Кыргызстанда географиялык-экономикалык райондоштуруу менен аймактарды ирилештирип, күчтөндүрүү саясаты күтүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын негизи болушу мүмкүн. Бул стратегия башкаруусу ийкемдүү жана экономикасы күчтүү аймактарды түзүп, борборго жүк түшүргөн ички миграцияны азайтууга негиз берет.
Кыргызстанда административдик-аймактык реформанын күн тартибине чыгышы өлкөнүн мамлекеттик башкаруу тутумун жаңы талаптарга ылайык өзгөртүү зарылдыгы менен түшүндүрүлөт. Азыркы административдик-аймактык түзүм социалдык-экономикалык, инфраструктуралык жана демографиялык өзгөрүүлөрдөн улам кайрадан карап чыгууга туура келүүдө.
Борбордук, облустук, райондук жана айылдык деңгээлдерден турган көп баскычтуу башкаруу тутуму мамлекеттик функциялардын кайталанышына, жоопкерчиликтин чачырандылыгына, казына каражаттарын натыйжасыз пайдаланууга жана жергиликтүү демилгелердин чектелишине алып келип жатканы айкын.
Мына ушундай шартта борбор жана аймак деген эки баскычтуу түзүмдөн турган административдик-аймактык реформанын зарылдыгы пайда болду. Бирок, бул реформа айыл өкмөттөрүн, райондорду жөн гана бириктирип, жергиликтүү башкаруу органдарын кыскартуу аркылуу жүргүзүү жетишсиз.
Анын түпкү максаты - туруктуу экономикага, жетиштүү финансылык ресурстарга ээ, кесипкөй кадрлары бар, инвестиция тартууга жөндөмдүү жана калктын социалдык-экономикалык маселелерин өз алдынча чечүүгө мүмкүнчүлүгү бар жаңы аймактык башкаруу тутумун түзүү.
Башкача айтканда, административдик-аймактык реформа мамлекеттик башкаруунун гана эмес, өлкөнүн бүтүндөй экономикалык жана аймактык өнүгүү моделинин өзгөрүшүнө багытталууга тийиш.
Административдик реформа: аймактык өнүгүүгө карай
Кыргызстандагы аймактык өнүгүүнүн олуттуу көйгөйлөрүнүн бири - экономикалык ресурстардын жалпы өлкө боюнча бирдей бөлүштүрүлбөй, калктын санына жараша регионалдык баланстын сакталбай калышы.
Өндүрүш ишканаларынын, туруктуу жана жогорку маяналуу жумуш орундарынын, ири соода борборлорунун, сапаттуу билим берүү жана медициналык кызматтардын негизги бөлүгү ири шаарларда топтолгон.
Натыйжада аймактардан ички миграция күчөп, эмгекке жарамдуу калктын, өзгөчө жаштардын агымы борборго агылганы маалым.
Бул тенденция айыл жерлеринин экономикалык жана демографиялык потенциалын азайтса, экинчиден борбордун коммуналдык чарбасына, жол транспорт инфраструктурасына жана социалдык кызматтарга кошумча жүк артууда. Ички миграция, иретсиз көп кабат турак жай курулуштары жана шаар калкынын бир кылка эмес өсүүсү урбанизацияны аймактарда жүргүзүп, өнүгүү чекиттерин чет жактарга көчүрүү милдетин коюуда.
Ошондуктан, административдик-аймактык реформанын негизги максаты - экономикалык-ишкердик активдүүлүктү борбордон аймактарга жайылтуу, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү жана адамдардын өз аймагында жашап, иштеп, киреше табуусуна өбөлгө түзүүдө турат.
Эксперт-экономист Улукман Мамытов административдик-аймактык реформа райондорду жөн гана бириктирүү аркылуу эмес, аймактардын экономикалык кубаттуулугун жана калктын социалдык-экономикалык талаптарына басым жасоо зарылдыгына көңүл бурду.
