Бишкек, 24.08.26 /Кабар/. Быйыл, 2026-жылы Кыргызстанда Coca-Cola суусундуктарынын өндүрүлүп келе жатканына 30 жыл болду. Бул өлкөбүздөгү эң таанымал бренддердин биринин тарыхындагы маанилүү учур. 1996-жылдын 8-майында Кыргызстанда Anadolu Group компаниясынын курамына кирген Efes Sınai тарабынан Coca-Cola заводу ишке кирген. Бул долбоор өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан кийинки алгачкы ири чет элдик инвестициялардын бири болгон. Үч он жылдыктын ичинде компания алкоголсуз суусундуктарды өндүрүү боюнча алдыңкы ишканалардын бирине айланып, өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келет.

2006-жылы Efes Sınai жана Coca‑Cola İçecek компаниялары бириккен соң ишкана Coca‑Cola İçecek (CCI) компаниясынын курамына өткөн. Түркиянын Anadolu Group холдингине кирген CCI бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 200дөн ашык боттлерлерди бириктирген Coca‑Cola системасынын эң ири боттлерлердин бири болуп эсептелип жана 12 өлкөдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

Бул убакыт аралыгында «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ЖАК (CCI Кыргызстан) рыноктогу позициясын кыйла бекемдеди. Компаниянын продукциялары өлкө боюнча кеңири сунушталып, бүгүнкү күндө миллиондогон кардарларга жеткиликтүү. Компаниянын бренд топтомуна Coca-Cola, Fanta, Sprite, Fuse Tea, Piko, Schweppes жана Bonaqua суусундуктары кирет.
Компания 900дөн ашуун кызматкерди жумуш менен камсыздап, жергиликтүү кадрлардын потенциалын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп келет. Компания негизделгенден бери Кыргызстандын экономикасына багытталган инвестициялардын көлөмү 110 миллион АКШ долларынан ашып, мамлекеттик бюджетке төлөнгөн салыктардын жалпы суммасы 210 миллион АКШ долларынан жогору сумманы түздү.
2025-жылы Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы үчүн компания президент тарабынан «Ардак» ордени менен сыйланган. 2024-жылдан тартып компания Кыргызстандын Ак ниет ишкерлер реестрине киргизилген.
CCI Кыргызстан экологиялык таасирди азайтууга багытталган заманбап чечимдерди киргизип келет. 2026-жылы суу толуктоо долбоорлору аркылуу жаратылышка 467,5 миллион литр суу кайтарылары күтүлүүдө.
Акыркы жылдардагы демилгелер:

- Бишкек шаарында пластик бөтөлкөлөрүн чогултуу үчүн 100дөн ашык контейнер орнотулган.
- 1475тен ашык бак-дарак отургузулду, анын ичинде 300ү 2026-жылы.
- Чүй облусундагы ирригациялык системаны жаңылоо долбоору 220дан ашык дыйкан чарбасын камтып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн 2,5–3 эсеге жогорулатты.

Компания кызматкерлердин кесиптик өсүшүнө өзгөчө маани берет. CCI Кыргызстан Gender Inclusive Language, Women in Leadership, U30+ жана STEM Ayim сыяктуу программаларды жүзөгө ашырат. Компаниянын адилеттүү эмгек акы саясаты эл аралык «Equal Pay Certification» сертификаты менен тастыкталган.