасы аркылуу аныкталат. Бул мезгилде республикалык бюджеттин чыгашалары 589,5 миллиард сомду түзгөн. Натыйжада кирешелер чыгашалардан 104,3 миллиард сомго көп болгон.
Башкача айтканда:
- Кирешелер — 693,8 млрд сом.
- Чыгашалар — 589,5 млрд сом.
- Киреше менен чыгашанын оң айырмасы — 104,3 млрд сом.
- Киреше планынын ашыкча аткарылышы — 27,9 млрд сом.
Айтмакчы, 27,9 миллиард сом - бюджеттик кирешенин пландан ашыкча аткарылган бөлүгү. Берилген көрсөткүчтөрдүн негизинде 2026-жылдын январь-октябрь айларында республикалык бюджетте 104,3 миллиард сом өлчөмүндө кассалык профицит түзүлдү деп айтууга болот. Алдыдагы эки айда жыл жыйынтыкталганда, бул көрсөткүч дагы көбөйүшү күтүлөт.
Бюджеттин финансылык абалын баалоодо кассалык профициттин аткарылышынан тышкары каржылык милдеттемелерди, бюджеттер аралык трансферттерди, карыздык операцияларды жана башка эсептик көрсөткүчтөрдү да эске алуу зарыл. Ошентсе да 10 айдын жыйынтыгы боюнча бул оң айырма мамлекеттин учурдагы кирешелери мамлекеттик чыгашаларды каржылоодон кыйла жогору экенин көрсөтөт.
Бул фискалдык саясаттын туруктуулугу үчүн абдан маанилүү.
199,2 млрд сомго көбөйгөн киреше: өсүштүн артында эмне бар?
2026-жылдын 10 айында республикалык бюджеттин кирешелери 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 199,2 миллиард сомго көбөйгөн. Бул болжолдуу 40 пайыздык өсүштү билдирет.
Бюджет кирешелеринин өсүшүндө бир нече фактор бар экенин белгилесек болот. Алардын катарына экономикада соода жүгүртүүнүн көбөйүшү, ишкердик активдүүлүктүн жогорулашы, салыктык башкаруунун санарипке өтүшү, бажы төлөмдөрүн чогултуунун натыйжалуулугу жана мамлекеттин башка киреше булактарынын кошулуусу кирет.
Бирок бул жалпы номиналдык өсүштү жалаң гана дүркүрөгөн реалдуу өсүш катары кабыл алуу да туура эмес. Анткени бул көрсөткүчтөрдүн ичинде баалардын жогорулап өзгөрүшүнүн, импорттун чоң наркынын жана башка номиналдык факторлордун таасири менен айырмасы да камтылган болушу ыктымал.
Ошентсе да, бул көрсөткүчтөрдүн эң маанилүү жагы - мамлекеттин бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоо жөндөмдүүлүгү бир топ жогорулаганын айтса болот.
Мурда бюджеттик кирешелердин аткарылышы мамлекеттик финансылык саясаттын эң оор маселелеринин бири болсо, бүгүнкү күндө киреше планынын ашыкча аткарылышы жана мамлекеттик чыгашаларды өз убагында каржылоо мүмкүндүгү көз көрүнөө болду.
Бул министрлер кабинетинин фискалдык саясатынын натыйжалуулугун көрсөткөн маанилүү жагдай.
Салык кызматы 10 айда 287,5 млрд сом жыйнады
Бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда Салык кызматынын салымы чоң. 2026-жылдын он айында Мамлекеттик салык кызматы республикалык бюджетке 287,5 миллиард сом топтоп, өткөн жылдын ушул мезгилине караганда кирешелер 32,3%га көбөйгөн. Бул көрсөткүч салыктык башкаруунун, салык төлөөчүлөр менен иштеп, көмүскөдөн чыгаруунун жана салык базасын чоңойтуп, жаңы салыктык түшүрүүлөрдү камсыздоонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу ырастап турат.
Салык тутумунун майнаптуулугу бюджетке түшчү акчанын көлөмү менен эле өлчөнбөйт. Анын негизги милдети - экономиканын бардык катышуучулары үчүн түшүнүктүү, ачык-айкын жана адилеттүү шарттарды түзүүдө экени белгилүү.
Бул жагынан алганда, салык салууну санариптештирүү, электрондук эсеп-фактуралар, онлайн-кассалар, электрондук салык отчеттуулугу жана маалыматтарды так талдоо механизмдери бюджеттик кирешелерди көбөйтүүнүн маанилүү аспабына айланууда.
Мындай чаралар салык төлөөдөн качуу мүмкүнчүлүктөрүн кыскартып, көмүскө экономиканын көлөмүн азайтууга өбөлгө түздү. Ошол эле кезде салыктык түшүүлөрдүн өсүшү ишкерликти чектөө же аларга кошумча басым жасоо аркылуу эмес, экономикалык эркиндикти кеңейтип, мыйзамдуу иштөөгө кызыкчылыкты күчөтүү аркылуу салык базасын көбөйтүү менен камсыздалышы керек.