"Административдик-аймактык реформа райондорду бир-бирине бириктирүү максатында гана болбошу кажет. Азыр ал жакта жашаган калктын социалдык-экономикалык талаптарын канааттандыруу максатында, ички миграцияны чектеп, ооздуктоо багытында, биринчи кезекте аталган аймактардын экономикалык абалын эске алуу менен административдик-аймактык реформа жүргүзүлсө, максатка ылайыктуу болуп, натыйжасы жогору болот эле. Кытайдын провинциялары андагы жергиликтүү калктын маселелерин чечүүгө гана эмес, аны өнүктүрүүгө да жөндөмдүү шартта түзүлгөн. Бул абдан маанилүү", - дейт экономист Улукман Мамытов.
Анын пикиринде, аймактарды бириктирүүдө жергиликтүү калктын жашоо ыңгайын жеңилдетип, шартын жакшыртууга багытталган экономикалык мүмкүнчүлүктөр негизги критерий болушу зарыл. Бул реформанын эң маанилүү принциптеринин бири. Анткени экономикалык базасы жок ири административдик бирдик мурдагы чакан бирдиктердин көйгөйлөрүн гана чоң аймакка жайылтышы мүмкүн. Ал эми өндүрүшү, инфраструктурасы, инвестициялык мүмкүнчүлүгү жана бюджеттик киреше булактары бар аймак өз алдынча өнүгүүгө жөндөмдүү.
Аймактар кайсы критерийлер менен ирилешет?
Административдик бирдиктерди бириктирүүдө алардын географиялык жакын жайгашуусуна гана басым жасоо туура эмес. Чектештик сөзсүз эле бирдиктүү экономикалык жана социалдык мейкиндикти түзбөшү мүмкүн. Ал эми бири-биринен алыс турган конуштар транспорттук, соода-экономикалык жана өндүрүштүк байланыш аркылуу кызматташып кетишин жокко чыгарууга болбойт.
Демек, райондорду ирилештирүүдө бир эле эмес, бир нече негизги фактор башкы негиздемелер катары каралышы абзел.
Географиялык жана табигый-ландшафттык фактор
Кыргызстандын тоолуу рельефи административдик-аймактык түзүмдү аныктоодо өзгөчө мааниге ээ.
Картада бири-бирине жакын көрүнгөн эки калктуу конуштун ортосунда тоолор, ашуулар, дарыялар же башка табигый тоскоолдуктар болушу мүмкүн. Ал эми алысыраак жайгашкан айылдар бир өрөөндүн ичинде же түз транспорттук коридорлор- жолдор аркылуу байланышып турушу ыктымал.
Ошондуктан аймактарды бириктирүүдө төмөнкү жагдайлар эске алынышы зарыл:
- Географиялык жакындык жана табигый чек аралар;
- Тоолуу, өрөөндүк жана ойдуң түздүктөрдүн аймактык өзгөчөлүктөрү;
- Жер аянттарынын өлчөмү жана сапаты;
- Суу ресурстарынын жайгашуусу;
- Пайдалуу кен байлыктарынын жайгашуусу;
- Климаттык шарттар жана айыл чарбага ылайыктуулук;
- Табигый кырсыктардын тобокелдиктери;
- Калктуу конуштардын ортосундагы транспорттук катнаш.
Мисалы, бир эле сугат суу бассейнин пайдаланган, айыл чарба багыттары окшош жана бир өрөөндүн ичинде жайгашкан айылдарды бирдиктүү административдик-экономикалык мейкиндикке бириктирүү алардын жалпы ресурстарын натыйжалуу башкарууга шарт түзүшү мүмкүн.
Геоэкономикалык фактор: ирилештирүүнүн негизги критерийи
Административдик-аймактык реформанын экономикалык маңызы дал ушул фактор менен аныкталат.
Жаңы административдик бирдиктин келечеги анын учурдагы бюджетинин көлөмү менен гана эмес, келечекте кандай жана канча өндүрүш түзө алары, канча өлчөмдө инвестиция тарта алары жана канча жумуш ордун камсыздай алары менен өлчөнүшү керек.
Мында төмөнкү багыттар тыкыр изилденүүгө тийиш:
Өндүрүштүк потенциал. Айыл чарба, өнөр жай, кайра иштетүү, курулуш материалдарын өндүрүү, жеңил өнөр жай жана башка тармактарды өнүктүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү.
Инвестициялык потенциал. Жер тилкелери, өндүрүш аянтчалары, электр энергиясы, суу, жол жана байланыш инфраструктурасынын инвесторлор үчүн жеткиликтүүлүгү.
