Айыл чарбасын колдоого 20,8 млрд сом бөлүнөт

Аналитика
Айыл чарбасын колдоого  20,8 млрд сом  бөлүнөт

Кубаныч Жолдошев

Бардык материалдар

Кыргызстанда 2027-жылы айыл чарбасын мамлекеттик каржылоо 12,6 миллиард сомдон 20,8 миллиард сомго чейин өсөт. Жеңил насыялоонун жылдык үстөгү 3%га төмөндөп, насыя мөөнөтү 7 жылга узартылып, анын ичинен 1 жылга каникул каралууда. Бул токтомго жакында кол коюларын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - айыл чарба министри Эрлист Акунбеков билдирди. Бул чара айыл чарбасын каржылоо көлөмүн көбөйтүү аркылуу агрардык экономиканын моделин жакшыртууга багытталган маанилүү кадам катары каралууда.

Кыргызстандын айыл чарбасында жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги ачылууда. Мамлекеттин агрардык секторду колдоосу жаңы деңгээлге көтөрүлүп, 2027-жылы мамлекеттик каржылоо программасы аркылуу дыйкан-фермерлерге көрсөтүлчү каржылык колдоо 20,8 млрд сомго жеткириле турганы пландалууда.

Салыштырып көрсөк, буга чейин бул тармакка жыл сайын 12,6 миллиард сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп келген. Демек, келе жаткан жылы каржылоонун көлөмү 8,2 миллиард сомго же болжол менен 65 пайызга көбөйөт.

Бирок бул саамалыктын эң маанилүү жагы каражаттын көлөмүнүн өсүшүндө гана эмес. Мамлекет фермерлер үчүн насыялоонун үстөк баасын эки эсеге арзандатып, аны төлөө үчүн кошумча убакыт берүүнү көздөп жатат. Мурда жылдык 6% менен жеңилдик мөөнөтүсүз берилчү насыялар эми 3% үстөк менен сунушталып, насыялоо мөөнөтү 86 айга чейин узартылды. Негизги карыздын үстөк баасын төлөөдө бир жылдык каникул каралган.

“Бул кадам урматтуу президентибиз Садыр Жапаровдун айыл чарба тармагын толук колдоосу катары түшүнүшүбүз керек. Анткени мамлекет башчысынын эл менен жолугушууларында көтөрүлгөн көпчүлүк маселелер жеткиликтүү каржылоого барып такалууда. Бул тармакка жетиштүү акча салбаса, товар өндүрүү кыйын бойдон калып келет ”,- деди министр Эрлист Акунбеков.

Мындай шарттар айыл чарбасына инвестиция салууну жеңилдетип, чакан фермердик чарбалардан тартып ири агрардык өндүрүштүк комплекстерге чейин жаңы багытта өнүгүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Мамлекеттик каржылык колдоонун мааниси

Айыл чарбасы - Кыргызстандын экономикасынын стратегиялык маанилүү тармагы. Ал калкты азык-түлүк менен камсыз кылууда, айыл жерлеринде жумуш орундарын түзүүдө, айыл калкынын кирешесин жогорулатууда жана экспортту кеңейтүүдө өзгөчө мааниге ээ.

Ошол эле кезде тармактын өнүгүшүнө тоскоол болгон негизги себептердин бири - инвестициялык каражаттын жетишсиздиги болчу. Дыйканга заманбап техника, сапаттуу үрөн, жер семирткич, үнөмдүү сугат жабдуулары керек. Малчыга асыл тукум мал, арзан тоют базасы, сапаттуу ветеринардык тейлөө жана заманбап мал сарай керек. Ал эми айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишкерлерге өндүрүштүк жабдуулар жана талаптагыдай инфраструктура талап кылынат.

Мындай инвестициялардын баары олуттуу каражатты талап кылат. Коммерциялык банктардын кадимки насыяларынын шарттары айыл чарба тармагына туура келбейт. Анткени коммерциялык насыянын жогорку үстөк пайыздары жана жеңилдик мөөнөтүнүн жоктугу айыл чарба өндүрүшүнүн кирешелүүлүгүнө терс таасирин тийгизип келген. Дал мына ушул көйгөйлөрдү чечүүдө мамлекеттик жеңилдетилген каржылоо программалары маанилүү роль ойнойт.

