Кыргызстанда автоматташтырылган добуш берүү системасы ишке киргизилгени шайлоо жыйынтыгын бурмалоого чекит коё алды. Азыр мурдагы саясий өнөктүктөрдө айрым талапкерлерге “добуш берилди” деп документтер жасалмаланып, бюллетендерди урнага салып жиберген учурларга жол берилбей калды. Автоматташтырылган система бир адамдан бир гана добушту эсептегени шайлоонун ачык-айкын өткөрүүгө боло турганын көрсөттү. “Кабар” агенттиги Кыргызстанда шайлоолорду таза өткөрүү үчүн маани бериилген негизги артыкчылыктар тууралуу айтып берет.
Өлкөдө келерки жылдын 27-январына президенттик шайлоо дайындалган. Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде шайлоого катышууну каалаган талапкерлер үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн, таза шайлоо өткөрүлөрүн билдирди.

"Баарына жол ачык. Ким барам десе, бара берсин. Биз эч кимди чектебейбиз. Бут тосуу деген болбойт. Шайлоо таптаза өтөт. Парламенттик шайлоодо жарыялабадым беле билесиздер да. Шайлоо укугу элде. Мурда бул укук элге берилчү эмес. Мурда кагаз менен бюллетень санап туруп биринчисиникин экинчисине кошуп коюп туруп эле өткөрүп койчу. Азыр андай жок да. Шайлоо бүткөндөн кийин 10-15 мүнөттүн ичинде жыйынтыгы чыгып калат. Алдыдагы шайлоодо мыйзам кандай болсо, ар бир талапкер шайлоого бара берсин. Мурдагыдай мугалим, дарыгерлерди колдонуу, аларды үгүт иштерине иштегиле деген болбойт. Аны биз убагында иш менен далилдейбиз”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.
Акыркы жалдардагы шайлоолор мурдагылардан кыйла эле таза өткөнү менен айырмаланууда. Буга автоматташтырылган шайлоо системасынын тийгизген пайдасы чоң. Мында добуштардын жыйынтыктарын жасалмалоо өңдүү көрүнүштөргө бөгөт коюлуп, талапкерлерге добуштардын санын так-даана эсептеп берери эң маанилүү артыкчылыктардын бири.
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормоновдун белгилешинче, өлкөдөгү шайлоолордо келбеген кишилердин атынан добуш берүү токтоду.

“Мурда шайлоолордо калып калган бюллетендерди да кошуп салууга мүмкүнчүлүктөр бар болчу. Азыр мындай көрүнүштөр токтоду. Азыр ким добуш берсе, ошолордун гана добушу эсептелип жатат. Жарандардын шайлоолорго катышуусу аз болуп жаткандыктан, мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди. Шайлоо эми дем алыш күнү эмес, шаршемби күнү боло турган болду”, - деди эл өкүлү.
Жогорку Кеңеш “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кабыл алган. Бул өзгөртүүлөр санариптик технологияларды кеңири колдонууга жана шайлоо процессин мындан ары автоматташтырууга укуктук негиз түзгөнүн Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева айтып өттү.

“Автоматташтыруунун негизги артыкчылыгы - шайлоонун тактыгын, ыкчамдыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Шайлоочуларды бирдиктүү эсепке алуу жана идентификациялоо каталарды жана кайталап добуш берүү тобокелдигин азайтат. Маалыматтарды автоматташтырылган тартипте иштеп чыгуу алдын ала жыйынтыктарды тез алууга жана адамдык фактордун таасирин азайтууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, катталган жерине карабастан добуш берүү мүмкүнчүлүгү башка аймакта же чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыз үчүн өзгөчө мааниге ээ”, - деди эл өкүлү.
Кыргызстанда бүгүнкү күндө бир адамдан бир добуш гана эсептелинип жатканын эксперт Ялкун Даутов да белгилейт.
Анын айтымында, мурда шайлоо жыйынтыктарын бурмалап, каалаган талапкерлерди өткөрүп коюу учурлары кездешкени коомчулукка маалым. Шайлоо процессине санариптештирүү киргизилгени мыйзамсыз көрүнүштөрдү жок кылды.

“Автоматташтырылган система пайдаланылып баштагандан бери коррупциялык көрүнүштөр азайды. Алдыдагы президенттик шайлоо таза өтөт деп ойлойм. Канча жаран шайлоого катышса ошончо добуш чыгат. Бул жерде ачык атаандаштык орун алат. Анткени президент Садыр Жапаров айткандай, ким кааласа койсун, эч кандай тоскоолдук болбойт деди. Бул демократиянын белгиси да. Бизде буга чейин эмне үчүн толкундоолор болгон? Анткени шайлоо жыйынтыктары булмаланган. Автоматташтырылган система дүйнөдөгү эң алдыңкы система. Мисалы, Кореяда колдонулган бул тажрыйбаны биз жакшы өздөштүргөнүбүзгө шайлоолорго мониторинг жүргүзгөн топтор жогорку баасын беришти. Биз бул системаны колдонгон бирден-бир мамлекеттердин катарындабыз”, - деди ал.
Добуштарды жасалмалоо маселесине бөгөт коюлгандай эле шайлоолордо админ ресурсту өз кызыкчылыгына пайдаланууга жол берилбей калды. Акимден катардагы мугалимге чейин үгүт иштерине аралашпоо тууралуу эскертүүлөр берилип, кимде-ким мындай аракеттерге барса, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылары белгиленди.

“Мурдагы шайлоолордо бийликтин колу узун эле. Акимдер, депутаттар, мугалим, дарыгерлер, өзгөчө бюджеттик кызматкерлердин баары шайлоолордо чуркачу. Азыр андай жок. Тескерисинче ошондой көрүнүштөр болсо, тапшырма берген да, аны аткарган да киши жумуштан алынат. Бул эмненин белгиси? Бул шайлоону таза өткөрүүгө жасалган иштерден кабар берет. Муну 2021-жылдагы, 2025-жылдагы шайлоолор көрсөттү”, - деп эсептейт Ялкун Даутов.