Бюджеттик потенциал. Салыктык кирешелери, жергиликтүү бюджеттин түзүмү, муниципалдык мүлктөрү жана ишкердик субъекттеринин саны.
Экономикалык адистешүү ареалы. Ар бир аймактын табигый жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүнө жараша экономикалык профилин аныктоо.
Өндүрүштүк байланыштар. Аймактар ортосундагы товар жүгүртүү, жумушчу күчүнүн кыймылы, соода, кызмат көрсөтүү жана логистикалык байланыштарынын абалы.
Мисалы, айыл чарба продукциясын өндүргөн аймакты кайра иштетүүчү ишканалар, сактоочу кампалары бар соода-логистикалык борборлор жайгашкан аймак менен бириктирүү экономикалык жактан негиздүү. Анткени алар бирин-бири артынан ээрчитип, бирин-бири толуктап турат.
Мындай учурда аймактар бирдиктүү өндүрүштүк чынжырчаны түзөт.
Демек, административдик бирдиктерди түзүүдө негизги суроо "канча айыл же кайсы район кошулду" деген эмес, "жаңы аймак кандай экономикалык мүмкүнчүлүккө ээ болду?" деген суроо кабыргасынан коюлушу кажет.
Транспорттук жана инфраструктуралык фактор
Аймактардын административдик борборлору транспорттук жактан калк үчүн реалдуу негизде жеткиликтүү болушу абзел.
Эгерде алыскы айылдын тургуну жөнөкөй документ алуу үчүн бир нече саат жол жүрүүгө аргасыз болсо, анда административдик реформа ыңгайсыздык жаратып, натыйжада жаңы көйгөй пайда болот.
Ошондуктан төмөнкү көрсөткүчтөр эске алынышы керек:
- Автожолдордун ыңгайлуулугу жана сапаты;
- Административдик борборго чейинки убакыт жана аралык;
- Коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү;
- Электр энергиясы, суу жана байланыш каражаттары;
- Темир жол жана эл аралык транспорттук коридорго чыгуусу;
- Соода-логистикалык борборлорго жакындыгы;
- Административдик борборду тандоодо анын географиялык борбордо жайгашуусу эле эмес, транспорттук жана функционалдык жактан ыңгайлуулугу да негизги мааниге ээ болушу керек.
Мындан тышкары, башкаруу борборуна бардык кызматтарды топтоп алуу да туура эмес. Алыскы айылдардын медпункттарын, калкты тейлөө борборун, социалдык жана маданий-спорттук мекемелерин сактоо зарыл.
Демографиялык жана социалдык фактор
Аймактарды ирилештирүүдө калктын саны, жыштыгы, жаш курак түзүмү, улуттук өзгөчөлүгү жана миграциялык процесстер да өзгөчө мааниге ээ.
Калкы азайып жаткан айылдар менен калкы тез өсүп жаткан аймактардын муктаждыктары ар башка.
Ошондуктан төмөнкү көрсөткүчтөр талданышы керек:
- Калктын жалпы саны жана жыштыгы;
- Эмгекке жарамдуу калктын үлүшү;
- Жаштардын саны жана миграциясы;
- Калктын кирешесинин деңгээли;
- Жумушсуздуктун абалы;
- Мектеп, бала бакча жана медициналык мекемелердин жеткиликтүүлүгү;
- Шаар жана айыл калкынын катышы.
Калкы аз конуштарды чоң аймакка бириктиргенде алардын кызыкчылыктары эске алынбай калбашы керек. Жаңы түзүмдө ар бир айылдын инфраструктуралык жана социалдык муктаждыктары эске алына турган механизмдер зарыл.
Саясий-административдик жана башкаруучулук фактор
Реформанын маанилүү максаттарынын бири — башкаруудагы ар түркүн функциялардын кайталанышын азайтып, жоопкерчиликти так бөлүштүрүү.
Жаңы административдик бирдик төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу керек:
- Өзүнүн жергиликтүү бюджетин натыйжалуу башкаруу;
- Кесипкөй адистерди кармоо;
- Жергиликтүү экономикалык маселелерди чечүү;
- Муниципалдык мүлктү мыйзамдуу жана майнаптуу башкаруу;
- Инвестициялык долбоорлорду даярдоо;
- Коомдук көзөмөлдү камсыздоо;
- Жогорку мамлекеттик органдар менен функцияларды так бөлүштүрүү.