2027-жылы мамлекеттик каржылоо көлөмүн 20,8 миллиард сомго жеткирүү тармакты мамлекеттик колдоонун масштабы кеңейип жатканын билдирет. Бул каражаттын натыйжалуу бөлүштүрүлүшү миңдеген чарбалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жаңы долбоорлорду ишке киргизүүгө жана айыл экономикасынын жанданышына өбөлгө түзөт.

6 пайыздан 3 пайызга: насыянын үстөк баасы эки эсеге арзандайт

Жаңы программанын фермерлер үчүн эң маанилүү артыкчылыктарынын бири - жылдык үстөк пайыздын 6 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүлүшү.

Бул жөн гана пайыздык чендин өзгөрүшү эмес, өндүрүшкө багытталган инвестициянын финансылык жүгүн азайтуу аракети.

Мисалы, фермер 1 миллион сом насыя алган учурда негизги карыз өзгөрбөй турган шартта мурда жылына 60 миң сом пайыз төлөсө, жаңы шарт боюнча бул көрсөткүч 30 миң сомду түзөт.

5 миллион сом насыя алган чарба үчүн жылдык айырма 150 миң сомго, ал эми 10 миллион сом насыя алган ишкер үчүн 300 миң сомго үнөмдөлөт.

Демек, насыянын пайызын төмөндөтүү аркылуу фермерлердин карамагында өндүрүштү кеңейтүүгө жумшай турган кошумча каражат калат.

Бул өзгөчө мал чарбасында, дыйканчылыкта жана кайра иштетүүдө абдан маанилүү. Анткени бул тармактарда өндүрүш чыгымдары алдын ала кетип, бирок киреше белгилүү бир убакыттан кийин гана түшөт.

Мамлекеттик колдоонун экономикалык мааниси да мына ушунда: фермердин чыгымын азайтып, өндүрүштүн кирешелүүлүгүн жогорулатууга шарт түзүү. Ал эми дыйкан-фермерлердин өндүрүштүк же башка чыгымдары азайса, айыл чарба товарларынын да өздүк наркы аз коюлуп, витриналарда арзанчылык болору бышык.

Бир жылдык каникул - чарбаны бутуна тургузууга берилген убакыт

Жаңыча насыялоо шарттарындагы дагы бир олуттуу өзгөрүү - насыялоо мөөнөтү 7 жылга узартылып, негизги карыздан сырткары бир жылдык жеңилдик мөөнөтү каралып, бул мезгилде үстөк баасы төлөнбөйт.

Бул чаралар айыл чарбасынын өндүрүштүк циклине ылайыкташтырылган маанилүү чечим.

Мисалы, фермер насыя алып, асыл тукум мал сатып алса, ошол эле учурда мал сарайын оңдоп, тоют базасын түзсө, алгачкы айларда анын негизги максаты өндүрүштү уюштуруу жана туруктуу киреше булагын түзүүгө кетет.

“Мурдагы насыялоо шарттарында негизги карызды дароо төлөөгө киришүү фермерге аябай оорчулук жаратып келген. Себеби насыяны алып, ишти уюштуруп баштаганда эле негизги карызды, үстөк пайызы менен төлөөгө туура келет эле. Ал эми айтылган жаңы программа боюнча насыялоо беш жылдан жети жылга узартылып, үстөк пайыздарды төлөөгө бир жылга чейин мөөнөткө каникул берүү уюштуруу иштерине жана чарбанын ишин жолго коюп алганга мүмкүнчүлүк берет” – деди агроишкер Уланбек Тойгонбаев.

Айрыкча малды бордоп семиртүү, сүт өндүрүү, асыл тукум мал өстүрүү жана көп жылдык өсүмдүктөрдү өстүрүү сыяктуу багыттар үчүн мындай насыялык мөөнөттүн мааниси абдан чоң.

Бирок жеңилдетилген мөөнөт негизги карызды төлөөгө тиешелүү экенин эске алуу керек. Пайыздык төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби банк менен түзүлгөн келишимге жараша аныкталат.

