Каардуу тоолор катачылыкты кечирбейт

Аналитика
Каардуу тоолор катачылыкты кечирбейт
copyright icon WWW

Кубаныч Жолдошев

Бардык материалдар

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 14 жаштагы өспүрүм тоодо тоңуп каза болгон окуяны тыкыр текшерүүнү тапшырды. Бул каргаша ыкчам чара көрүү кызматынын абалын ашкерелеп, аны түп- тамырынан өзгөртүү маселесин күн тартибине чыгарды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана анын ыкчам куткаруу кызматы кандай реформага муктаж?

Тартиптик чаралар, укуктук баа берүү

Министрлер кабинетинин чечимдерди аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгы Ала-Арча капчыгайында 14 жаштагы өспүрүм адашып, куткаруу кызматына чалып, дароо жардам келбей суукка тоңгон трагедияны териштире турган болду. Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев жардам сураган сигналдан тарта издөө-куткаруу иштери кандай жүргөнүн так иликтөөнү буюрду. Текшерүүнүн жыйынтыгында уюштуруудагы кызматтык шалаакылык, жоопкерчилик менен системалык катачылык аныкталат.

Президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Канат Чыныбаевге ишти уюштурууда олуттуу кемчиликтерге жол бергени жана көзөмөлдүн жетишсиздиги үчүн катуу сөгүш жарыялады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрдин орун басары Алмазбек Асановду, Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун башчысы Азис Эгембердиевди Куткаруучуларды даярдоо боюнча мамлекеттик борбордун башчысы Тынарбек Мурашовду ээлеген кызматтарынан бошотту.

Кабыл алынган тартиптик жана кадрдык чаралар менен кошо Аскер прокуратурасы окуяга укуктук баа берүү үчүн кызматтык шалаакылык фактысы менен кылмыш ишин козгоду. Тергөөдө окуянын жагдайлары, өспүрүмдү куткаруу эмнеге кечиккени жана кызмат адамдарынын аракетсиздиги ар тараптуу изилденет. Жыйынтыгында аларга мыйзамда каралган тартипте көрүлө турган болду.

Бул окуя териштирилгенге чейин, Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана ыкчам аракеттенүү тутумун кайра карап чыгууга негиз түзүлдү.

Өзгөчө жагдай — бул окуя эл эң көп баруучу Ала-Арчада, болгондо да борбордун босогосунда болгону. Бир караганда, окуя болгон аймак Бишкекке жакын болгондуктан, ыкчам чара көрүүнү тез уюштурса болмок. Бирок, өмүр менен өлүмдүн арасы саат эмес, мүнөттөр менен өлчөнгөн кооптуу маалда куткаруу кызматы эмнеге мынча кашаң жана чабал иштеди?

Өзгөчө кырдаалдар боюнча адис-эксперт Абдишарип Бекилов министрликтин түшүндүрмөсү коомчулукту ынандыра албастыгын айтып, ыкчам чара көрүү боюнча чечим кабыл алуу жоопкерчилигин эч бир жетекчи өзүнө албай калгандын кесепетинен ушундай абал болушу мүмкүн дейт.

“Негизи, мындай кырдаалда чечим кабыл ала тургандай азыр шарт жана талаптар кандай экенин толук билбейм. Бирок чукул кырдаал чыккан учурда министр же анын орун басарлары жекече чечим кабыл алып, түн кирип калганына карабай тез арда куткаруу иштерин уюштурушу керек болчу. Бул жерде министрге маалымат өз убагында жетпеши да мүмкүн. Аны эми тергөө көргөзөт. Кандай болгондо да кызматтык шалаакылык болгон,” – деди Абдишарип Бекилов.

Шалаакылык, кайдыгерлик, тартиптин бошоңдугу сыяктуу себептер, кээ бир кызмат адамдарынын аракетсиздиги же издөө-куткаруу ишин уюштурууда кетирилген кемчиликтерди тергөө аныктап, расмий тыянак чыгары турган иш. Бирок, бул окуя күнөөлүү тарапты гана аныктабастан, түзүмдүн ички системалык көйгөйлөрүн да терең талдоону талап кылары айдан ачык.

