Президенттик шайлоо: талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо кандай өтөт?

Шайлоо 1 октябрь 2026 10:10
copyright icon БШК

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы президенттик шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо тартибин түшүндүрдү. Ага ылайык, шайлоодо талапкерлер өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен же саясий партия тарабынан көрсөтүлүшү мүмкүн.

Боршайкомдон белгилешкендей, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен талапкер болууну каалаган жаран БШКга тиешелүү арыз, паспорттун көчүрмөсү, жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук, бир катар декларациялар, мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат жана башка документтерди тапшырат.

Ошондой эле талапкердин мамлекеттик жана расмий тилдердеги биографиялык маалыматы жана 3 500 символдон ашпаган шайлоо алдындагы программасы берилүүгө тийиш.

Саясий партия көрсөткөн талапкер да тиешелүү документтерди, анын ичинде партиянын чечиминин протоколун, талапкердин макулдугу тууралуу арызын, партиянын каттоо күбөлүгү менен уставынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тапшырат.

Эки учурда тең талапкердин башка мамлекеттин жараны эместиги, соттуулугу боюнча декларациялар жана мыйзамда каралган башка документтер талап кылынат.

БШК тапшырылган документтерди жана талапкердин мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн текшерип, аны каттоо же каттоодон баш тартуу боюнча чечим кабыл алат.

Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча негизги талаптар тууралуу кеңири маалыматты төмөнкү видеодон көрүүгө болот.