Талаш доордун аякташы: Чек аралардын такталуусу Борбор Азияны кандай өзгөрттү?

Аналитика 5 октябрь 2026 17:00
Талаш доордун аякташы: Чек аралардын такталуусу Борбор Азияны кандай өзгөрттү?

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

2020-жылдын октябрь окуяларынан бери 6 жыл убакыт өттү. Тарых ченеминде бул өтө кыска убакыт. Ошол эле учурда айрым жетишкендиктерди санай турган болсок бул алты жылдык Кыргызстан эле эмес Фергана өрөөнүн стратегиялык өзгөрүүлөргө алып келген мезгил катары тарыхта калары бышык. Сөз ондогон жылдардан бери жүрөктү өйүтүп келген Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек ара көйгөйлөрүнүн чечилиши туурасында болуп жатат. Өлкө лидерлеринин күчтүү саясий эркинин аркасы менен 2026-жылга карата чек ара маселеси толук чечилип, эксперттер белгилегендей чөлкөмдө жаңы интеграциялык моделге жол ачылууда.

Мурунку административдик бөлүштүрүүлөрдөн мураска калган аймактык талаш-тартыштар Кыргызстан үчүн ондогон жылдар бою туруксуздуктун, кагылышуулардын жана сенек экономиканын негизги булагы болгону маалым. Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр татаал, айрым учурларда чыңалуулар менен уланып келди. Кыргызстанда 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин келген жаңы бийлик биринчилерден дал ушул чек ара маселелерин чечүүгө киришкен. Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр 2021-жылдын жазында жанданып, эки жыл ичинде делимитация процесси расмий түрдө аяктаганы жарыяланган.

Ал эми Тажикстан менен тарыхый Мамлекеттик чек ара келишимине 2025-жылы кол коюлду. 2021–2022-жылдардагы кагылышуулардан кийин, эки тарап тең иштөө форматын түп-тамырынан бери өзгөртүп, натыйжада бир пикирге келүү мүмкүн болду. 2025-жыл – мамлекеттик чек ара толук такталып, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү аныкталган тарыхый жыл деп таанылды. Үч мамлекеттин чек араларынын кесилишкен чекитинде Түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюлду. Жаңы айылдар түптөлдү. Белгилер орнотулуп, модернизацияланган өткөрүү пункттары ачылып, соода-экономикалык байланыштар өсүштү көрсөтүп жатат.

Эксперттер чектеги көйлөйлөр үчүнчү жактарды аралаштырбай өз ара чечилгенин, курулай популизмге жол берилбегендигин, экономикалык кызыкчылык чек талаштан жогору коюлганын билгилеп келишет.

Бүгүн чек ара көйгөйлөрүн чечүүнүн таасири эки тараптуу келишимдерден алда канча ашып түштү десек болот. Борбор Азия эбегейсиз геосаясий жана экономикалык дивиденддерди алууда. Биринчиден, Фергана өрөөнүндөгү туруксуздуктун эң кооптуу булагы жок кылынды. Аймактагы тынчтык жана коопсуздук чөлкөмдүн экономикалык потенциалын ачты. Аймак бирдиктүү инвестициялык мейкиндикке айланды. Эл аралык институттардын божомолдоруна ылайык, Борбордук Азия ИДПнын эң жогорку өсүү темптерин көрсөтүп жатат. “Борбор Азия плюс” форматы дүйнөнүн ири каржы борборлорун кызыктырып, чоң каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Бул Борбордук Азияны глобалдык саясаттын бирдиктүү, туруктуу жана динамикалуу өнүгүп жаткан субъектисине айландырды.

Экинчиден, чек араларды тактамайын негизги логистикалык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүн болмок эмес. Стратегиялык Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна жол ачылып, аймакты деңизге чыгууга мүмкүн болбогон туюктан Азия менен Европанын ортосундагы маанилүү транзиттик борборго айландырды. Ошо сыяктуу эле, Камбар-Ата-1 ГЭСи, CASA-1000 сыяктуу энергетикалык долбоорлордун интеграциясы тездеди.

