Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Дүйнөлүк океандын үстүңкү катмарынын орточо температурасы 22-августта 21,1 градуска жетип, спутниктик байкоолор жүргүзүлүп баштаган 1979-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч катталды. Бул тууралуу Copernicus Жерди аралыктан зонддоо жана картографиялоо кызматына таянып ТАСС жазды.
Маалыматка ылайык, буга чейинки рекорд 2024-жылдын март айында катталып, анда океандын орточо температурасы 21,09 градус болгон.
Copernicus адистери жаңы рекорд Дүйнөлүк океандын орточо температурасынын узак мөөнөттүү өсүү тенденциясына туура келерин белгилешти. Буга Тынч океандагы Эль-Ниньо кубулушу да таасир берүүдө.
Климатологдор рекорддун август айында катталганына көңүл бурушууда. Адатта Дүйнөлүк океандын эң жогорку температурасы Түштүк жарым шардагы жай мезгили аяктагандан кийин, март-апрель айларында байкалат.
Адистердин белгилешинче, Эль-Ниньо океанга кошумча жылуулук бергени менен, бул көрүнүш адамдын ишмердүүлүгүнөн улам пайда болгон глобалдык жылуулук менен айкалышууда.