Кыргызстандык жаш адис Нуркыз Бейшеналиева АКШда реабилитациялык медицина тармагында өзүнүн ыкмасын иштеп чыгып, инсульт жана башка неврологиялык оорулардан улам кыймыл функциялары чектелген бейтаптарды калыбына келтирүү боюнча ийгиликтүү иш алып барууда. Учурда ал жеке реабилитациялык борбор ачып, иштеп чыккан жеке ыкмасы эл аралык Cureus журналында жарыяланып, кесиптик коомчулукта чоң кызыгуу жаратты. Бул жана башка жетишкендиктери тууралуу ал “Кабар” агенттигине эксклюзивдүү маек курду.
— Өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз? Кайсы жердин кызы жана кайсы кесиптин ээси болосуз?
— Мен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кабак айылынан болом. Ал жерде орто мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Ала-Тоо эл аралык университетинде билим алып, англис тилинде жогорку медициналык билимге ээ болдум.
Андан соң АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Димас шаарында жайгашкан Life University университетине магистратурага спорттук медицина багыты боюнча тапшырдым. Өткөн жылдын күз айларында аны артыкчылык менен аяктадым. Учурда Жоржия штатынын Атланта шаарында жашайм.
— АКШда реабилитациялык борбор ачкан экенсиз. Бул борбордун ишмердүүлүгү, негизги максаты жана андагы иштериңиз тууралуу айтып берсеңиз.
— Магистратураны аяктагандан кийин жергиликтүү компанияга жумушка орношуп, инсульт алган бейтаптарды калыбына келтирүүчү адис катары иштеп баштагам. Иш тажрыйбамдын жүрүшүндө бир нече ийгиликтүү кейстерим болду. Алардын ичинен өзгөчө эсте калганы 8 жолу инсульт алып, толугу менен кыймылдабай калган бейтап болду. Ал адамдын көзү начар көрүп, кулагы дээрлик укпай калган. Ал биринчи жолу инсульт оорусуна 1997-жылы чалдыгып, дээрлик 30 жыл бою кыйналып жашап келген. Атлантадагы бир катар дарыгерлер анын абалын үмүтсүз деп баалап, дарылоону улантуудан баш тартышкан экен. Мен иштеп чыккан жаңы калыбына келтирүү ыкмасынын негизинде, эки айдын ичинде анын абалында олуттуу оң жылыштар болду. Бейтап өз алдынча баса баштап, мурдагыдай майыптар арабасына көз каранды болбой калды. Кийинчерек ал күнүмдүк иштерин да өз алдынча аткара алган деңгээлге жетти.
Бул окуя мага чоң ишеним берди. Айрыкча, эми узакка созулган инсульт оорусунда да туура реабилитациялык ыкма натыйжа бере аларын түшүндүм. Ошол окуядан кийин өзүмдүн реабилитациялык протоколумду иштеп чыгып, борбор ачуу чечимине келдим.
Практикада көргөнүмдөй, кээ бир адамдар 20 жашында инсульт же башка неврологиялык ооруга кабылып, узак убакыт кыймылсыз же чектелген абалда калышы мүмкүн. Учурда дал ушундай диагноз коюлган бейтаптар менен иш алып барып, алардын жашоо сапатын жакшыртууга аракет кылып келем.

— Мындай борборду келечекте Кыргызстанда да ачуу планыңыз барбы?
— Албетте, бул багытта тажрыйба топтоп, кардарлардын базасын кеңейтип, бейтаптарды мүмкүн болушунча тез калыбына келтирүү ыкмаларын өркүндөтүп алгандан кийин өз мекенимде да мындай борбор ачууну каалайм. Менин билишимче, өлкөбүздө мындай форматтагы реабилитациялык борборлор жокко эсе, бирок жардамга муктаж адамдардын саны абдан көп.
— Сиздин илимий ишиңиз топ ондукка кирген абройлуу журналга жарыяланды деп уктук. Ошол тууралуу да айта кетсеңиз.
— Медицина илимдери жаатындагы эл аралык Cureus журналы дүйнөдөгү маанилүү илимий аянтчалардын бири болуп саналат. Бул журналга макала жарыялоо үчүн изилдөөлөрдүн сапаты, колдонулган ыкмалар жана протоколдор жогорку деңгээлде болушу керек. Ар бир маалымат так, негизделген жана илимий жактан далилденген болушу талап кылынат. Изилдөөчүлөр кээде мындай деңгээлге жетүү үчүн жылдар бою эмгектенишет.
19-май күнү мен иштеп чыккан ыкма "Өнөкөт инсульттан кийинки майыптуулуктагы интенсивдүү жекече реабилитация: функционалдык жыйынтыктар, чарчоону жөнгө салуу жана кеңейтилген нейропластикалуулуктагы мааниси" деген ат менен аталган журналга жарыяланды. Бул мен үчүн маанилүү жетишкендик болду жана кесиптик багытымда чоң мотивация берди.

— Сиздин Американы багынткан ийгиликтериңиз көптөргө шык жана дем берсе керек. Келечекте өз ордун табууну каалаган кыргыз жаштарына кандай кеңештерди берет элеңиз?
— Мектепте окуп жүргөндө Америкага барып, борбор ачам деген оюм болгон эмес. Апам бизди жалгыз чоңойтуп, көп кыйынчылыктарды бирге жеңдик. Бир күндө эки саат гана уктап, билим алып, ошол эле учурда окуу акысын төлөө үчүн иштеп жүрдүм. Бул жол жеңил болбосо да, алдыга койгон максатымдан баш тарткан жокмун. Ошондуктан кайсы тармак болбосун, тынымсыз окуу жана эмгек абдан маанилүү.
Америкадагы абройлуу университеттердин жана бейтапканалардын тажрыйбалуу невролог адистеринин менин иштеп чыккан ыкмамды колдоп, “Биз сиздин фанатыңыз болобуз” деген сөздөрү мага чоң дем-күч берди.
Жөнөкөй айылдан чыккан, орто жашаган үй-бүлөнүн кызы болуп туруп, мен жеткен ийгиликтерге, демек, башкалар да жете алат. Эң негизгиси ишенүү, эмгек кылуу жана багынбоо зарыл.