Тоо-куткаруу кызматы: талаптар жана өзгөчөлүк

Кыргызстан — тоолуу өлкө. Катаал табият өзүнө ашкере ишенгендикти, кесиптик даярдыктын жетишсиздигин жана башкаруудагы жайбаракаттыкты анчейин кечирбейт. Ошондуктан адам өмүрүн сактап калуучу кызматтар эң жогорку аскерий даярдык менен иштөөгө тийиш.

Кыргызстандын бийик тоолуу географиясы өзгөчө кырдаалдарда куткаруу операцияларын жүргүзүү үчүн жогорку талаптарды коюп келет.

Бийик тоолуу капчыгайлар, аска-зоо, мөңгүлөр, кар көчкү же таш кулоо коркунучу бар чокулар, аба ырайы кескин өзгөргөн шарттар же шар аккан албуут дарыяларда иштөөдө чакан каталар да чоң трагедияга алып келиши мүмкүн.

Мындай шартта кесиптик билим гана эмес, атайын аскердик даярдык, тоо альпинизминин көндүмдөрү, психологиялык туруктуулук, татаал рельефтерде багыт таба билүү, түнкүсүн иштөө жана байланыш жокто туура чечим кабыл алуу жөндөмү талап кылынат.

Тоодогу куткаруучу — бул жөн гана белгилүү бир курстан өткөн мекеменин кызматкери эмес. Ал өзгөчө квалификацияга ээ, экстремалдык шарттарга жакын кырдаалда иштөөгө даяр адис болушу керек.

Ушундан улам мыйзам ченемдүү суроо туулат: тоо-куткаруу бөлүктөрүнүн учурдагы даярдыгы, аттестациялоо жана материалдык-техникалык жабдуу стандарттары учурдун реалдуу шарттарына канчалык жооп берет?

Пландуу окуу-машыгууларды өткөрүү өзгөчө кырдаалга даярдыкты кепилдей албайт. Куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгын иш жүзүндө үзгүлтүксүз текшерип туруу зарыл. Мисалы, күтүүсүз добул кагуу, түндө жолго чыгуу, татаал маршруттардан өтүү, убакытты чектөө, туруктуу байланыш жок жана аба ырайы бузулган сыяктуу реалдуу шарттарда куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча машыгуулар байма-бай өткөрүлүшү керек.

Мына ушундай жол менен гана ар бир бөлүктүн чыныгы даярдык деңгээлин аныктоого болот. Жүргүзүлгөн машыгуулар тууралуу отчеттор менен гана чектелүү аздык кылат.

Аскердик тартип, кесиптик чеберчилик жана жекече жоопкерчилик

Ар кандай мамлекеттик системанын олуттуу көйгөйлөрүнүн бири — иштин жыйынтыгы үчүн кызматтык милдеттер менен кийинки жоопкерчиликтин ортосундагы ажырым.

Экстремалдык шарттарда чечим кабыл алууда бул ажырым өзгөчө кооптуу.

Армияда, татаал тапшырмаларды аткарган атайын багыттагы аскер бөлүктөрүндө жана башка күч түзүмдөрүндө кызматкерлердин кесиптик даярдыгына, тартибине жана буйруктарды так аткаруусуна карата катуу талаптар коюлат.

Эмне үчүн бул принциптер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам бөлүктөрүнө да толук колдонулбашы керек?

Албетте, куткаруу ишинин өзүнө гана мүнөздүү өзгөчөлүктөрү бар. Куткаруучу буйруктарды аткаруу менен гана чектелбей, кырдаалды өз алдынча баалап, коопсуздук талаптарын сактап, кесиптик негизде чечим кабыл алышы керек. Бирок бул чукул кырдаалда аягы жок макулдашууларга, ыйгарым укуктардын так эместигине же жогору жактан кошумча көрсөтмөлөрдү күтүүгө жол берилиши керек дегенди түшүндүрбөйт.

Маселени башкача коюу зарыл: куткаруу операциясын ким жетектейт, чечимди ким кабыл алат, куткаруучуларды ким багыттайт жана аракеттерди өз убагында жана так аткарылышы үчүн ким жеке жоопкерчилик тартат?

Издөө-куткаруу системасынын анык башкаруу вертикалы болушу керек. Операция башчысынын ыйгарым укуктары алдын ала аныкталып, анын чечимдери бюрократиялык тоскоолдуктарсыз аткарылууга тийиш. Айрым кесепеттер үчүн жоопкерчилик да так көрсөтүлүшү керек.