Эгерде административдик реформанын натыйжасында бюрократиялык баскычтар сакталып, алардын үстүнө дагы бир башкаруу катмары кошулса, чыгымдар кыскарбай, тескерисинче көбөйүшү күтүлөт.
Ошондуктан мамлекеттик функцияларды ким аткарары, ким каржылары жана жыйынтыгына ким жооп берери так аныкталышы абзел.
Чек ара аймактарынын стратегиялык фактору
Кыргызстандын географиялык жайгашуусу чек ара аймактарына өзгөчө көңүл буруп, мамлекеттин борбордук, маанилүү маселеси катары кароону талап кылат.
Чек арага жакын аймактарда калктын туруктуу жашоосун камсыздоо, улам ишканаларды уюштуруп, жумуш орундарын ачуу, социалдык-медициналык кызматтардын сапаты менен жеткиликтүүлүгү менен экономикалык байланыштардын өнүгүшү жалпы улуттук мааниге ээ.
Бул жерде бир маанилүү жагдай: Баткен облусундагы Лейлек районун башка районго кошуп, бирдиктүү аймак түзүү туура эмес болуп калышы мүмкүн. Чек ара аймагынын өзгөчөлүгү, географиялык жактан бөлүнүп турушу жана аскерий коопсуздук маселелери анын өзүнчө башкаруу бирдиги катары калуусун негиздейт. Демек, 20 аймактын бардыгы эле эки же андан көп райондон түзүлүшү шарт эмес.
Мындай аймактарды бириктирүүдө чек ара соодасы, логистика, транспорт коридорлору, өндүрүш ишканаларынын жана социалдык инфраструктуранын мүмкүнчүлүктөрү эске алынышы керек.
Чек арадагы калктуу конуштардын экономикалык чабалдыгы ал жактан калктын көчүп кетүү тобокелдигин жогорулатат. Ошондуктан өнүктүрүү багыты аймактык саясаттын стратегиясы гана эмес, улуттук коопсуздукка байланыштуу мамлекеттик кызыкчылыктын стратегиясы да болуп саналат.
Экологиялык жана ресурстук фактор
Суу бассейндери, сугат системалары, жайыттар, токойлор, тоо-кен байлыктар жана башка жаратылыш ресурстары бир нече административдик бирдиктин аймагында жайгашып же белгиленген чегин кесип өтүшү мүмкүн.
Мындай ресурстарды өз-өзүнчө башкаруу чачкын чарбалык саясатка жана натыйжасыздыкка, өз ара талаш-тартыштарга алып келиши ыктымал. Бул маселеде күчтүү бийлик вертикалы иштеп, борбордук бийликке жалпы жөнгө салуу функцияларын берип, ал артыкчылыктуу укукка ээ болушу күтүлөт.
Ошондуктан аймактарды бириктирүүдө суу ресурстарын бирдиктүү негизде башкаруу, жайыттарды бирге пайдалануу, экологиялык чектөөлөр жана табигый кырсыктардын алдын алуу же жарандык коргонуу маселелери да бирдиктүү негизде каралышы кажет.
Административдик бирдиктер кантип түзүлөт?
Жогорудагы факторлорду эске алганда, Кыргызстанда административдик-аймактык реформанын негизги принциби төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
Географиясы байланышкан, экономикалык жактан бири-бирин толуктаган, транспорттук жактан жеткиликтүү жана башкаруусу жагынан өз алдынча иштей алган конуштарды бирдиктүү аймактарга бириктирилет. Ирилештирүү бүтүн административдик-экономикалык мейкиндик түзүү аркылуу жүрүшү шарт.
Мында бардык аймактар үчүн калктын саны же жер аянтынын бирдейлиги боюнча ченем белгилөө туура эмес. Тоолуу, өрөөндүү, чек арага жакын жана шаарлашкан аймактардын шарттары ар башка болушу мүмкүн.
Ошондуктан ар бир административдик аймактын социалдык-экономикалык негиздемеси өз-өзүнчө иштелип чыгышы керек.
