Президент Садыр Жапаров аймактарды кыдырууда сот адилеттигине байланыштуу көйгөйлөр көп көтөрүлүп, арыз-даттануулар айкын болду. Президент көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө тапшырма берип, бул маселеге олуттуу мамиле жасап, системалуу иш алып баруу зарылдыгын белгиледи. Ошентип, адилеттик издегендердин арыздары сот тутумун реформалоону кайрадан күн тартибине чыгарды.
Президент аймактарды кыдырууда сот иштеринин көйгөйлөрүн жеринен угуп-көрүп, арыздарды чечүүдө адаттан тыш саясий эркин көргөздү. Анын калк менен жолугушууларында көтөрүлгөн маселелерде сот адилеттигине карата арыз-даттануулардын көптүгү системалык көйгөйлөргө көнүл бурдурууда. Жогорку сот төрагасы да соттордун жоопкерчилигин жогорулатып, ички реформаларды илгерилетүү талабы күн тартибине чыкканын көрсөтүп турат.
Президент Садыр Жапаровдун өлкөнүн аймактарын кыдыруусу жөн гана жергиликтүү көйгөйлөр менен таанышуу эмес, мамлекеттик башкаруу системасындагы кемчиликтерди жеринен көрүүгө мүмкүнчүлүк берген саясий аянтчага айланды. Жарандар менен жолугушууларда социалдык, инфраструктуралык жана турмуш-тиричилик маселелери менен катар соттордун чыгарган чечимдерине, создуктурулган иштерге, жер жана мүлк талаштарына байланыштуу арыз-даттануулар да байма-бай айтылып келет.
Маселенин масштабына президенттин өзү да көңүл бурду. 21-октябрда өткөн республикалык кеңешмеде Садыр Жапаров аймактарды кыдырып, карапайым калк менен жолукканда коомчулукта адилеттүүлүк жок деген нааразы маанай калыптанып баратканына күбө болгонун белгилеген. Мамлекет башчысы мыйзам алдында баары тең болушу керектигин айтып, сот адилеттигиндеги көйгөйлөрдү тез арада жоюу зарылдыгын билдирген.
Бул жерде көңүл бура турган жагдай — президенттин сот системасына карата сын-пикири бир жолку билдирүү менен чектелген жок. Ал сот бийлиги жарандардын укугун, жеке менчиктин кол тийбестигин жана инвестициялардын коопсуздугун коргоого тийиш экенин белгиледи. Ошондой эле сот адилеттигине саясий, административдик жана башка мыйзамсыз кийлигишүүлөргө каршы институционалдык тоскоолдуктарды түзүү зарылдыгын айтты.
Бир кумалак бир карын майды чиритет: сот жоопкерчилик күчөйбү?
Президенттин ишаратынан кийин Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатиев сот тутумунун 2026-жылдын тогуз айындагы ишмердигинин жыйынтыгын талдоодо сот чечимдеринин жана судьялардын ишинин сапатына катуу сын айтты.
Ал айрым судьялардын ишинин натыйжасы талаптагыдай эмес экенин белгилеп, сот тутумунда мындай кызматкерлерге орун болбошу керектигин билдирди:
"Сотто адилеттүүлүк жок деген тыянактар бар. Билесиздерби, бул кандай сөз? Улуу сөздө уят жок, ушуга жеткирген биздин арабызда кумалактар бар. Ошолордон арылышыбыз керек. Президент аймактарды кыдырып, эл менен жолугушуулардан кийин адилеттүүлүк жок деген түшүнүк бар экенине көзү жеткени бүтүндөй сот тутумуна карата олуттуу сокку болушу керек" - деген оюн ортого салды Медербек Сатиев.
Ал судьялардын ишинин сапатын атайын комиссия аркылуу иликтөөнү, көрсөткүчтөрү төмөн судьялар боюнча тиешелүү сунуштарды киргизүүнү тапшырды. Ошондой эле облустук соттордун төрагаларынын жекече жоопкерчилигин кароо зарылдыгын айтты.
Мындай билдирүүлөр сот тутумунда кадрдык же институционалдык өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экенинен кабар берет.
Президенттин сыны сот реформасына жаңы түрткү береби?
Кыргызстанда сот реформасы көп жылдан бери көтөрүлүп келе жаткан маселелердин бири. Ар бир саясий өзгөрүүлөрдө соттордун көз карандысыздыгы, коррупция, паракордук, судьялардын жоопкерчилиги жана сот чечимдеринин адилеттиги коомдук талкуунун чордонунда болуп келген.
Садыр Жапаровдун аймактардагы жолугушууларынан кийин сот реформасы кайрадан мамлекеттик саясаттын маанилүү багытына айлантып жаткандай.
Мунун бир нече себеби бар.
Биринчиден, президент сот системасындагы көйгөйлөрдү жарандардын өз оозунан угуп жатканын ачык айтып жатат. Демек, маселе мамлекеттик органдардын ички статистикасы менен гана чектелбестен, коомдук ишенимдин деңгээли менен да байланыштуу.
Экинчиден, Жогорку соттун жетекчилиги да кемчиликтерди моюнга алып, судьялардын ишинин сапаты менен жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын билдирүүдө. Бул нерсе сот бийлиги ичинен өзгөрүүгө умтулуп баштаганын көрсөтүп жаткандай.