Демек, фермер насыя алгандан кийин дароо эле негизги карызды кайтарууга каражат издебей, өндүрүштү өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурат.

Мал чарбачылыгына 7 млрд сом: сапатка өтүү мезгили

2027-жылдагы мамлекеттик каржылоонун эң маанилүү артыкчылыктуу багыттарынын бири - мал чарбачылыгын өнүктүрүү. Бул максатка 7 млрд сом багыттоо пландалууда.

Бул чечимдин стратегиялык мааниси чоң. Себеби Кыргызстанда мал чарбачылыгы айыл жерлериндеги калктын кирешесинин, азык-түлүк коопсуздугунун жана эт-сүт өндүрүшүнүн негизги булагы.

Бирок бүгүнкү күндө тармактын алдында малдын санын көбөйтүү менен гана чектелбестен, анын сапатын жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу милдети турат.

Ушул максатта жеңилдетилген насыя төрт негизги багыт боюнча берилет.

Асыл тукум мал өстүрүү - 20 миллион сомго чейин.

Уй, кой-эчки, жылкы, топоз жана айыл чарба канаттууларын сатып алууга насыя берилет.

Бул багыт малдын генетикалык сапатын жакшыртууга, эт менен сүттүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, асыл тукум чарбалардын санын көбөйтүүгө багытталган.

Асыл тукум малды көбөйтүү узак мөөнөттүү экономикалык натыйжа берет. Анткени сапаттуу малдан алынган төлдүн өндүрүмдүүлүгү жогору болуп, чарбанын жалпы кирешелүүлүгүн арттырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мал сарайларын куруу жана жабдуу — 50 миллион сомго чейин.

Жаңы мал сарайларын куруу, эски объекттерди реконструкциялоо, тоюттандыруу, суу менен камсыздоо жана башка зарыл жабдууларды сатып алуу каржыланат.

Бул багыт мал чарбачылыгын жаңы заманбап технологияларга өткөрүү үчүн маанилүү.

Малдын өндүрүмдүүлүгү анын тукумуна гана эмес, багуу шарттарына, тоюттун сапатына, ветеринардык тейлөөгө жана санитардык талаптарга да байланыштуу эмеспи. Ошондуктан заманбап мал чарба объекттерин куруу тармактын натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүү шарттарынын бири болуп саналат.

Мал бордоп семиртүү - 10 миллион сомго чейин.

Уй, кой-эчки жана жылкыны бордоп семиртүү чарбаларын өнүктүрүүгө насыя берилет.

Бул багыттын негизги максаты - товардык эт өндүрүшүн көбөйтүү, ички рынокту сапаттуу продукция менен камсыздоо жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.

Бордоп семиртүү чарбалары туура уюштурулса, малды сатып алуудан тартып даяр эт продукциясын сатууга чейинки өндүрүштүк чынжырды түзүүгө мүмкүндүк болот.

Жасалма уруктандыруу - 5 миллион сомго чейин.

Адистерге жасалма уруктандыруу пункттарын жабдуу үчүн каржылоо каралат.

Бул малдын генетикалык потенциалын жакшыртууга, жогорку өндүрүмдүү тукумдарды көбөйтүүгө жана мал чарбачылыгына заманбап биотехнологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.

Бул төрт багыт бири-бири менен тыгыз байланышта. Асыл тукум мал, заманбап сарайлар, туура тоюттандыруу, бордоп семиртүү жана жасалма уруктандыруу бирдиктүү системанын бөлүктөрү катары каралганда гана туруктуу экономикалык натыйжаларды берери бышык.

500 миң сомго чейин күрөөсүз насыя: чакан чарбалар

Мамлекеттик каржылык программанын дагы бир маанилүү артыкчылыгы - 500 миң сомго чейинки насыяны күрөөсүз алуу мүмкүнчүлүгү.

Бул өзгөчө чакан фермерлер жана жаңыдан иш баштаган айылдык ишкерлер үчүн маанилүү. Анткени алардын көпчүлүгүндө банк талап кылган көлөмдөгү кыймылсыз мүлк же башка күрөө активдери боло бербейт.