Мында аймак жөн гана башкаруу бирдиги эмес, өзүнүн экономикалык профили, инвестициялык программасы, өндүрүштүк мүмкүнчүлүгү жана өнүгүү стратегиясы бар административдик мейкиндик катары каралат.
Аймактык өнүктүрүү программасы: реформанын кийинки стратегиялык баскычы
Административдик-аймактык реформада аймактар ирилештирилгенден кийин алардын экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо үчүн кандай иштер жасалуусу керек деген суроо кабыргасынан коюлат.
Эгерде жаңы түзүлгөн административдик бирдиктерге кошумча ыйгарым укуктар берилгени менен, өндүрүштү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана жумуш орундарын түзүү боюнча мамлекеттик программа болбосо, реформа күткөн натыйжасын бербей калышы мүмкүн.
Ошондуктан административдик-аймактык реформанын кийинки баскычы катары Кыргыз Республикасынын улуттук аймактык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу зарыл.
Бул программа ар бир округдун өзгөчөлүгүнө жараша беш жана он жылдык өнүгүү максаттарын аныктап, аларды конкреттүү долбоорлор жана каржылоо булактары менен камсыздоого тийиш.
Биринчиден, аймактардын экономикалык адистешүүсүн аныктоо.
Мисалы, айыл чарбасы өнүккөн аймактарда кайра иштетүүчү ишканаларды, муздаткыч кампаларды жана логистикалык борборлорду түзүү; тоолуу аймактарда туризмди жана мал чарбасын өнүктүрүү; транспорттук түйүндөргө жакын жерлерде өндүрүш жана соода борборлорун уюштуруу; чек ара аймактарында соода-логистикалык инфраструктураны кеңейтүү зарыл.
Экинчиден, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү.
Аймактарда ишканаларга жеңил насыяларды сунуштоо, өндүрүш аянтчасын түзүү, электр энергиясы, суу менен камсыз кылып, жергиликтүү ишкерлерди колдоо мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү болушу керек.
Үчүнчүдөн, инвестицияларды аймактарга багыттоо.
Инвесторлорго даяр инфраструктурасы бар өндүрүш аянтчаларын түзүү, муниципалдык жерлерди мыйзамдуу негизде пайдалануу, инвестициялык долбоорлорду коштоочу кесипкөй кызматтарды уюштуруу зарыл. Салык жеңилдиктерин камсыздоо.
Төртүнчүдөн, кесиптик билим берүүнү экономиканын талаптарына ылайыкташтыруу.
Аймактарда кайсы өндүрүш тармагы өнүгүп жатса, ошолор үчүн адистер даярдалышы керек. Инженерлер, агрономдор, ширетүүчүлөр, энергетиктер, технологдор, логистика жана IT адистери жергиликтүү эмгек рыногунун талабына жараша даярдалууга тийиш.
Бешинчиден, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү.
Жол, таза суу, электр энергиясы, мектеп, бала бакча, медициналык кызмат жана интернет жеткиликтүү болмоюнча аймактарда туруктуу жашоого жана ал жактарда бизнес жүргүзүүгө кызыгуу пайда болбойт.
Ички миграцияны азайтуу: мамлекеттик аймактык саясаттын негизги көрсөткүчү
Кыргызстандын ички миграция маселесин административдик чек араларды өзгөртүү менен гана чечүү мүмкүн эмес.
Адамдар жашаган жерин көбүнчө жумуш жоктуктан, тапкан кирешесинин төмөндүгүнөн, сапаттуу билим алуу жана медициналык кызматтардын начар же чектелүү болушунан улам өзгөртүшөт.
Демек, адамдарды туулуп-өскөн жеринде калтыруунун негизги жолу — ошол аймактарда экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү.
Мамлекеттик саясаттын максаты адамдардын Бишкекке же башка шаарларга көчүүсүнө тоскоолдук кылуу эмес, аларга өз аймагында жашап, татыктуу киреше табууга жана келечегин курууга мүмкүнчүлүк берүү болушу керек.