Үчүнчүдөн, президент сот адилеттигин инвестициялык коопсуздук жана жеке менчиктин кол тийбестигин коргоо чарасы менен байланыштырды. Бул сот реформасы жөн гана укуктук маселе эмес, экономикалык өнүгүү үчүн да маанилүү экенин билдирет.
Анткени ишкер өзүнүн менчиги мыйзам менен корголоруна ишенбесе, узак мөөнөттүү инвестиция салууга шашылбайт. Жаран сотко кайрылганда адилеттүү чечим чыгарына ишенбесе, мамлекеттик институттарга болгон ишеним төмөндөйт.
"Жер-жерлердеги маселелер создугуп, чечилбесе, анын бардыгы топтолуп отуруп чогулуп кетет. Бул жактагы жетекчилер ишин создуктурса анын кесепеттери жогорку бийликке тийет. Ошондуктан, айтылган маселелер айтылган жерде кала бере бербей, ар бир жетекчи тарабынан жеринде каралып, кечиктирилбей чечилиши керек" - деди Садыр Жапаров.
Реформа кадр алмаштыруу менен чектелбейт
Ошол эле кезде сот системасын реформалоо айрым судьяларды кызматтан алуу же жапырт кадрдык тазалоо менен гана чектелбеши керек деген көз караштар арбын.
Негизги маселе — соттордун кесиптик даярдыгын, көз карандысыздыгын камсыздоо, судьяларды тандоонун ачык-айкын механизмдерин түзүү, коррупциялык тобокелдиктерди жоюу жана сот чечимдеринин сапатын жогорулатуу.
Президент өзү да сот адилеттигине саясий басым же административдик кийлигишүүгө каршы институционалдык тоскоолдуктарды түзүү зарылдыгын белгилеген. Демек, реформа эки маанилүү принципке таянышы зарыл: бир жагынан, мыйзам бузган судьялар үчүн жоопкерчилик сөзсүз болушу керек, экинчи жагынан, алар кандай гана кысым болбосун мыйзамга гана баш ийип, көз карандысыз чечим чыгара алышы керек.
Эксперттик коомчулук да сот тутумунун ишин жакшыртууну сунуштап келет.
"Сот иштери мыйзамдуу жана адилет каралган учурларда деле албетте, бир тарап дайыма нааразы болот. Дооматтарын айтышат, арызданышат. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Бирок, судьялар арасында да мыйзамдан четтеген чечимдер чыгарылган учурлар жок деп кепилдик бере албайбыз. Баардыгын салмактап туруп, мыйзамдарда маселелер болсо, аларды карап чыгууга, судьяларда маселелер болсо, анда алардын кызмат ордуларына шайкештигин кароо сыяктуу иш-аракеттер байма-бай болуп турушу зарыл" - дейт юрист Руслан Ташанов.
Мындан тышкары, ошол эле кезде соттук кароону негизсиз кечиктирбөө, сот чечимдерин өз убагында аткаруу, соттук кароо мөөнөттөрүн сактоо жана сот жараяндарынын ачык-айкындыгын камсыздоо да өзгөчө мааниге ээ.
Элдин сотторго ишенимин кайтаруу — негизги сынак
Президенттин аймактардагы жолугушуулары бир маанилүү жагдайды көрсөттү: көп учурда жарандар сотторго, жергиликтүү же тармактык мамлекеттик органдарга эмес, президентке түз кайрылууга аракет кылышат. Анткени аларга карата ишенимдин аздыгы буга түрткү болгон.
Бул чечим кабыл алуунун төмөнкү баскычтарында көйгөйлөр бар экенин көрсөтөт. Эгер соттук талаш-тартыштар же жарандардын укугуна байланыштуу маселелер президенттин жеке кийлигишүүсү менен гана чечилет деген түшүнүк калыптанып калса, анда соттун натыйжалуулугу боюнча олуттуу суроолор жаралат.
Ошондуктан президент аймактарда көтөрүлгөн арыз-даттанууларга көңүл буруп жатканы жөн жеринен эмес. Бирок, максат ар бир жарандын маселеси президентке жетпей эле мыйзамдын негизинде чечиле турган так системаны түзүүдө жатат. Президент Садыр Жапаров дал мына ушул максатты көздөп жаткандай.
Жыйынтыктап айтканда, Садыр Жапаровдун соңку билдирүүлөрү сот тутумунун ишмердигин жакшыртууга көңүл буруу күчөтүлө турганын көрсөтүүдө. Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатиевдин судьялардын жоопкерчилигин күчөтүү жана сот корпусун ичинен тазалоо чакырыгы бул багытта белгилүү бир кыймыл-аракет башталарын айгинелейт.
Эми негизги маселе — айтылган талаптар канчалык деңгээлде өзгөрүүлөргө алып келет? Судьялардын жоопкерчилиги күчөп, ошол эле кезде сот адилеттигин ишке ашыра турган сот бийлигинин чыныгы көз карандысыздыгы камсыздалабы? Карапайым жаран сотко кайрылганда тааныш-билиш, кызматтык абал же каржылык мүмкүнчүлүк аркылуу эмес, мыйзамдуулук аркылуу гана адилеттикке жетишерине ишене алабы?
Сот реформасынын жыйынтыгы дал мына ушул суроолорго так жооптор табылганда гана көрүнө турганы маалым. Реформанын өзөгү соттордун көз карандысыздыгы, мыйзамдуулук жана жарандардын укуктарын коргоонун абалы менен өлчөнүшү абзел.