Кадр саясатына өзгөчө көңүл буруу

Ыкчам кызматтардагы жогорку кызмат орундарын кесиптик даярдык жана психологиялык туруктуулук талаптарына жооп берген адистер гана ээлеши керек. Аттестация формалдуу иш-чарага айланбашы, кызматтык көтөрүлүү жеке байланыштарга карап же кызыкчылыктардан көз каранды болбошу зарыл.

Мында аскердик даярдык менен гана чектелбестен, кесиптик дилгирлик, бир командада иштөө жөндөмү, физикалык көндүмдөр, стресске туруктуулук, медициналык жарактуулук жана иштиктүү тажрыйба да бааланышы абзел.

Экстремалдык кызматтарда кесипкөйлүккө коюлган талаптар эч убакта экинчи же андан төмөнкү даражада болбошу керек.

Өз ара ыкчам аракеттенүүнүн бирдиктүү борбору

Реформанын негизги милдеттеринин бири — ыкчам чара көрүү кызматтары өз ара аракеттенүүдө чачыранды кыймылды жоюу.

Ири масштабдагы чукул кырдаалдар учурунда бир эле кезде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук органдарынын, Чек ара кызматынын биргелешип иштөөсүн камсыздап, аскер бөлүктөрүнүн, тез жардам-медициналык мекемелеринин, аскердик жана жарандык авиациянын, жергиликтүү бийликтин же жеке жактардын ресурстарын тартуу талап кылынышы мүмкүн.

Түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү трагедия болгон учурда гана шашылыш түрдө уюштурулбастан, иш-аракеттердин алгоритми алдын ала иштелип чыгып, реалдуу машыгууларда бекемделиши кажет.

Мисалы, алыскы бийик тоолуу аймакта бир адам дайынсыз жоголду дейли. Аны издөө үчүн жердеги куткаруучу топтор, учкучсуз учуучу аппараттар, тепловизор жабдуулары, спутник байланыш каражаттары, медициналык эвакуациялоо жана авиацияны тартып, абадан колдоо талап кылынат.

Акыркы чечимди ким кабыл алат? Артыкчылыктарды ким аныктайт? Жалпы координацияга ким жооп берет? Башка кызматтардын ресурстары канчалык тез арада тартылат?

Бул суроолордун жооптору укук-ченемдик актыларда так бекитилип, алгоритмдер биргелешкен окуу-машыгууларда текшерилиши керек.

Өзгөчө маселе — тик учактарды, учкучсуз учуучу комплекстерди, атайын техниканы жана куткаруучулардан сырткары атайын даярдыктагы аскердик бөлүктөрдү издөө-куткаруу иштерине ыкчам тартуунун тартибин алдын ала аныктоо маанилүү.

Керектүү ресурстар бар болуп туруп, бирок мекеме аралык макулдашуулар кечеңдегенден улам, биргелешкен иш-чаралар жүзөгө ашпаган кырдаалга жол берилбеши кажет.

Бул үчүн Кыргызстанга күнү-түнү мониторинг жүргүзүү, ыкчам байланыш жана куткаруу операцияларынын жетекчилеринин алдын ала аныкталган ыйгарым укуктары менен камсыздалган өзгөчө кырдаалдарды башкаруунун бирдиктүү системасы зарыл. Мына ушундай максатта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору түзүлгөн болчу.

Эл аралык тажрыйба

Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, натыйжалуу тоо-куткаруу системалары кесиптик адистешүүнүн, туруктуу күжүрмөн даярдыктын мекемелер аралык кызматташтыктын жана так командалык башкаруунун айкалышынын негизинде түзүлөт.

АКШда жетүүгө кыйын аймактардагы издөө-куткаруу операцияларын кырсык болгон жердин техногендик мүнөзүнө жараша ар кандай түзүмдөр жүргүзөт. Улуттук парктардын кызматтары, атайын куткаруу бөлүктөрү, Жээк күзөтү, деңиз аскерлери жана атайын даярдыктагы аскердик түзүмдөр өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын алкагында өз ара аракеттенишет.