Бул үчүн ар бир административдик округдун өнүгүү программасында төмөнкү көрсөткүчтөр белгилениши зарыл:
- Жаңы жумуш орундарынын саны;
- Жергиликтүү калктын реалдуу кирешелеринин өсүшү;
- Жаштардын жумуш менен камсыз болушу;
- Жаңы ишканалардын жана өндүрүш көлөмүнүн көбөйүшү;
- Аймакка кайтып келген эмгек мигранттарынын саны;
- Ички миграциянын динамикасы;
- Социалдык кызматтардын сапаты.
Аймактарда өндүрүш ишканалары, логистикалык борборлор, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жайлар, курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалар жана кызмат көрсөтүү тармактары өнүккөн сайын жаңы жумуш орундар пайда болот.
Мына ушул экономикалык өзгөрүүлөр ички миграциянын негизги себептерин азайтууга жардам берет.
Ички миграцияны азайтуу деген адамдардын кыймылын чектөө эмес, өлкөнүн ар бир аймагында жашоого жана иштөөгө татыктуу шарт түзүү дегенди билдирет.
Экономикалык өз алдынчалык жана бюджетти башкаруунун жоопкерчилиги
Жаңы административдик бирдиктердин ишке жөндөмдүүлүгү алардын бюджеттик мүмкүнчүлүктөрүнө түздөн-түз байланыштуу.
Эгерде жаңы округ жыл сайын республикалык бюджеттен кошумча каражат күтүп, өзүнүн киреше базасын өнүктүрө албаса, анда анын ирилешкени экономикалык натыйжалуулукту камсыздады деп айтууга болбойт.
Ошондуктан, ар бир жаңы округ боюнча өзүнчө экономикалык паспорт түзүлүшү керек.
Анда калктын саны, жер ресурстары, ишканалардын саны, салыктык потенциал, муниципалдык мүлк, жергиликтүү бюджеттин кирешелери, инфраструктуралык чыгымдар жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр камтылышы зарыл.
Мында бир маанилүү жагдайды эске алуу керек: экономикалык жактан алсыз, бийик тоолуу жана чек арадагы аймактардын бардыгын толук каржылык өз алдынчалыкка өткөрүү мүмкүн эмес. Мамлекеттик теңдөөчү гранттар жана трансферттер мындай аймактар үчүн зарыл бойдон калат.
Негизги максат - дотацияны толугу менен жоюу эмес, аны адилеттүү, ачык-айкын жана натыйжага багытталган механизм аркылуу бөлүштүрүү.
Децентрализация: акча менен кошо жоопкерчилик
Айрым учурда жергиликтүү бийликке мүмкүн болушунча тез арада көбүрөөк каражат жана ыйгарым укуктар берүү зарылдыгы айтылып келет.
Теориялык жактан бул туура багыт. Анткени жергиликтүү маселелерди ошол аймакта жашаган адамдар жана алардын шайланган өкүлдөрү жакшыраак билиши мүмкүн.
Бирок децентрализация жөн гана каржылык ресурстарды жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды жер-жерлерге таратып берүү эмес.
Эгерде бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүдө ачык-айкындуулук жок болсо, мамлекеттик сатып алуулар көзөмөлдөнбөсө, муниципалдык жерлерди бөлүштүрүүдө жеке кызыкчылыктар үстөмдүк кылса, анда жергиликтүү бийликке берилген кошумча ресурстар коррупциялык тобокелдиктерди күчөтүшү мүмкүн.
Ошондуктан биринчи кезекте төмөнкү механизмдерди камсыз кылуу зарыл:
- Жергиликтүү бюджеттердин ачык-айкындуулугу;
- Мамлекеттик жана муниципалдык сатып алууларга коомдук көзөмөл;
- Муниципалдык жерлердин жана мүлктүн толук реестри;
- Жергиликтүү кеңештердин көзөмөл функцияларын күчөтүү;
- Көз карандысыз аудит;
- Чечим кабыл алган жетекчилердин жеке жоопкерчилиги;
- Инвестициялык долбоорлорду тандоонун ачык критерийлери.
Эң негизгиси, жергиликтүү бийлик акчаны кантип сарптаганы үчүн калктын алдында жооп бере турган башкаруу системасы түзүлүшү керек.
