“Каракол” аэропорту биринчи жолу Airbus A320 аба кемесин кабыл алды

Бизнес 26 10 Август 2026 12:30
copyright icon "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын басма сөз кызматы

Бишкек, 10.08.26 /Кабар/. Бүгүн, 10-августта “Каракол” эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин масштабдуу реконструкциялоо иштери аяктагандан кийинки биринчи техникалык каттам аткарылды. Аэропорттун тарыхында биринчи жолу магистралдык класстагы Airbus A320 аба кемеси кабыл алынды.

Техникалык каттам аэропортту туруктуу эл аралык каттамдарды баштоого даярдоонун маанилүү этабы болуу менен, жаңыланган аэродром инфратүзүмү чоң типтеги аба кемелерин кабыл алууга даяр экендигин тастыктады.

Реконструкциянын алкагында “Каракол” эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкеси 2 450 метрден 3 750 метрге чейин узартылды. Ошондой эле, заманбап жарык-белги берүү жабдуулары жана ILS инструменталдык кондуруу системасы орнотулуп, бул аэропорттун эксплуатациялык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтип, учуулардын коопсуздук деңгээлин жогорулатты.

Буга чейин аэродромдун мүмкүнчүлүктөрү негизинен Dash 8 Q400 сыяктуу аймактык аба кемелерин, ошондой эле бизнес-жеттерди жана ушундай мүнөздөмөлөрдөгү башка аба кемелерин кабыл алууга багытталган болсо, реконструкциядан кийин аэропорттун инфратүзүмү Airbus A320 жана Boeing 737 түрүндөгү аба кемелери сыяктуу, кыйла чоңурак типтеги аба кемелерин тейлөөгө мүмкүндүк берет. Кең фюзеляждуу башка типтеги аба кемелерин кабыл алуу мүмкүнчүлүгү алардын конкреттүү эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүнө жана аэродром инфратүзүмүнө коюлган талаптарга жараша аныкталат.

“Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов бүгүнкү окуя, Ысык-Көл облусунун авиация тарыхында жаңы баракты ачып жатканын белгиледи.

“Бүгүн “Каракол” эл аралык аэропорту үчүн чындап эле тарыхый күн. Бул жерге биринчи жолу Airbus A320 аба кемеси конду. Кечээ жакында эле аэропорттун ири аба кемелерин кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болчу. Ал эми бүгүнкү күндө учуп-конуу тилкесинин узундугу 3 750 метрге чейин узартылып, аэродром инфратүзүмү модернизациялангандан кийин биз өнүгүүнүн жаңы баскычына чыктык. Эми “Каракол” эл аралык аэропорт макамына эле эмес, ошондой эле эл аралык каттамдар тармагын өнүктүрүү үчүн реалдуу техникалык мүмкүнчүлүктөргө да ээ болду.

Учурда Россиядан, КМШ өлкөлөрүнөн, Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен жана башка келечектүү рыноктордон жаңы багыттарды ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. Биздин милдет – Караколду Ысык-Көлдүн толук кандуу аба дарбазасына айландыруу жана чет өлкөлүк туристтер үчүн Кыргызстандын негизги туристтик аймактарынын бирине түз жетүү мүмкүнчүлүгүн түзүү.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандык авиациясында болуп жаткан бардык масштабдуу өзгөрүүлөр Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун колдоосу жана жеке демилгеси менен мүмкүн болууда. Аэропорттук инфратүзүмдү жана ата мекендик авиацияны өнүктүрүү мамлекеттик маанилүү артыкчылыктардын бири катары аныкталган. Акыркы жылдары өлкө боюнча аэропортторду куруу жана модернизациялоо иштери таптакыр жаңы ылдамдыкта жүрүп жатканын көрүп жатабыз. Биздин милдет – бул ишти улантуу жана Кыргызстанды бүткүл дүйнө үчүн мындан да жеткиликтүү өлкөгө айландыруу”, – деп белгиледи Манасбек Самидинов.