Анткени мамлекет үчүн туруктуу киреше булагы - иштеп жаткан, өндүргөн, кызмат көрсөткөн жана жаңы жумуш орундарын түзгөн ишкер чөйрө.
Бажы: 156,6 млрд сом же 32,3 пайыздык өсүш
Бюджеттин киреше бөлүгүндөгү экинчи маанилүү багыт бажы төлөмдөрү. 2026-жылдын январь-октябрь айларында Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан казынага 156,6 миллиард сом түштү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 32,3 пайызга көп. Бул көрсөткүч тышкы соода операцияларын, импорттук агымдарды жана бажы төлөмдөрүн так алып баруунун маанисин көрсөтүп турат.
Бажы төлөмдөрүнүн өсүшү өлкөнүн тышкы экономикалык байланыштарынын активдүүлүгү менен да байланыштуу. Бажы кирешелеринин көбөйүшүн импорт менен гана түшүндүрүүгө болбойт. Төлөмдөрдү так эсептөө, бажылык наркты туура аныктоо, товарлардын тарифтик классификациясын тактоо, аткезчиликке же мыйзамсыз товар ташууларга каршы анык күрөшүү жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү да чоң роль ойнойт. Бажыны натыйжалуу башкаруу мамлекеттик бюджетке каражат тартуудан тышкары атаандаштыкты да жакшыртат.
Эгер бардык импорттоочулар бажы көзөмөлүнөн буйтап өтпөй, мыйзамдуу иштесе, анда рынокто адилеттүү атаандаштыкка шарт түзүлөт. Бул өзгөчө ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн да маанилүү. Ошондуктан бажыдагы оң жылыштарды жөн эле бюджеттик көрсөткүч эмес, экономикалык тартипке салуунун да натыйжасы катары кароого болот.
Салыктык эмес кирешелерден 227 млрд сом түштү
Баяндамадагы өзгөчө көңүл бурууга арзый турган нерсе, салыктык эмес кирешелердин өсүшү. 2026-жылдын 10 айында республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелери 227 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 50,2 пайызга көбөйгөн. Бул салыктан жана бажыдан түшкөн өсүштөн кыйла жогору темп. Салыктык эмес кирешелерге мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн төлөмдөр, мамлекеттик мүлктөрдүн ижара акылары, дивиденддер, айып пулдар, жыйымдар жана мыйзамдарда каралган башка каржылык төлөмдөр кирет.
Бул багытта да кирешелер өсүп, мамлекеттик активдерди башкаруу, мамлекеттик кызматтарды финансылык жөнгө салуу жана бюджеттин кошумча булактарын табууда бир топ жылыштар байкалууда. Салыктык эмес кирешелердин өсүшү кайсы булактардын эсебинен жүрдү? Өсүш мамлекеттик ишканалардын кирешелери көбөйүп, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануудан жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын жакшырышынан келип чыкса, анда бул туруктуу өнүгүүнүн оң белгиси болуп саналат. Бир нече жыл мурда триллион сомдук консолидацияланган бюджетке жетүү чоң максат катары каралса, бүгүн бул көрсөткүч реалдуу аткарылган финансылык жыйынтыкка айланды. Бул өлкөнүн экономикасын башкаруудагы абдан маанилүү өзгөрүү.
Министрлер кабинетинин фискалдык саясаты: санариптештирүү, тартип жана кирешелер
Бюджеттик кирешелердин өсүшүнө бир гана экономикалык конъюнктура эмес, мамлекеттик башкаруунун сапаты да таасир этет.
Бул жагынан алганда, министрлер кабинети салык жана бажы тармактарын натыйжалуу башкарууга жетишип, бюджетке түшүүчү кирешелерди ашыгы менен толуктай алды. Буга Салык жана бажы тармагын санариптештирүү, маалымат системаларын интеграциялоо, төлөмдөрдү электрондук эсепке алуу жана көзөмөл чараларын өркүндөтүү фискалдык саясаты негиз болду.
Мындай реформалардын натыйжасы бюджеттик кирешелердин көбөйүшү менен гана чектелбейт. Алар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатып, ишкерлер үчүн ашкере бюрократияны кыскартуу жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу менен байланыштуу. Мамлекеттин фискалдык саясатынын ийгилиги күчтөп көп салык чогултуу эмес, экономикалык өсүшкө тоскоолдук жаратпаган шарттарды жаратууда. Ушул принцип сакталган учурда бюджеттин киреше базасы туруктуу кеңейип, мамлекет менен бизнестин ортосундагы ишеним да бекемделет.
104,3 млрд сомдук профицит кайда жумшалат?