Ал эми 500 миң сомдон 50 миллион сомго чейинки насыялар кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлк күрөөсү менен берилет.

Насыянын так суммасы банктын баалоосуна, карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө жана долбоордун экономикалык негиздемесине жараша аныкталат.

Мындай механизм чакан чарбалардын да, ири инвестициялык долбоорлордун да бирдей укукта мамлекеттик колдоого жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

iDyikan: мамлекеттик колдоо санарипке өтүүдө

Мамлекеттик каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн фермерлерге насыя алуу боюнча арызды iDyikan мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн берүү мүмкүнчүлүгү да сунушталууда.

Тиркеме ”Түндүк“ жана башка мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияланган. Анын жардамы менен фермердин жер тилкеси, айдоо аянттары жана катталган мал-жандыгы тууралуу маалыматтар автоматтык түрдө алынат.

Бул мурдагыдай эле бир нече мекемеге барып, документтерди өз алдынча чогултуу машакатын азайтат.

Фермер тиркемеге кирип, тиешелүү насыя багытын тандап, электрондук арызын толтуруп жөнөтөт. Андан кийин электрондук кезекке катталып, арызынын абалын онлайн көзөмөлдөй алат.

Ал эми насыя берүү боюнча акыркы чечимди банк кабыл алат. Мындай санариптик ыкма убакытты үнөмдөө, бюрократиялык убаракерчиликтерди же тоскоолдуктарды азайтуу жана мамлекеттик колдоонун ачык-айкындуулугун камсыздоону жогорулатуу үчүн маанилүү.

Арзан насыялоо айыл экономикасын кантип өзгөртөт?

20,8 миллиард сомдук мамлекеттик каржылоонун экономикалык пайдасы айыл чарба тармагы менен эле чектелбейт. Анын таасири айыл жерлериндеги же кичи шаарлардагы башка экономикалык ишкердик түрлөрүнө да жайылат. Муну экономикада “мультипликативдик эффект” деп коюшат.

Мисалы, мал чарбачылыгы өнүксө, тоют өндүрүүгө суроо-талап көбөйөт. Бул дыйканчылык менен мал чарбачылыгынын ортосундагы экономикалык байланышты күчөтөт. Малдын саны жана сапаты жогоруласа, ветеринардык кызматтарга, тоют даярдоочу жабдууларга, транспортко жана логистикага болгон суроо-талап өсөт.

Эт жана сүт өндүрүшү көбөйгөндө кайра иштетүүчү ишканалардын иши жанданып, жаңы жумуш орундары түзүлөт. Даяр продукциялар сыртка экспорттолот.

Айыл жерлеринде чакан мал союучу жайлар, сүт чогултуу пункттары, муздаткыч кампалар, эт жана сүттү кайра иштетүүчү цехтер сыяктуу объекттерди өнүктүрүүгө да өбөлгө пайда болот.

Мунун баары айыл чарбасынын айланасында кошумча экономикалык чынжырчаларды түзөт. Ошондуктан мамлекеттик каржылоонун натыйжасын насыя алган фермерлердин саны менен гана өлчөө туура эмес. Негизги көрсөткүчтөр өндүрүштүн өсүшү, кошумча нарктын түзүлүшү, жумуш орундардын көбөйүшү, экспорттун кеңейиши жана айыл калкынын киреше өлчөмү болушу керек.

Мамлекеттик каржылоо канча чоң болбосун, аны натыйжалуу пайдалануу үчүн айыл чарбасындагы бир катар көйгөйлөрдү комплекстүү чечүү талап кылынат.

Биринчиден, тоют базасын бекемдөө зарыл. Малдын санын көбөйтүү менен катар сапаттуу тоют өндүрүүнү жана аны жыл бою камсыздоону жолго коюу керек. Болбосо, кымбат тоют чарбанын кирешелүүлүгүн төмөндөтөт.

Экинчиден, ветеринардык коопсуздукка өзгөчө көңүл буруу зарыл. Малдын жугуштуу ылаңдарын алдын алуу, эмдөө, ветеринардык тейлөө жана малдын кыймылын көзөмөлдөө системасы күчөтүлүшү шарт.