Пилоттук аймактар-реформаны текшерүү
Реформаны бардык аймактарда бир убакта жана бирдей модель менен жүргүзүү кошумча тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн. Анткени Кыргызстандын ар бир аймагынын географиялык, экономикалык жана демографиялык шарттары ар башка. Ошондуктан алгач пилоттук моделди сынактан өткөрүү маанилүү.
Пилоттук аймактарда жаңы башкаруу системасынын бюджеттик туруктуулугу, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү, жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, өндүрүштүн өсүшү, жумуш орундарын түзүү жана коомдук көзөмөл механизмдерин киргизүү шарттары текшерилиши зарыл.
Алардын ишмердүүлүгү алдын ала белгиленген көрсөткүчтөрдүн жана көз карандысыз аудиттин негизинде бааланышы керек.
Мында республикалык бюджеттен алынчу гранттык акчаны ачык көрсөтүү зарыл. Болбосо округдун чыныгы экономикалык өз алдынчалыгын аныктоо мүмкүн болбой калат.
Пилоттук моделдин натыйжаларына жараша кемчиликтер оңдолуп, андан кийин башка аймактарга жайылтуу максатка ылайык.
Кандай катачылыктардан сактануу зарыл?
Административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө бир катар тобокелдиктер бар экенин эске алып, алдын ала эскертүү зарыл.
Биринчиси - аймактарды экономикалык жана инфраструктуралык байланыштарын изилдебестен, картадагы чектештигине карап механикалык түрдө бириктирүү.
Экинчиси - башкарууну ашкере борборлоштуруу. Эгерде мурда айыл жеринде жеткиликтүү болгон кызматтар жаңы борборго көчсө, калктын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуусу кыйындашы мүмкүн.
Үчүнчүсү - чакан айылдардын кызыкчылыктарын эске албоо. Калкы көп айылдардын кызыкчылыгы үстөмдүк кылса, алыскы конуштар социалдык жана инфраструктуралык колдоодон ажырап, экинчи планга сүрүлүп калуу коркунучу бар.
Төртүнчүсү - бюджеттик теңсиздик. Экономикалык жактан күчтүү жана алсыз аймактарды бириктирүүдө каражаттарды бөлүштүрүүнүн так механизми болбосо, жаңы аймактарда ички нааразылык жаралышы мүмкүн.
Бешинчиси - кесипкөй кадрлардын жана институционалдык даярдыктын жетишсиздиги.
Алтынчысы - административдик чек араларды жана аймактык борборлорду аныктоодо саясий же жеке кызыкчылыктардын объективдүү экономикалык критерийлерден жогору коюлушу.
Демек, реформанын бардык чечимдери ачык маалыматтарга, экономикалык негиздемелерге, коомдук талкууга жана мыйзамдуу процедураларга таянышы зарыл.
Реформаны ишке ашыруунун сунушталган модели
Реформаны бир нече ырааттуу этапта жүргүзүү максатка ылайыктуу.
Биринчи этап - комплекстүү аймактык аудит.
Өлкөнүн бардык административдик бирдиктери боюнча экономикалык, демографиялык, географиялык, инфраструктуралык жана бюджеттик маалыматтар чогултулуп, бирдиктүү маалыматтык база түзүлүшү керек.
Экинчи этап - функционалдык жана экономикалык топтоо.
Аймактардын өз ара байланыштары, транспорттук мүмкүнчүлүктөрү, эмгек рыногу, суу ресурстары жана өндүрүштүк потенциалы изилденип, келечектеги аймактардын болжол варианттары иштелип чыгышы зарыл.
Үчүнчү этап - экономикалык негиздеме жана коомдук талкуу.
Ар бир сунушталган бириктирүү боюнча бюджеттик эсеп, экономикалык божомол, социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана калктын пикири алдын-ала изилдениши керек.
Төртүнчү этап - пилоттук аймактарды түзүү.
Ар кандай географиялык жана экономикалык шарттардагы аймактарда жаңы башкаруу моделдери алдын-ала сыналышы зарыл.
Бешинчи этап -улуттук аймактык өнүктүрүү программасын кабыл алуу.
Ар бир округдун экономикалык адистешүүсү, инвестициялык долбоорлору, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү, жумуш орундарын түзүү пландары жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү багыттары аныкталышы керек.