2026-жылдын 10 айында кирешелердин чыгашалардан 104,3 миллиард сомго көп болушу мамлекетке кошумча финансылык мүмкүнчүлүк түзөт. Бирок профицит жалгыз өзү эле ири экономикалык ийгиликтин көрсөткүчү эмес. Аны кандайча майнаптуу пайдалануу маанилүү. Мындай финансылык мүмкүнчүлүктөрдү төмөнкү артыкчылыктуу багыттарга жумшоо экономикалык жактан натыйжалуу:
- Өндүрүштү өнүктүрүү: Ата мекендик өндүрүш ишканаларын мамлекеттик колдоо, өнөр жай аймактарын түзүү, чакан жана орто бизнестин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарыл.
- Энергетикалык коопсуздук: Электр энергиясын өндүрүүчү объектилерди куруу, электр тармактарын жаңылоо, энергия жоготууларын азайтуу менен экономикалык туруктуулукту камсыздоо.
- Айыл чарба жана кайра иштетүү: Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды көбөйтүү, кампаларда сактоо жана логистика инфраструктурасын өнүктүрүү экспорттук потенциалды кеңейтет.
- Билим берүү жана саламаттык сактоо: Каражаттардын бул тармактарга жумшалышы адам капиталынын сапатын жогорулатып, өлкөнүн узак мөөнөттүү атаандаштык жөндөмдүүлүгүн бекемдейт.
- Мамлекеттик карызды башкаруу: Бюджеттин ашыкча кирешелерин каржылык милдеттемелерди оптималдуу пайдалануу келечектеги финансылык жүктү азайтууга жардам берет.
Ошол эле учурда бюджеттик профицитти жасалма түрдө көбөйтүү үчүн экономикалык жактан маанилүү долбоорлорду кечеңдетүүгө жол берилбеши керек. Ар бир сомду натыйжалуу коротуу жана коомго пайдасын кароо.
Чыгашаларды натыйжалуу башкаруу
2026-жылдын он айында республикалык бюджеттин чыгашалары 589,5 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 189,1 миллиард сомго көбөйгөн. Кирешелердин өсүшү 199,2 миллиард сом болгонун эске алсак, чыгашалар да олуттуу темп менен көбөйүп жатканы көрүнөт. Бул табигый көрүнүш. Анткени экономика жана мамлекеттик милдеттемелер бюджеттик чыгашалардын өсүшүн талап кылат. Бирок мындан ары бюджеттик саясатта сандык көрсөткүчтөрдөн сапаттык натыйжаларга өтүү зарыл.
Мисалы, жол курууга бөлүнгөн каражат канча чакырым сапаттуу жолго алып келди? Билим берүү тармагына жумшалган каражат окуучулардын билим сапатын канчалык жакшыртты? Саламаттык сактоого бөлүнгөн каражат медициналык кызматтардын сапаты менен жеткиликтүүлүгүн канчалык жогорулатты?
Бул суроолорго жооп берилгенде бюджеттик каражаттардын натыйжасы да толук бааланат.
Кийинки этап: бюджеттик өсүштү элдин жашоо бакубаттуулугуна айландыруу
Кыргызстандын бюджеттик кирешелеринин өсүшү - мамлекет үчүн чоң жетишкендик жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик. Бүгүнкү күндө өлкөдө мамлекеттик финансылык ресурстарды топтоо мүмкүнчүлүгү кеңейүүдө. Министрлер кабинетинин бул багыттагы ишмердигине оң баа берүүгө негиз бар. Өзгөчө кирешелердин пландан ашыкча аткарылышы, салыктык жана бажылык түшүүлөрдүн 32,3 пайызга өсүшү, салыктык эмес кирешелердин 50,2 пайызга көбөйүшү мамлекеттик финансы тутумунун маанилүү көрсөткүчтөрү болуп саналат.
Ошол эле учурда алдыда дагы бир чоң милдет турат. Ал — бюджеттин өсүшүн реалдуу экономикалык өнүгүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, өндүрүштү кеңейтүүгө, калктын кирешесин жогорулатууга жана жашоо сапатын жакшыртууга багыттоо.
Анткени бюджеттин көптүгү - мамлекеттин мүмкүнчүлүгүн, ал эми ошол каражаттардын элге алып келген пайдасы мамлекеттик саясаттын чыныгы натыйжалуулугун көрсөтөт.
2026-жылдын 10 айындагы бюджеттик көрсөткүчтөр Кыргызстандын фискалдык саясаты жаңы баскычка чыкканын айгинелейт. Бул 693,8 миллиард сом киреше, 27,9 миллиард сом пландан ашык аткаруу жана 104,3 миллиард сомдук киреше-чыгаша айырмасы жөн эле сандар, куру статистика эмес. Бул мамлекеттин экономикасын чыңдоо, финансылык туруктуулугун бекемдөө жана өнүгүүгө инвестиция салууга түзүлгөн олуттуу негиз.