Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин кызмат ордуна талапкер болуу үчүн жаран бир катар талаптарга жооп бериши керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.
Боршайкомдун маалыматына ылайык, президенттикке Кыргызстандын 35 жашка чыккан, чет мамлекеттин жарандыгы жок жараны талапкер боло алат. Ошондой эле талапкер мамлекеттик тилди билүүнүн белгиленген системасы боюнча "ортодон жогору" деңгээлди билиши жана республикада жалпы 15 жылдан кем эмес жашаган болушу керек.
Мындан тышкары, мыйзамда президенттикке талапкер боло албаган адамдардын категориялары белгиленген.
Атап айтканда, соттолгондугу бар, анын ичинде соттолгондугу жоюлган же алып салынган адамдар шайлана албайт. Ошондой эле айрым учурларды кошпогондо, кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган адамдарга талапкер болууга жол берилбейт.
Мындан тышкары, диний ишмерлер диний ишин токтоткондон кийин беш жыл ичинде президенттикке талапкер боло алышпайт.
Боршайком бул талаптар президенттикке талапкерлерди каттоодо эске алынарын белгиледи.