Германияда Bergwacht деп аталган тоо-куткаруу кызматы иштейт. Ал кесипкөй адистердин мүмкүнчүлүктөрүн жана ыктыярчылардын ресурстарын бириктирет. Зарыл болсо полиция, өрт өчүрүү бөлүктөрү, медициналык кызматтар жана авиация жардамга тартылат.

Японияда жер титирөөлөргө, жер көчкүлөргө, тайфундарга жана башка өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Мында окуу-машыгууларды үзгүлтүксүз өткөрүү, технологиялык жабдуу жана ар кандай чукул кызматтардын аракеттеринин шайкештиги чоң мааниге ээ.

Эл аралык тажрыйбадан алынчу негизги тыянак — бардык куткаруу бөлүктөрүн аскерлештирүү керек дегенде эмес. Маселе башкада: мамлекет аскерий мекемелик чектерден көз каранды болбогон, тез жана ырааттуу аракеттенүүгө жөндөмдүү кесипкөй тоо-куткаруу системасын түзүүгө багыт алууга милдеттүү болуп турат.

Ыкчам кызматтарга кандай реформа зарыл?

Ала-Арчадагы трагедия чукул кырдаалдар кызматтарын жаңылоонун мамлекеттик программасын иштеп чыгууга түрткү бериши керек. Анткени коомдук суроо-талап мына ошол багытка баратат. Мындай программа бир нече принципиалдуу багытты камтууга тийиш.

Адистештирилген тоо-куткаруу корпусун түзүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курамында бийик тоолуу шарттарда иштөөгө даярдалган жана атайын техника менен жабдылган кесипкөй тоо-куткаруу бөлүктөрүн түзүү зарыл.

Алардын даярдыгына альпинизм, музга чыгуу, бийиктикте иштөө, медициналык жардам көрсөтүү, жабыркагандарды эвакуациялоо, навигация жана экстремалдык аба ырайынын шарттарында аракеттенүү көндүмдөрү кириши керек. Бул бөлүктөр үчүн туруктуу күжүрмөн даярдыкты камсыз кылуу зарыл.

Ыкчам кызматтарды кайрадан аттестациялоо

Учурда кызмат өтөп жаткан кызматкерлердин кесиптик жарактуулугуна объективдүү баа берүү зарыл. Физикалык даярдыктын бирдиктүү ченемдерин, милдеттүү медициналык текшерүүлөрдү, психологиялык тестирлөөнү жана практикалык сынактарды киргизүү керек. Аттестациянын жыйынтыктары кадрдык чечимдерге түздөн-түз таасир этиши зарыл. Кызмат ордуна ылайыктуулук бир гана кесиптик сапаттардын негизинде аныкталышы керек.

Башкарууга армиялык принциптерди киргизүү

Ыкчам бөлүктөр катуу тартип, бирдей командалык баш ийүү принциби, жеке жоопкерчилик жана туруктуу күжүрмөн даярдыктын негизинде иштейт.

Ошол эле учурда жарандык куткаруу ишинин өзгөчөлүктөрү сакталууга тийиш. Анткени кырдаалды өз алдынча баалоо жана коопсуздук талаптарын сактоо — куткаруу иштеринин милдеттүү шарттары.

Негизги максат — башкаруудагы туңгуюк-белгисиздикти жана чечим кабыл алуудагы бюрократиялык кечигүүлөрдү жоюу.

Реформаларды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен гана чектөө чоң жаңылыштык болмок.

Анткени сөз жарандардын өмүрүн, ден соолугун жана коопсуздугун коргоого түздөн-түз байланышкан мамлекеттик түзүмдөрдүн бүтүндөй системасы тууралуу болуп жатат.

Алардын катарына өрт өчүрүү кызматы, жарандык коргонуу бөлүктөрү, терроризмге каршы түзүмдөр, тез жардам жана шашылыш медициналык жардам кызматтары, санитардык-эпидемиологиялык кызматтар, чек ара бөлүктөрү, издөө-куткаруу түзүмдөрү жана башка адистештирилген уюмдар кирет.

Алардын ар биринин өзүнө тиешелүү милдеттери, мыйзамдык базасы жана кесиптик талаптары бар. Бардыгын бириктирген жалпы миссия — адамды ар кандай коркунучтардан коргоо. Ошондуктан Кыргызстандагы экстремалдык жана ыкчам кызматтарды реформалоонун мамлекеттик концепциясын иштеп чыгуу зарыл болуп турат.