Чек ара тилкелериндеги пикир келишпестиктерден башка максаттарга жана мамилелердин жаңы деңгээлине өтүү оңой болгон жок. Бирок чөлкөмдүн мамлекеттери маселени чече алышты. Жакынкы келечекте картада Европа биримдиги сыяктуу Борбор Азия интеграциясы пайда болушу ыктымал. Бул туурасында Ташкенттеги “Билим кербени” мекемесинин жетекчиси, саясат таануучу, саясий илимдердин доктору Фарход Толипов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

“Мен демаркация процессинин аякташы эбегейсиз жетишкендик, Борбор Азия өлкөлөрү үчүн ийгилик болду деп эсептейм. Көрүнүп тургандай, бул процесс бир топ узакка созулду. 1991-жылы эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери отуз беш жыл өттү. Бул кылымдын үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгы. Акыры, Борбордук Азия аймагындагы мамлекеттер аралык мамилелерге доо кетирген чек араны демаркациялоого байланыштуу бардык көйгөйлөр чечилди. Борбордук Азия мамлекеттери азыр башка максаттарга жана мамилелердин жаңы деңгээлине өтүп жатат.
Чек аралар мындан ары алардын мамилелерин тумандата албайт. Мамлекеттер аралык чек аралар түшүнүгүнө байланыштуу бардык маселелердин чечилиши чек ара мамилелерине оң таасирин тийгизет деп ишенем. Чек ара мамилелери жөнүндө сөз кылганда, биз чек ара соодасын, экономикалык мамилелерди жана эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы адамдардын улутуна карабастан өз ара кыймылын айтып жатабыз. Башкача айтканда, эми чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо аяктагандан кийин, Европа биримдиги сыяктуу ийгиликтүү интеграциядай эле чек аралар акырындык менен өз маанисин жоготот деген ойдобуз.
Башкача айтканда, адамдардын, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын, маалыматтын жана башкалардын кыймылын жеңилдетүү үчүн чек аралардын мааниси азаят. Европада ушундай болду. Европанын эгемендүү, көз карандысыз 28 мамлекети да өз ара чек араларын аныктоонун татаал процессинен өтүшкөн. Кийинчерээк, Европада интеграция процесси башталганда, чек аралар мурдагы маанисин жоготуп, алар жөн гана мамлекеттерди бөлүп турган жана аларды бириктирген сызыктарга айланган. Борбор Азияда ушул сыяктуу нерсени күтсөк болот.
Эгерде биз 10-15 жылдык горизонт менен орто мөөнөттүү келечек жөнүндө сөз кыла турган болсок, интеграция процесси жигердүү улана турган болсо мен Борбордук Азияны анчалык бөлүнгөн эмес, эгемендүү мамлекеттер жана алардын чек аралары боюнча беш бөлүктөгү бирдиктүү карта катары элестетем. Чындыгында, интеграция стратегиялык максат катары эгемендүүлүктүн башында эле коюлган. Ошондон бери 35 жыл өттү жана Борбор Азия өлкөлөрү ийгиликтери жана жетишкендиктери, кыйынчылыктары, ылдамдашы жана басаңдашы, өйдө-ылдыйлары, кризистери жана андан кийинки кадамдары менен өзгөчө жана татаал болгон бир катар этаптардан түштү. Бул табигый процесс.
Бирок интеграциянын максаты, мен айткандай, эгемендүүлүктүн башында эле коюлган. Демек, эгерде Борбор Азия өлкөлөрүнүн саясий эрки Европадагыдай эле Борбордук Азия өлкөлөрүн толук бириктирүүгө багытталса, анда чөлкөмдүн картасы Европаныкына түсөлдөш болот деп ойлойм.
Бул бир жагынан интеграциялык максаттарга кызмат кылуу үчүн мамлекеттерде туруктуу саясий эркти талап кылат. Албетте, коомчулуктун, активисттердин, катардагы адамдардын, саясий партиялардын жана башкалардын кызуу катышуусу зарыл. Бул колдоо жогору жактан келген кыймылды толуктап, Борбордук Азиянын ийгиликтүү интеграциясынын ачкычы болот. Ошондо биз Борбордук Азиянын картасын бириккен аймактын картасы болот деп айта алабыз”, - деди өзбекстандык саясат таануучу Фарход Толипов.