Үчүнчүдөн, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү маанилүү. Этти жана сүттү чийки түрүндө сатуу менен чектелбестен, даяр продукция өндүрүүгө өтүү кошумча наркты көбөйтөт.

Төртүнчүдөн, айыл чарба продукциясын сатуу рыногун кеңейтүү зарыл. Фермер өндүргөн продукциясын кайда жана кандай баада сата аларын алдын ала билиши керек.

Бешинчиден, насыяларды максаттуу пайдаланууга күчтүү көзөмөл керек. Мамлекеттик жеңилдиктер өндүрүштү өнүктүрүүгө жумшалып, реалдуу экономикалык натыйжа бериши зарыл.

Мындан тышкары, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, үрөнчүлүк, сугат системалары, айыл чарба техникасы жана кайра иштетүү тармактары да комплекстүү колдоого муктаж. Анткени айыл чарбасынын бир багытын экинчисинен бөлүп карап, өз алдынча өнүктүрүү мүмкүн эмес.

Мамлекеттик колдоо: азык-түлүк коопсуздугу жана экспорттук потенциал

Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү ички рынокту азык-түлүк менен камсыздоо жагынан гана эмес, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө да стратегиялык мааниге ээ.

Өндүрүштүн көлөмү жана сапаты жогорулаган сайын өлкөнүн эт, сүт, жашылча-жемиш жана кайра иштетилген айыл чарба продукцияларын тышкы рынокторго чыгаруу мүмкүнчүлүгү да жогорулайт.

Бул үчүн фермерлерди каржылоо менен катар продукцияны заманбап стандартташтыруу, ветеринардык жана фитосанитардык талаптарды сактоо, логистиканы өнүктүрүү жана экспорттук рынокторго чыгууну күчөтүү милдети турат.

Айыл чарбасына бөлүнгөн каражаттын ар бир сому өндүрүшкө, жаңы жумуш орунга жана кошумча наркка айланганда гана мамлекеттик программанын чыныгы натыйжасы көрүнөт.

Айыл чарбаны каржылоо - өлкө келечегине салынган инвестиция

2027-жылы айыл чарбасын мамлекеттик каржылоону 12,6 млрд сомдон 20,8 млрд сомго көбөйтүү, пайыздык ченин 6дан 3 пайызга түшүрүп, насыялоону 7 жылга узартуу жана үстөк төлөөдө бир жылга чейин жеңилдик мөөнөтүн берүү - агрардык секторду колдоо саясатындагы маанилүү өзгөрүү.

Анын ичинен мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган 7 миллиард сом асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө, заманбап чарбаларды курууга, бордоп семиртүү өндүрүшүн кеңейтүүгө жана жасалма уруктандырууну өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

Бул программанын эң чоң артыкчылыгы- чакан фермерден тартып ири агрардык ишкерге чейин ар кандай деңгээлдеги өндүрүшчүлөр үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталып жатканында.

Бирок негизги максат насыя таратуу эмес, күчтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарбасын түзүүдө.

Арзан финансылык ресурстар сунушталды. Эми бул мүмкүнчүлүктү натыйжалуу пайдалануу, өндүрүштү көбөйтүү, продукцияны кайра иштетүү, ички рынокту камсыздоо жана экспортту кеңейтүү - фермерлердин, ишкер чөйрөнүн, финансы институттарынын жана мамлекеттик органдардын өз ара биргелешкен иш-аракетинен көрүнөт.

Айыл чарбаны каржылоону 12,6 миллиарддан 20,8 миллиард сомго көтөрүү - бул жөн гана бюджеттик көрсөткүч эмес. Бул айыл чарбасын жаңы технологияларга, өндүрүмдүүлүккө жана инвестициялык өнүгүүгө багыттоого жасалган кадам. Эгер бул акча каражаты туура багытталып, натыйжалуу пайдаланылса, Кыргызстандын агрардык экономикасында жаңы өнүгүү баскычы болуп калышы мүмкүн.