Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Вашингтондогу Улуттук аллеяда IndyCar жарышы өттү. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Маалыматка ылайык, анда унаалар саатына 285 чакырым ылдамдыкка чейин жүрүштү.
Жарыш Вашингтондо Freedom 250 Grand Prix трассасында 147 айлампадан туруп, жети бурулушту жана таанымал америкалык эстеликтер жайгашкан аралыкты басып өттү. Мелдеш Американын 250 жылдыгына арналып уюштурулду.
Флоридалык Кайл Кирквуд биринчи болуп келип, IndyCar жарышында жеңишке жетишти. Ал чемпионаттын лидери Алекс Палоуну ашып өттү.
Иш-чарага 140 миң адам күбө болду.