Азыркы достук мамиле келечекте регионде өзүнчө бир экономикалык мейкиндикке айланышы керектигин экономика илимдеринин кандидаты, ОшМУнун Технологиялык паркынын жетекчиси Эрлан Камалов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди. Анын пикиринде чек аранын чечилиши үч өлкөнүн саясий эрки болду жана натыйжа чөлкөмдүн башка мамлекеттери менен алакага таасирин тийгизүүдө.

“Биринчи кезекте, биз бул жараяндарды бир эле Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан арасындагы чек ара маселелеринин чечилиши катары карабашыбыз керек. Жалпы Кыргыз Респбликасынын бардык чек ара маселелеринин чечилиши катары эсептешибиз керек. Учурда чектеш турган мамлекеттердин эч бири менен чек ара боюнча пикир келишпестиктерибиз жок. Бардык маселелер чечилип бүттү, өзүбүздүн чегибизди такташып алдык. Ошол нерсени толугу менен аягына чыгарып жатабыз. Бул абдан жакшы жетишкендик деп ойлойм.
Беш жыл эмес, көптөгөн жылдардан, керек болсо Советтер союзунун учурунан бери чечилбей келген маселелерге акыркы чекит коюлду. Чек арадагы бейкуттук, тынчтык сөзсүз өлкөнү саясий туруктуулукка алып келет. Саясий туруктуулук болгон жерде саясий өсүш сөзсүз болушу керек. Экономиканын мыйзамдары менен тастыкталган нерсе. Ошондуктан бардыгыбыз азыркы учурда Борбор Азия чөлкөмүндөгү, Фергана өрөөнүндөгү кошуналар менен болгон тынчтык, достук, стратегиялык өнөктөштүк мамилелерибиз ички экономикалык процесстерге түздөн-түз таасирин тийгизип жатканын көрүүдөбүз. Себеби, ички жана сырткы инвесторлор биздин экономикага чочулабай өзүнүн салымын кошуп, ошонун негизинде ар бир келген инвестиция өзүнүн мультипликативдүү таасирин көрсөтүп жатат. Бир тармакка салынган акчалар сөзсүз экономиканын башка тармагына оң таасирин тийгизип, жумушчу орундарынын түзүлүшүнө, салыктын көбөйүшүнө, эмгек акынын жогорулашына, социалдык фонддун төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө, атап айтканда, пенсия жана жөлөк пулдардын жогорулашына алып келүүдө. Аны бардыгыбыз сезип жатабыз.
Бул жерде карай турган дагы бир маселе - экономиканын кеңейиши жана анын деңгээли. Эгер мурда аз эле көлөмдөгү, эки миллиард долларга жетпеген мамлекеттик бюджет болсо, азыркы учурда анын көлөмү триллионго жетип жатат. Стабилдүүлүк болгон мамлекеттин бардык тармактарына инвестиция келе берет. Чоң-чоң дүйнөлүк масштабдагы иш-чаралардын Кыргызстанда өтүп жатканы, бизде жана тегерегибиздеги мамлекеттерде тынчтыктын, туруктуулуктун далили катары кабыл алынат.
Чек аранын чечилиши үч өлкөнүн саясий эрки болду. Натыйжа чөлкөмдүн башка мамлекеттери менен алакага да таасирин тийгизүүдө. Азыркы достук мамиле келечекте регионде өзүнчө бир экономикалык мейкиндикке чыгышы зарыл. Рынок, капитал, жумушчу күч, кызматтар тоскоолдуксуз айланган Евробиримдиктин бир моделинде өнүккөн аймакка айланышы керек. Бул бардык мамлекеттер үчүн ыңгайлуу модель болуп эсептелет”, - деди кыргызстандык экономист Эрлан Камалов.