Анын негизин төмөнкү беш принцип түзүүгө тийиш:

  • Кесипкөйлүк жана үзгүлтүксүз күжүрмөн даярдык.
  • Тартип жана жеке жоопкерчилик.
  • Заманбап технологиялык жабдуу.
  • Мекемелер аралык координациялоо.
  • Адам өмүрүн сактоого артыкчылык берген абсолюттук чечимдер.

Өзгөчө маанилүү маселе — жетекчилерди дайындоо системасын кайра карап чыгуу. Негизги кызматтарда башкаруу тажрыйбасы тастыкталган, тиешелүү билими бар жана экстремалдык операциялардын өзгөчөлүгүн жакшы түшүнгөн адамдар иштеши керек.

Ала-Арчадагы трагедия өзгөрүүлөрдүн башаты болобу?

Бүгүн Кыргызстан туризм тармагын активдүү өнүктүрүп, эл аралык тоо туризми рыногундагы ордун бекемдөөгө умтулууда.

Биздин тоолорубуз, коруктарыбыз, көлдөрүбүз жана капчыгайларыбыз өлкөнүн өнүгүшү үчүн эбегейсиз туристтик мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бирок коопсуздуктун тиешелүү деңгээлин камсыз кылмайынча, бул тармактын туруктуу өнүгүшүнө ишенүү кыйын.

Кыргызстанды тандаган чет өлкөлүк турист өзгөчө кырдаал жаралган учурда мамлекет ага ыкчам жардам көрсөтө аларына ишениши керек.

Бул биздин тоолорго барган, үй-бүлөсү менен саякаттаган, альпинизм менен алектенген жана туристтик жүрүштөргө чыккан жарандарыбызга да бирдей тиешелүү.

Ала-Арчадагы трагедия боюнча тергөө окуянын бардык жагдайларын аныктап, жооптуу адамдардын аракеттерине объективдүү баа берип, кандай уюштуруучулук, техникалык жана кадрдык кемчиликтерди жоюу керектигин так көрсөтүүгө тийиш.

Бирок эң негизгиси — коомчулуктун көңүлү бара-бара башка жакка бурулуп, ал эми система мурдагы бойдон калып калбашы керек.

Кыргызстандын тоолору — улуттук байлыгыбыз, жаратылыш мурасыбыз жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн зор мүмкүнчүлүк. Ошол эле учурда тоолор катачылыкты, даярдыксыз шарт-жагдайды жана кайдыгерликти кечирбеген катаал мүнөзү менен белгилүү.

Экстремалдык кырдаалда кооз отчеттор, жетишкендиктердин жана өткөрүлгөн жыйындардын эч кандай мааниси жок. Мындайда куткаруучунун кесипкөйлүгү, бөлүктүн тез даярдыгы, чечим кабыл алуунун ылдамдыгы жана мамлекеттин адам өмүрүн коргоого жөндөмү гана чечүүчү мааниге ээ.

Ала-Арчадагы трагедия жарандардын коопсуздугу үчүн жооп берген мамлекеттик кызматтардын иштөө философиясын кайра карап чыгууга түрткү бериши зарыл.

Бизге даярдыктын имитациясы эмес, чыныгы күжүрмөн даярдык керек. Формалдуу тартип эмес, кесиптик жоопкерчилик керек. Мекеме аралык атаандаштык эмес, бирдиктүү куткаруу системасы керек.

Анткени башкаруудагы кетирилген катачылыктын баасы текке кеткен сааттар же камырабаган 2 күндүк убакыт менен өлчөнбөйт. Анын баасы адам өмүрү менен барабар.

Эгерде биз чындап эле күчтүү, заманбап жана жоопкерчиликтүү мамлекетти курууну кааласак, адамдардын өмүрүн сактап калууга милдеттүү болгон чукул чара көрүүчү кызматтарды реформалоону бүгүн башташыбыз керек.

Каардуу тоолор каталарды кечирбейт. Мамлекет адам өмүрү кыйылган трагедиялардан улам сабак ала берүүгө укуктуу эмес.