Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Казакстан менен Азербайжан биргелешкен интермодалдык жүк терминалын жана “Каспий көпүрөсү” аттуу жаңы транскаспий паром системасын түзүүнү пландаштырууда.
Интермодалдык жүк терминалын жана биргелешкен ишкананы түзүүнүн негизги шарттарын аныктаган макулдашууга «Казакстан темир жолу» улуттук компаниясы менен «Азербайжан темир жолу» ишканасы кол коюшту.
Долбоор Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутуна артыкчылык берүү менен контейнердик жана башка жүк ташууларды өнүктүрүүгө багытталган.
Мындан тышкары, тараптар «Самрук-Казына» ААК менен AZCON Холдингинин ортосунда “Каспий көпүрөсү” аттуу жаңы транскаспий паром системасын түзүүнүн алкагында кызматташуу келишимине кол коюшту. Документ долбоорду даярдоодо жана ишке ашырууда тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн негизги принциптерин жана багыттарын аныктайт.
Эске сала кетсек, 15-октябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Азия өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешинин саммитине катышуу үчүн Бакуга болгон жумушчу сапарынын алкагында кургак жүк ташуучу эки универсалдуу кемени куруу долбоору боюнча документтерди алмашуу аземи болгон. Кемелер Баку кеме куруу заводунда курулат.
2026-жылдын 1-октябрында Казакстандын Транспорт министрлигинин Темир жол жана суу транспорту комитетинин төрагасынын орун басары Касым Тлепов Дүйнөлүк банк тобунун иш-чарасында 2028-жылга чейин Казакстан контейнердик жүк ташуу үчүн сегиз кеме келет деп билдирген. Алардын төртөө Баку кеме куруу заводунда, дагы төртөө Кытайда курулат.