Алтынчы этап - натыйжаларды баалоо жана кеңейтүү.
Пилоттук округдардын ишмердүүлүгү бюджеттик натыйжалуулук, калктын кирешеси, жумуш орундары, миграция, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана инвестициялык активдүүлүк боюнча бааланып, ийгиликтүү моделдер башка аймактарга жайылтылышы зарыл.
Реформанын жыйынтыгы жана натыйжасы
Административдик-аймактык реформанын натыйжалуулугун башкаруу органдарынын санынын кыскарышы же бюджеттик чыгымдардын азайышы менен гана өлчөө туура эмес. Анын натыйжасы калктын жашоо сапатына жана экономикалык өнүгүүгө тийгизген таасири аркылуу аныкталышы керек.
Негизги көрсөткүчтөр төмөнкүлөр болушу мүмкүн: Өндүрүштүн жана ишкердиктин өсүшү, бюджеттик туруктуулуктун өсүшү, инвестициялык долбоорлордун иштеши, жумуш орундары жана эмгек акынын өлчөмү, жол, таза суу, электр энергиясы, интернет байланышынын абалы, калктын көчүп кетүү жана кайтып келүү динамикасы, билим берүү жана медицинанын сапаты менен жеткиликтүүлүгү.
Корутунду: күчтүү аймактар өлкөнүн күчтүү пайдубалы
Кыргызстандагы административдик-аймактык реформанын негизги маңызы башкаруу бирдиктерин механикалык түрдө ирилештирүүдө эмес, өлкөнүн аймактык өнүгүүсүнүн жаңы моделин түзүүдө болушу керек.
Географиялык жактан байланышкан, экономикалык жактан бири-бирин толуктаган, транспорттук жактан жеткиликтүү жана социалдык жактан туруктуу аймактарды бирдиктүү башкаруу мейкиндигине бириктирүү — бул реформанын баштапкы шарты гана.
Анын кийинки жана эң маанилүү баскычы — ар бир аймактын экономикалык потенциалын ачуу, өндүрүштү өнүктүрүү, инвестиция тартуу, жумуш орундарын түзүү жана ички миграциянын себептерин азайтуу.
Мамлекеттин бардык экономикалык, социалдык жана инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүн бир гана борборго топтоо менен өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу кыйын.
Борбордун ашыкча чоңоюшу, ал эми аймактардын экономикалык жактан алсызданышы узак мөөнөттүү келечекте жалпы мамлекеттик өнүгүүгө да терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Ошондуктан өлкөнүн өнүгүү стратегиясы борбор менен аймактардын ортосундагы экономикалык тең салмактуулукту түзүүгө багытталышы керек.
Ар бир аймакта ишкердик жүргүзүүгө шарт түзүлүп, өндүрүш ишканалары ачылып, жаштар үчүн жумуш орундары түзүлүп, сапаттуу билим берүү жана медициналык кызматтар жеткиликтүү болушу зарыл.
Адамдар туулуп-өскөн жеринде жашап, үй-бүлөсүн багып, бизнесин өнүктүрүп, келечегин кура алган шартта гана ички миграциянын экономикалык себептерин азайтууга болот.
Мына ушундай шартта административдик-аймактык реформа мамлекеттик башкарууну өзгөртүү менен чектелбестен, өлкөнүн жаңы экономикалык моделин калыптандыруучу стратегиялык кадамга айланат.
Күчтүү аймактар - күчтүү өлкө - күчтүү борбор - күчтүү мамлекет!
Бул жөн гана ураан эмес, Кыргызстандын келечектеги аймактык, экономикалык жана мамлекеттик башкаруу саясатынын негизги философиясы.
Анткени күчтүү өлкө алсыз аймактардан түзүлбөйт. Тескерисинче, экономикасы өнүккөн, өз алдынча демилге көтөрө алган, бюджеттик мүмкүнчүлүгү бар жана калктын жашоо сапатын камсыздоого жөндөмдүү аймактар гана күчтүү мамлекеттин бекем пайдубалын түзөт.
Кыргызстандын келечеги - аймактарды борборго көз каранды кылууда эмес, ар бир аймакты өлкөнүн жалпы өнүгүүсүнүн активдүү кыймылдаткыч күчүнө айландырууда турат.